AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Өмүрү айылдан чыкпаган апамды эс алууга алып барсам каза болуп калды

Өмүрү айылдан чыкпаган апамды эс алууга алып барсам каза болуп калды

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

«Айылдан жакшынакай болуп учуп келген»

Апакем ай… Кызыңды кечир! Мен сага жамандык каалаган эмесмин. Мындай болуп кетээрин билсем, айылдан чыгарбайт элем.

Өзүм Туркияда жашайм. Жакында үй сатып алдым. Бутума тургандан кийин апамды эс алып кетсин деп жаныма чакырдым. Анан…

Айылдан жакшынакай болуп учуп келген. Эки жума сонун эс алды: кооз жерлерди көрсөттүм, ресторандарга барып тамактандык, сүрөткө түштүк ж.б. 

Грипп болуп ооруп көзү өтүп кетти.

Дары берип үйдөн карап жаттым. Абалы курчуп кеткенде бейтапканага алып бардым. Дарыгерлер кеч болуп калганын айтышты. Апааа! Жаш кетти. Айылдан эч жакка чыккан эмес.

Алып келбей эле койсом болмок экен. Эртерээк дарыгерге көрсөтсөм болмок экен. Кайдагыны баштабай жөн эле отурсам болмок экен. Өкүнүчтөр жеп койду. Өзүмдү күнөөлүү сезип жатам. Депрессияга батып баратам. Мага кеңеш бергилечи!

Адис кеңеш берет

Тамара Воронцова, психолог

Сизге терең кайгыруу менен көңүл айтам! Кандай гана кырдаал болбосун жакындары каза болгондо, туугандары ар дайым өздөрүн күнөөлөйт. Эгер апаңызды чакырбасаңыз, ал өз мекенинде көз жумат эле, анан сиз аны саякаттатып, жер көрсөтпөй калганыңыз үчүн өзүңүздү күнөөлөмөксүз.

Учурда коронавирус жер планетасынын бардык аймактарында жайылып жатат. Кыргызстанда дагы пайда болду. Апаңыз ар кайсы жерде ооруп калмак. Тагдыр ушундай. Сиздин күнөөңүз жок. 

Апаңыз кандай гана бактылуу болгонун эстеңиз — саякаттады, үйүңүздү көрдү жана башка көптөгөн таасирлерге ээ болду. Узап кеткенге чейин сизден бир топ позитив алды. Ал чынында бактылуу болду! А бирок бул сонун нерселерди көрбөй да калмак. Апаңыздын бактылуу жана ыраазы болгон элесин эстеп жүрүңүз. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Шаардык келинибиздин кетмен көтөрүп суу буруп жүргөнүн көрүп оозубуз ачылды

Кайын энем “мага кызмат кылганы келдиң беле” деп урушту

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
"Айыл Банктан" лизинге техника жана жабдууларды алуу шарттары

"Айыл Банктан" лизинге техника жана жабдууларды алуу шарттары

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.