AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Мурунку аялыңыз же күйөөңүз балдарды көрсөтпөй жатса

Мурунку аялыңыз же күйөөңүз балдарды көрсөтпөй жатса, бул нерсени кылыңыз

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Ажырашкандан кийин жубайлардын бири балдары менен бирге болууга, ал эми экинчиси — сот тарабынан аныкталган убакта балдарына барып турууга укук алат. Бирок көбүнчө жубайлардын бири балдарын көрүүгө тыюу салат. «Адилет» юридикалык клиникасынын юристи Тимур Султанов сайтына мындай кырдаалда эмне кылыш керектигин айтып берди.

Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 71-беренесинин 1 бөлүгүндө: «Баласынан өзүнчө жашаган ата-эне бала менен баарлашууга, аны тарбиялоого жана багууга катышууга, баланы окутуу маселелерин чечүүгө укуктуу» деп жазылган.

Ушул эле беренеде бала менен жашаган ата-эне баланын экинчи ата-энеси менен баарлашуусуна тоскоолдук кылбашы керек, эгерде мындай баарлашуу баланын физикалык жана психикалык саламаттыгына, анын моралдык жактан өсүп-өнүгүүсүнө зыян келтирбесе деп жазылган.

Айтылуу берененин 2-бөлүгүнө ылайык: Ата-эне баладан өзүнчө жашаган ата-эне менен ата-энелик укуктарды ишке ашыруунун тартиби жөнүндө жазуу жүзүндө келишим түзүүгө укуктуу.

Эгерде ата-энелер макулдаша албаса, талаш-тартыш ата-энелердин (алардын биринин) арызы боюнча, баланын кызыкчылыгын эске алуу менен балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн катышуусу менен сот тарабынан чечилет.

Эгерде бала жашаган ата-эне баланын башка ата-энеси менен баарлашуусуна тоскоол болсо, анда ал ата-эне бала жашаган ата-энесинин жашаган жери боюнча сотко доо арыз менен кайрылат.

Эгерде жогорудагы аракеттер жардам бербесе, анда көйгөйдү чечүүнүн бир жолу — сотко кайрылуу. Бул үчүн юрист жалдоо керек.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Ажырашуудан кийин депрессияга кантип түшпөш керек? Сонун кеңештер

Эркектин бул 5 түрүнө күйөөгө тиерден мурун жакшылап ойлонуңуз

Сүйгөнү таштап кеткендер бул 6 кеңешти укса, жараты бат айыгат

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Апамды 10 баласы менен таштаган атам бутубузга турганда кайтып келди

Апамды 10 баласы менен таштаган атам бутубузга турганда кайтып келди

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.