AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
«Мен саясатка кызыкпайм» - бул фразанын эмнеси туура эмес

«Мен саясатка кызыкпайм» — бул фразанын эмнеси туура эмес

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Кыргызстандыктар жетиштүү деңгээлде саясатташкан улут болуп эсептелет, айрыкча Борбор Азия чөлкөмүндө. 2020-жылдан кийин өлкө демократия индекси боюнча артка кеткенине карабай, Кыргызстан дагы деле Бобор Азиядагы эң демократиялуу өлкө болуп саналат.

Коңшуларга салыштырмалуу бизде саясий жана жарандык эркиндик эң жогорку деңгээлде. Бирок, тилекке каршы биз эркиндик боюнча рейтингде өз позициябыздан төмөндөп бара жатабыз. 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча демократия индексинде биздин өлкө “авторитаризмге жакындап бараткан өлкө” деп аталды. Эгер сиздин оюңузга “дагы баягы саясатпы” деген ой келип, биздин лентаны андан ары барактагыңыз келбей калса, бир саамга токтоп, биздин карточкаларды окуп чыгыңыз.

«Мен саясаттан алысмын» — Украинадагы согуштан кийин бул мем болуп калды. Бул фразанын жардамы менен адамдар, негизинен орусиялыктар аскердик аракеттер жөнүндөгү маалыматты көңүл сыртында калтырууга аракет кылышат. Бүгүн биз “Мен саясаттан алысмын” деген фразанын эмнеси туура эмес экенин жана кандайча биз баарыбыз “саясатта” экенибизди түшүндүрүп беребиз.

Медиа чөйрөсүндөгү адамдар, башкалар да, азыр өз социалдык тармактарында саясий темаларды чагылдырбаганга аракет кылышат. Селебрити жана шоу-бизнес жылдыздарынын мындай позициясы алардын катталуучуларынын арасында каршылашкан эки тараптын тең өкулдөрү болуп калышы мүмкүн экени менен тушүндүрөт. Бул учурда алардын постторуна карата комментарийлерде талаштар, кемсинтүулөр башталат. Көптөгөн катталуучулар инфлуэнсердин саясий көз карашына макул эмес болгондуктан кетип калышат. Катталуучулар аз болсо, демек киреше да аз. Ушундан улам көптөрүндө “мен саясаттан алысмын” деген позиция пайда болот. 

национализм ≠ национализм

Бул элементардык экономика, бирок биздин жашообузда бардык жерде саясат. Демек, “саясаттан алыс болуу” коомдук жашоого, бийликтин чечимдерине таасир этпөө, өз пикиринди билдирбөө дегенди тушүндүрөт. Саясатка ашыкча кийлигишүүгө карата терс мамилени кимдер жаратат, албетте,өз саясатына байланыштуу көп суроолордун берилишин каалабагандар, башкача айтканда, бийлик өкүлдөрү. 

Кызык нерсе: коомдун ашыкча саясатташып кеткени туурасында көп учурда бийликте отургандар айтышат. Дээрлик бардык президенттер кыргызстандыктардын ашыкча саясатташып кеткенин айтышкан. Садыр Жапаров, мисалы, өткөн жылы күзүндө бейөкмөт уюмдар Кыргызстанда өтө эле саясатташкан деп айткан.

Бирок көп учурда бийлик өкүлдөрү саясатташкан деп көп суроо берген жана өлкөдөгү маселелерди чечүүнү талап кылган жарандарды же жарандардын тобун айтышат. Ошентип, жарандар чечүүнү талап кылган бардык маселени саясатташкан деп айтып койсо болот. Мисалы, биз дем алып жатканын абанын сапаты, же cабак учурунда урап калган мектептердин абалы.

Мен кантип саясатка таасир эте алам:

  • шайлоолорго акча үчүн эмес, талапкерлер эмнени сунуштап жатканын жана, эң башкысы буга чейин эмне иштерди жасаганын жакшылап изилдеп алып баруу
  • активдүү болуудан жана өз пикириңди активдүу билдирүүдөн коркпоо жана уялбоо. “Саясаттан алысмын” концепциясы бийлик үчун абдан ыңгайлуу, ушундай жол менен алар “кыңк” этпеген элди өстүрүшөт. Ал эми үн катпагандык колдоонун белгиси катары көрүнөт. Жогорку Кеңеште кандай мызамдар кабыл алынып жатканына көз салуу, алардын ар бирибизге таасир этээрин тушүнүү. Мисалы, силердин сөз эркиндигиңерди кылмыш жоопкерчилигине чейин чектеп коюшу мүмкүн.
  • Өз укугуңду билүү жана коргоо. Ар бирибиздин укугубуз бар, эгер өзүбүз аларды коргобосок, дагы ким коргойт?

Дагы бир жолу Украинадагы согуш жөнүндө

Нормалдуу демократиялык өлкөдө жарандар бир гана ички саясий процесстерге кызыкпастан, геосясатка да аралашат. Мындай коомдордо өлкөдө жана дүйнөдө эмне болуп жатканы ачык талкууланып, адамдар өз позицияларын ачык билдирүү үчүн колдоо же каршылык акцияларына чыгышат. Бул коомдун жетилгендигинен кабар берет, алар дүйнөлүк саясаттагы өз ордун тушүнөт. Бул аракеттери аркылуу улут бийликке геосаясат багытын көрсөтөт. Ал эми бийлик муну дүйнөлүк аренада билдирет. Эл аралык коомчулуктардын үнү абдан маанилүү, ал эми бул болсо, менин, сенин, ар бирибиздин үнүбүз. Саясат — уят эмес, андан биздин жашоо сапатыбыз көз каранды.  Андыктан, саясатта бол!

Бул жерден башка макалаларды окуңуз:

национализм ≠ национализм

“Сегиз жыл кайда жүрдүңөр эле?!”

Баары биз ойлогондой эмес

Белгилер: Укугуңду бил
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

17 ноября, 2025
3.2k

Коммуникация - адамдын жашоосунун бардык тармактарынын негизи болуп саналат. Заманбап дүйнөдө "коммуникация" түшүнүгү ар кандай чечмеленет, бирок акыр-аягы барып бул адамдардын ортосундагы маалымат алмашуу процесси экенине алып келет. Психолог Елена...

Кийинки макала
Бул 6 себеп эркектердин чачы эмнеге түшөрүн билдирет

Бул 6 себеп эркектердин чачы эмнеге түшөрүн билдирет

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.