AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Семирип кетсем күйөөм мындай деп оозумду ачты

Семирип кетсем күйөөм мындай деп оозумду ачты

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурман айымыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

«Май, май, май!» Күзгүдөн кебетемди карап алып өзүмө ушинте берчү адат таптым. Төрөттөн кийин 20 килограммга семирдим. Ооба, аз эле убакыт өттү. Бирок, өзүмдү жаңы денеде кабыл алалбай жаттым. 

Балалуу болгондон кийин баары кинодогудай болот десеңер жаңылышасыңар. Күйөөм экөөбүз жашообузду түп тамыры менен өзгөрткөнгө туура келди. Жаңы статус баарын өйдө-ылдый кылып таштады. Эми жашообузду балага карап курмай болдук.

Түнү менен кезектешип бала карайбыз. Ал достору менен жолукса мен таарынам, мен жолуксам ал таарынат. Ооба, уйкудан калган нервдерибиз уруштурат. Анан балабыз бир жылмайып же жалаягын булгап койсо айла жок жарашабыз. Ата-эне болуу оңой эмес экен.

Кийимдерим батпай калганын көрүп ыйлайм. Күйөөмдүн мээсин жейм. «Мурдагыдай болбой калдым э» деп улам сурайм. Мээмде «Семиздерди сүйбөйт, алар сулуу эмес» деген стереотип отуруп калыптыр. Ачуу сөздөрүм менен өзүмдү жей бердим. Акыры күйөөм чекит койду.

Күзгүнүн алдында тургам. Баягы эле сөздөрдү айтып жаткам. Күйөөм баламды бутуна терметип кино көрүп отурган. 

«Жаным, болду бүтүр бул адатыңды. Мен сени сүйөм. Ичиңде болуп жаткан ооруну, кайгыны түшүнөм. Билем, сенин колуңдан баары келет. Баланы эмизип бүтсөң, калыбыңа келип каласың. Бирок, бул мен үчүн маанилүү эмес экенин айтып коеюн. Сен өзүңдү сүйсөң, мен сени сүйөм. Ачуу сөздөрүң менен өзүңдү басынтпа. Сен төрөдүң, чоң иш кылдың. Албетте, төрөттөн кийин салмак кошосуң. Бул нормалдуу эле көрүнүш. Ага кайгырбаш керек. Кел экөөбүз кызыбыздын кылыктарына балкып жашайлы. Майларың кетет. Анын эч нерсеси жок. Элдин пикирин укпа. Кел, жаным, экөөбүз бири-бирибизди арык кезде гана эмес, томпошка болуп тарганда дагы сүйгөнгө үйрөнөлү.»

Күзгүгө карап жылмайдым. Өзүмдү башкача көз караш менен сынадым. Позитивдүү ойлондум эле, баары башкача боло түштү. Күйөөмдүн жанына чуркап барып жатып алдым. Чекемден өөп, өзүнө тартты. Кызым көзүн ачты. Экөөбүз  «ким турду» деп үстүнө үйрүлдүк.

Өзүмдү кандай болсом ошондой сүйгөнгө үйрөндүм! Толук адамдарга айтылган элдин сөзүн укпагыла! Жыргап жашагыла! Ар түрдүү денелер болот, аны кабыл алуу керек! Жашоо бир келет. Андыктан, жаранамаларга ишенбей өзүңөрдү сүйгүлө, эч качан мага окшоп жаман сөз айтпагыла.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Кайын энем "ушул жашка чыгып биринчи жолу көлгө келдим" деп ыйлады

Кайын энем "ушул жашка чыгып биринчи жолу көлгө келдим" деп ыйлады

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.