AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Өз баламды күйөөм катары көрүп

Өз баламды күйөөм катары көрүп, аз жерден бүлөсүн бузуп ала жаздадым

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Бул баянды жазсамбы же жокпу деп көпкө ойлондум. Бирок, айланамдагы курбуларым дагы мага окшош экенин, эң өкүнүчтүүсү өзгөргүлөрү келбей турганын билип, акыры жазууну туура көрдүм. Мага окшоп баласына күйөөсүнүн милдетин жүктөп койгон энелер толтура болуш керек.

Мен уулумду жалгыз тарбияладым. Күйөөмөн жарытарлык жылуулук, мээрим алалбай, акыры ажырашып тынганбыз. Ажырашканда дагы күйөөмдү унута албадым, ага болгон нааразычылыгым өтө катуу эле. Андан кийин турмушка чыкпадым. Күйөөмөн ала албаган көңүл бөлүүнү уулуман талап кыла баштадым.

Балама бүт өмүрүмдү арнадым. өз жашоомду унутуп, анынын жашоосу менен гана жашап калдым. Балам өз алдынча адам экенин унуттум. Ага чаң жугузбай чоңойттум. Болгон кружокторго алып барып, өзүм каалаган окуу жайга тапшырттым. Курбуларым менен жолукканда баламды эле сүйлөп отурчумун. Бир жолу курбум «ай токтотчу, балам эле дейсиң, өзүң жөнүндө айтчы» дегенде эмне дешти билбей калдым. Акыры курбуларым мени менен жолукпай калды. Мен аларга кызыксыз элем. Убагында таарындым, кийин гана катамды билдим.

Балам бой жетип менден алыстай баштады. Анан ага саат сайын жазып, чалып, кайда жүргөнүн сурай баштадым. Калп эле мага көңүл бурсун деп оорумуш болдум. Болушунча таарынып, кыялымды көрсөтүп, ага эркелей баштадым.

Бир кыз менен сүйлөшө баштаганын айтканда кадимкидей кызгандым. Анда дагы акылыма туура эмес кылып жатканым кирбеди. Ал кызды жамандап, ага татыктуу эмес экенин айтып, ага мен гана күйөт экенимди айтып сайрап, ыйлап, кыялымды көрсөттүм. Өзүмөн уялам.

Үйлөндү. Тынч жашатпадым. Күн сайын чалам. Келинге көргүлүктү көрсөтөм. Баягы уулум жок. Бактысыз болуп эки ортодо кыйналды. Жашоосун тозокко айланттым. Иче баштады. Мен ошондо ойлондум. 

Билбейм эмне болду, бирок уулумду кое бердим. Мурда эле ошентишим керек эле. Отуздан ашканда гана кое бердим. Келиним менен талашпай калдым. Мен баары бир апасы бойдон калам. Уулумду бактысыз кылгым келбеди. Үйдөн кубалай баштадым. Мен өз жашоомду кургум келди. Баштан баштаган кеч эмес дечү беле…

Шаарда 500 сомго турлар бар экен. Дем алыш күндөрү ошолор менен чыга турган болдум. Тоого чыгып, эс алып, ар нерсени ойлонуп келем. Кээде неберелерим менен паркка барабыз. Уулум менен келинимди эс алып келгиле деп балдарын алып калам. Баса, мен курактуулар үчүн бий курстары дагы бар экен. Ал жактан досторду таптым. Азыр алар менен чогуу тоого чыгабыз. Баары бир учурда мага окшоп ката кетиргендер экен, алар дагы эми ойлонуп жатышат.

Менин айтарым, балдарыңарды бүт жашооңор кылбагыла. Алар өз алдынча адам болсун. Силерди баары бир жакшы көрөт. Ата-энеси бойдон каласыңар. Кое бергиле, турмушуна аралашпагыла. Жаңылса сабак болот, ийгиликке жетсе дагы сабак болот. Өз арабаларын тартсын. Силердин кеңеш аларга керек эмес. Жөн гана сүйгүлө. Өз жашооңорду кургула. Баланын жашоосу менен жашабагыла. Өздөрү эмне кылышты билет. Өзүңөр жашагыла. Болбосо кийин катуу өкүнөсүңөр. Мээнетимди баалабады деп курмандык болосуңар. Жашоо бир келет. Силер өзүнчө адамсыңар, балаңарга тийишпегиле. Мына менин балам эми бактылуу. Аны көрүп мен бактылуу. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

17 ноября, 2025
3.2k

Коммуникация - адамдын жашоосунун бардык тармактарынын негизи болуп саналат. Заманбап дүйнөдө "коммуникация" түшүнүгү ар кандай чечмеленет, бирок акыр-аягы барып бул адамдардын ортосундагы маалымат алмашуу процесси экенине алып келет. Психолог Елена...

Кийинки макала
Бел суу эрте түшкөн мырзалар сөзсүз муну билиш керек

Бел суу эрте түшкөн мырзалар сөзсүз муну билиш керек

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.