AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Орус кемпирдин кызым экөөбүзгө жасаган жакшылыгын өмүр бою унутпайм

Орус кемпирдин кызым экөөбүзгө жасаган жакшылыгын өмүр бою унутпайм

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Үчүнчү курста окуп жүргөндө айылдаш бир жигит ала качып кетти. Отурбай ызы-чуу салдым. Шайлары калбай калганда ата-энеме кабар беришти.

— Кетем!

— Жакшы эле жердей көрүнөт.

— Окумду бүтүшүм керек!

— Эл эмне дейт? Эртең айылга сөз болобуз! Жоолукту салынып унчукпай отур!

Ошентип ата-энем келсе алып кетет деген үмүтүм жалп өчтү.

“Кабагы ачылбаган неме экен”,-деп кайын энем жактырбайт. Күйөөм “сен мени чангансың” деген шылтоосу менен кол көтөрөт. Чүнчүп аябай арыктап кеттим. Бир-эки жолу ата-энеме барып арыздандым. Колдоп койгондун ордуна, “эми сенин үйүң ошол” дешти.

Кыз төрөдүм. Төрөт оор болду. Кан көп кетип бир жумадан ашык бейтапканада жаттым. “Выпискага” күйөөм келген жок. Жулкулдатып кайын энем алып чыгып кетти. Үйгө келсем күйөөм ичип, эс-учун жоготуп жатыптыр.

Жолдошумдун токмогуна чыдай албай, кызыма үч ай болгондо үйдөн чыгып кеттим. Ата-энемдикине барган жокмун. Кайын-журтума кайра жеткирип беришмек. Ал учурда көпчүлүк студенттер орус кемпирлердин үйүнө батирге чыгат эле. Жанымда бир аз бекиткен тыйыным бар болчу. Ошентип, мен дагы “тётя Оля» деген кичинекей орус кемпирдин квартиранты болдум.

Аялымдын калыңына берген 165 миң сом, 1 торпок жана 20 коюмду кайтарсам болобу?

Эки айдан бери батирдин акчасын бере элекмин. Иштейин десем, колумда кичинекей кызым бар. Тамак-аш дагы калбай калды. Эмне кылышты билбей кыжаалат болуп жүргөндө, “тётя Оля» бөлмөмө кирип келди. “Жамалка, балаңды мен багып берейин, үйдө бош эле отурам. Сен жумуш таап иште, окууңду калыбына келтир, бутуңа тур. Сага болгон жардамым ушул болсун. Кандай дейсиң?”

“Кызым эмне болду экен?”,- деп, жумуштан чыгып алып үйгө чуркайм. Келсем мойтойуп уктап жаткан болот. Курсагы ток, алды таза, жалаяктары жуулуп сыртта жайылып турат. 

Билинбей күндөр өтө берди. Бир күнү жумуштан келсем, “тётя” Оля ыйлап отуруптур. Эмне болгонун сурасам, Москвадагы кызы апасын алып кеткени келаткан имиш. Бул кабарды угуп алып мен ыйладым. “Өзүңө жакшы кара, окууңду бүтүр”,-деп, кызымды бетинен өөп орус жергесине биротоло кетти. Бул учурда кызым чоңоюп бала бакчага бара баштаган эле. 

Азыр менде баары сонун. Тигүү цехим бар. Кызым 5-класс болуп калды. Жакында жаңы үйгө көчүп кирдик. Эгер “тётя Оля» болбосо, ушунун баарына жетет белем же жокпу эч ким билбейт. Кичинекей орус кемпирдин кызым экөөбүзгө жасаган жакшылыгын өмүр бою унутпайм.

Баса, кийин “тётя Оляны» көп издедим, бирок таппай койдум. Угушума караганда Мосвадан каза болуптур.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт. Каармандардын аты өзгөртүлдү. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Атам «тур, үйүңө жөнө» десе, апам “келиниме сүйлөбө» дейт

Кайын энем “эмне ыйлайсың, төрөбөй жүргөн сен эле бекен” деп көзүмдү ачты

Ооруп төшөккө жатып калгандан кийин кайын энемдин ким экенин билдим

Кышында да эшикке жуунасыңарбы деп кошунабыз каткырып шылдыңдады

Нанга жетпей отурсак, туугандар пардаңар кантет деп сынап кетишчү

Күйөөмө жатыным жок экенин айтсам, берген жообу таң калтырды

Апамды 10 баласы менен таштап кеткен атам бутубузга турганда кайтып келди

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Мага көз күйдүргөн жигит эмес

Мага көз күйдүргөн жигит эмес, ата болгон жакты

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.