AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Мени сүйгөн классташымдын аялын көрүп бир маанилүү нерсени түшүндүм

Мени сүйгөн классташымдын аялын көрүп бир маанилүү нерсени түшүндүм

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Башкалар үчүн кандай болду билбейм, а мен үчүн өкүнүч болуп калды. 20 жылдык жолугушуу. Бой көтөргөн, жакшы окуган, алдыңкы орунда отурган кыз элем. А классташ бала, жүдөө кийинген, дайым кечигип келип сабактары калтырчу. Көп бир тууган болгону үчүнбү жетишпей кир кийим кийип жүрчү беле? Бирок анын жан дүйнөсү, жүрөгү таза экенин кечээ гана билдим го чиркин. Мага деген тунук махабатын билсем да бой көтөрүп койдум.
 
Кыялданып жүрүп шаарда окуп, шаардык балага тийип, шаарда жашап калдым. Жолдошум экөөбүз бир жерде чогуу иштеп жүрүп таанышканбыз. Ал да текебер болуп чыкты. Угушума караганда сүйлөшкөн кызын апасы жактырбай мага апабыздын гана айтуусу боюнча үйлөнгөн экен. Кызы да өчөшүп чет жака учуп кеткен экен. Өзү узатып салып келгенин, коштошуп жатып шолоктоп ыйлаганын, бөлмөсүнөн чыкпай канча күн жатканын ачык эле айтып берди мага. Түшүнүп туура кабыл алдым. Бирок алтындай апабыз чын эле алтын адам. Баласына туура кеп-сөз айтыптыр: Сүйүү жок нерсе, сүйүү адамды сокур кылат, мен атаңды катуу сүйгөм. «Сен курсагымда кезинде таштап кетти, бирок сендей акылуу, иштерман, мээнеткеч баланы таптым» деп айта берет.

 
Жолугушуу үчүн апам өзү ээрчитип барып көйнөк тандап берди, чачымды да өзү жактыргандай жасаттырды. Апакем ай, баласынын көңүлү жок экенин билип турса бизге данакер болуп, жалгыз баласынан бактысын өйдө койгон аял.
 
Кечээ ошол классташ баланы аялы менен көрдүм, аялы өзүнчө куурчак. Жаш дагы экен. Тим эле сыйлап көзүн карайт. Чайына кант салып берип. Мен ошондо гана аялдык бактым жок экенин билдим. Кудай мага бардык нерсени бергени менен ушу жактан кем кылганын ошо күнү билдим. Эркектин мээрими, камкордугу кандай кымбат экенин билдим. Көзүмдөн жаш эмес, жүрөгүмдөн кан агып ыйлап отурдум. Ичим өрттөнүп отурдум.
 
Жолдошум деле жаман бала эмес, баарын камсыз кылат, табат. Бирок мага эркектик мээримин төгүп карабайт экенин билдим. Ушу группада эже сиңдилер, бир гана силерден сурап билейинчи. Ажырашууга кадам таштайынбыже жылуу уямды сактайынбы? Же классташ балама барып «кечир кадырыңды кеч билдим» дейинби?
 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Пол жуугандын ордуна башымды жууп баштагандан бери жашоом өзгөрдү

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234
admin

admin

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Күйөөмдүн бул сүрөтүн ватсабыма койгонума өкүнүп кетем

Күйөөмдүн бул сүрөтүн ватсабыма койгонума өкүнүп кетем

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.