Саламатсызбы. Азыр 25 жаштамын. 19 жашымда 20дагы балага турмушка чыккам. Баш кошкондон кийин эле достору менен ичип, керээлден кечке интернет клубда отуруп, үйдүн жанында нарды ойночу. Иштебейсиңби, десем мени жаман көрчү. Бир бөлмөдө кайын энем, кайын агам, жана күйөөм экөөбүз болуп төрт киши жашайбыз.
Бардыгыбызды кайын энем багат. Мен ага бир аз болсо да жардам берейин деп, экөөлөп жашаган жерибиздин биринчи кабатын жууйбуз. Бозо жасап, дүкөндөргө алып барып өткөрөбүз. Күйөөм, “мен жокто пол жууп, мен жокто бозо ташы, досторумдун көзүнчө уят кылып жатасың!” – деп урушат. Боюмда болгондуктан сөз көтөрө албай, ар нерсеге ызаланып ыйлай берчү элем. Бирок мени кучактап, өпкүлөп, жакшы көрөм деп койсо эле, баарын унутуп калчумун.
Кийин кыздуу болдук. Күйөөмдү оңолуп кетээр деп үмүттөндүм. Бирок андай болгон жок. Төрөгөндөн кийин тыңып алайын деп ата-энемдикине кетсем, ошол мезгилде башка кыздар менен 15 күн көлгө эс алганы кетиптир.
Экөөбүздүн жолубуз башка окшойт, ажырашалы деп, биротоло кетип калдым. Эки күндөн кийин эле башка кыз менен кол кармашып, жетелешип жүргөнүн көрдүм. Бир четинен туура эле чечим чыгарыптырмын дедим, бирок жүрөгүм ооруду.
Эки жылдан кийин мен да турмушка чыктым. Кызымды апам алып калды. Азыркы жолдошум жакшы, көзүмдү карап турат, кызыма ай сайын акча салат, менин кызым, деп эркелетип жакшы көрөт.
Азыркы күнгө чейин биринчи күйөөмдү эстей берем. Кызын бир да жолу сурап койгон жок. Аны кантип оюман жоготом? Канткенде эстебей калам?







