AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Мен тааныбаган эркек киши мага деп күйөөмө бир койдун этин таштап кетиптир

Мен тааныбаган эркек киши мага деп күйөөмө бир койдун этин таштап кетиптир

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Жумуштан чарчап келдим. Бүгүн сессия башталган. Студенттер толтура. Алар менен кечке жүрдүм. Тамак ичкенге дагы жетишпедим. Үйгө барсам эле уктайм деп келгем, бирок күйөөм ачууланып тосуп алды.

Столдун үстүндө бир чоң койдун эти турат. Жиликтерге бөлүнбөй, кандай болсо ошондой боюнча бүтүн экен. Анын жанында жыйырмадай нан, коробкаларда кургатылган мөмө-жемиштер, боорсоктор турат.

— Бул кимден?

— Мен сенден сурайын деп жатам. Бир эркек киши келип сага берип коюшумду айтты. Ким ал?

— А мен кайдан билем? 

— Башка айымдар гүл алса, сен пайдалуураак алат экенсиң бирок… (күлүп)

— Ачуума тийбечи, чарчап турам.

Бирөө-жарым чалабы деп түнгө чейин күтүп отурдук. Эт жыттана баштады. 

Атайын арендага деп чоң муздаткыч алып келип, этти салдык. Балким адашып таштап кетишти, алып кетишсе уят. Дос-туугандарга чалсак бири дагы билбейт экен.

Андан бери бир жума өттү. Жумушта отургам. Бир номер чалды. Дароо эле «мени тааныдыңбы» деди. Кайдагы бир эркек киши. 

— Кимсиз?

— Этти алдыңарбы?

— Ооба, адашып калдыңар окшойт. Алып кетесиңерби?

— Ал силерге. Кызымды окууга өткөргөнгө жардам бергениңиз чоң рахмат.

— Кайсы кызыңыз?

— Жамиля. Апей, унутуп калдыңарбы?

Эстедим. Былтыр бир номер чалып, кызы шаарга баратканын, шаарды билбей турганын, тосуп алып, экзаменге киргизип коюшумду суранып, телефонду коюп койгон. 

Жөн отура албай, вокзалга барып, ал кызды таап, университетке алып келип, экзаменине киргизип, кайра чыгарып, айылына салып жибергем. Ким экенин деле сураган эмесмин. Жумуш көп болчу. Көрсө атасы мага адашып чалган болчу экен.

Таптакыр эле тааныбаган адамдар болуп чыкты. Көрсө телефонду туура эмес терип алыптыр. Башка мугалим менен сүйлөшүшмөк экен. Кызы университетке эмес колледже окумак экен, азыр минтип чоң окуу жайда окуп жүрөт. 

Тиги киши буларды айтып берип жатып боору эзилип калды. Мен дагы кечке күлдүм. Бирөөгө жакшылык кылдым эле, минтип акыбетин алып отурам. Сүйлөшүп бүтүп дароо күйөөмө чалдым.

— Алло?

— Этти аса бер, бизге экен.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

 

 

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Швейцарияда окуп жаткан мекендешибиз мотивациялык кат жазуу боюнча айтып берди

Швейцарияда окуп жаткан мекендешибиз мотивациялык кат жазуу боюнча айтып берди

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.