AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Манкурттар жана орускулдар

Манкурттар жана орускулдар

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Азыр социалдык тармактарда “маңкурт”, “орускул” деген сөздөрдү көп кездештирүүгө болот. Бул айрыкча Путиндин согуштук саясатын жактаган же болбосо “Россияга эле кошулуп кетели” деген маанайды жайылткан адамдарга карата колдонулат. Маңкурт жана орускулдар кимдер? Бул эмне болгон түшүнүктөр жана кайдан келип чыккан? Чечемелейбиз.

Бул эки терминдин тең автору Чыңгыз Айтматов. Маңкурт “Кылым каарытар бир күн” романындагы каарман болсо, орускул — “Ак кеме” чыгармасындагы Орозкул.

“Сенин атың Дөнөнбай”

“Кылым каарытар бир күн” романын өзөгү — бул Эне-Бейит уламыш жана андагы ата-тегин, ал турсун өз атын унуткан Дөнөнбайдын образы. Душмандардын колуна түшкөн Дөнөнбай акыл-эс, эс тутумунан ажыратылып, акыр түбү душмандын буйругу менен өз энесин өлтүрүп тынат. Романда Дөнөнбайдын образы эс тутумдан ажырап, соңунда эл-жерин, тилин, тарыхын, ал турсун өз атын чанып калган тотолитардык советтик системанын курмандыктарын жана кулдарын сүрөттөйт.

Эне-Бейит уламышындагы Найман эненин уулу Дөнөнбай жуан-жуандардын туткунуна түшүп, анын башына шири кийгизүү менен акыл-эсинен ажыратылган маңкурт болсо, советтик системанын маңкурттары илим-билимди жамынган пропоганданын курмандыктары.

Бул советтер союзунун бардык колонияларына таандык көрүнүш болгондуктан, “маңкурт” түшүнүгү кыргыз-казактын чегинен чыгып, бүтүндөй посоветтик чөлкөмгө кеңири тараган.

Советтик системанын маңкурттары Дөнөнбай сыяктуу эле өзүнүн кул экенинен кабары жок, кара курсагы тойгонго кубанат, “кожоюнун” сүйөт жана ага кыңк дебей баш ийет. Дөнөнбай ата-тегин, өз атын унутса, советтик маңкурт тарыхын, тилин, тегин чанат. Дөнөнбай кожоюнунун көрсөтмөсү менен энесин атып өлтүрсө, советтик маңкурт өз өлкөсүнүн эгемендүүлүгүн курмандыкка чалууга даяр.

Азыркынын маңкурттары

“Эркин болгон жакшы, бирок үйдө жакшыраак”. Бул сөздүн автору “Биримдик” партиясынын төрагасы Марат Аманкулов (аталган партия 2020-жылдагы парламенттик шайлоо алдында түзүлүп, октябрдагы бийлик алмашуудан кийин жок болгон). Марат Аманкулов Москвада орусиялык депутаттар менен болгон жолугушууда “Отуз жыл бизге кайтуу керек экенин көрсөттү” деп айткан. Бир топ кыргызстандыктар, Аманкулов СССРга кайтуу жөнүндө сүйлөп жатат деп,  мунун өлкөнүн эгемендүүлүгүнө коркунуч катары баалап, “Маңкурт болбо!”, “Кул болбо!” деген чакырык менен митинге чыгышкан.

Советтик системанын маңкурттары адатта дал ушул риториканын колдонушат: “Россия — бир боор энем”, “Советтер союзу — биздин үйүбүз”, “СССР болбосо Кыргызстан жок болмок”, “Россиясыз жашай албайбыз, кошулуп кеткенибиз оң” жана башка.

А бирок, чынында совет режими колония өлкөлөрүнүн баарынын тарыхын, тилин, маданиятын түп тамырынан кыркып, жетимиш жыл бою “биз силерди киши кылдык” деген пропогандага сугарып, кулдук сезимди мээге сиңирип келген. Кесепетинде СССР ураганы менен анын маңкурттары дагы деле жашап, ал турсун жаңы муундагы маңкурттар өсүп чыгып, алар кайрадан Россияныны курманына кошулуп кул болууну эңсеп келет.

Орускулдар

Орускул — бул маңкуртка эле үндөш түшүнүк. Айтматовдун “Ак кеме” чыгармасындагы Орозкулдун образын кыргыз окурмандары кийин гана даана түшүнүп, автор атайлап эле “орускулдарды” Орозкул деп атагандыр деп чечмелеп жүрүшөт.

Орозкул — бийликти сүйгөн, кара күчкө таянган, кекчил адам. Аракеч, өзү коргогон токойдун багын кыйып, мүлкүн уурдайт. Момун чал, Бекей өңдүү алсыздарга тап болгон кулдун образы.

Советтик система жеке менчик түшүнүгүн талкалап, кесепетинде жоопкерчиликсиз кулдардын коомун түзгөн. Мындай коомдо эч ким эч нерсеге жоопкерчилик албайт, мамлекеттин, тактап айтканда элдин мүлкү тонолот, өз турмушуна өзү жоопкерчилик ала албай, кожоюндун өкүмүн, ырайымын күтүп, мите курттай болуп жүгүн башкаларга артып жашайт. Айтылгандай эле, кул кулчулуктан чыгууну эмес, өз кулдарына ээ болууну эңсейт. Мындан улам советтик доорду тамшануу менен эңсеп, эби келсе ал жакка кайткысы келген арабызда орускулдар көп жана алардын көбү саясатчы, чиновниктер.

Бул жерден башка макалаларды окуңуз:

национализм ≠ национализм

“Сегиз жыл кайда жүрдүңөр эле?!”

Баары биз ойлогондой эмес

Белгилер: Укугуңду бил
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

17 ноября, 2025
3.2k

Коммуникация - адамдын жашоосунун бардык тармактарынын негизи болуп саналат. Заманбап дүйнөдө "коммуникация" түшүнүгү ар кандай чечмеленет, бирок акыр-аягы барып бул адамдардын ортосундагы маалымат алмашуу процесси экенине алып келет. Психолог Елена...

Кийинки макала
Шапка көп кийсең маңдайыңдагы чач түшө баштайбы? Трихолог жооп берет

Шапка көп кийсең маңдайыңдагы чач түшө баштайбы? Трихолог жооп берет

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.