AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Мага кол көтөргөн кайын эжемди жашоо кантип жазалаганын көрүп терең дем алдым

Мага кол көтөргөн кайын эжемди жашоо кантип жазалаганын көрүп терең дем алдым

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын икатын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Силердин сайтыңардан бир келиндин суроосун окуп калдым. Анда кайын эжеси кол көтөрүп, ичиндеги баласын түшүрүп койгонун айтыптыр. Дароо көз алдыма мындан 12 жыл мурун болгон окуя келди. 

Кичинекей сары келин элем. Күйөөмдүн жооштугунан тажай баштадым. Анткени, ар ким келип үй-бүлөбүзгө асыла берчү. Өзгөчө кайын эжем тынчтык бербеди. Күйөөмөн канча жолу сурандым. Бир дагы ирет мага болушпады. Ага баары бир эле.

«Мен иниме башка кыз алып берем!» Ушул сөздү бир күндө миң ирет кайталат. Күн сайын күйөөмө мени жамандап жазат. «Боюнда болбосо бат кетет, кошулба» деп жазган каттарын көрүп алып ыйлайм. Анда эмне, жаш кызмын, ата-энем эски көз караш менен тарбиялаган, кетип калсам эл эмне дейт дейм. 

Ичим көрүнө баштагандан бери кайын эжем күн сайын үйгө каттайт. Бала инисинен эмес экенин айтат. Ал кеткенде күйөөм анын сөздөрү чынбы сурайт. Ачуу сөздөрдү айтып ыйлатат. Ишенесиңерби, мени колдогон эч ким болбоду. Ата-энем күйөөгө бергенден бери кабар дагы алып койбойт. 

Бир күнү жөн жерден уруш чыгарып, кайын эжем ичиме асыла баштады. Балам коркунучта экенин сездим. Мени түрттү, кудай сактады, жыгылбай бутума туруп калдым. Ошондо менде кандайдыр бир күч пайда болду. «Балам менен бир нерсе болсо соттун алдында жооп бересиң» дедим. Ушундай катуу үчүн менен айттым. Көз карашым дагы курч эле. Унчукпай сыртка чыгып кетти. 

Мен болсо кийимдеримди чогултуп, бурчта жашынып турган күйөөмдүн бетин карабастан кетип калдым. Эгер өзүңдү -өзүң коргобосоң, эч ким сага болушпайт экенин билдим. Канчалык алардан корксоң, алар күчтөнөт. Укугуңду билиш керек! 

Мотурайган кыздуу болдум. Ушундай ширин кыз. Менин берекем, дем берип алдыга сүрөгөн мотивациям. Азыркы жеткен ийгилимдин баары кызымдын арты менен болду. 

Кандай кыйынчылыктардан өткөнүмдү айтпасам деле түшүнөсүңөр. Мен болгону курмандык болуп, даттанып жата бербедим, мүмкүнчүлүк издеп, тытынганды токтотподум.

Гинекологго текшерилгени баргам. Бир маалда кабинеттен кайын эжем чыга калды. Мени көрүп катып калды. Көзүнө тике карадым. Чыдай албай башын жеоге салып, тез-тез басып кетти.

Гинеколог чакырды. Кирип бардым. Столунун үстүндө кайын эжемдин аты жазылган карта туруптур. Акырын башымды созуп карасам, жаман оорунун аты жазылган экен. Ар бир жамандык үчүн жаза бара экенине ишендим. 

Мен эмнени айткым келди. Өзүңөрдү  басынтууга эч качан жол бербегиле. Балаңарды коргогула. Коркпой акырына чейин күрөшкүлө. Күнөөлүү адам созсуз жазаланат экенин билгиле. Тытынып иштеп, мыкты жашагыла. Силер жакшы жашоого татыктуусуңар. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Бул тесттен өтсөңүз балалуу болууга даярсызбы же жокпу билинет

Бул тесттен өтсөңүз балалуу болууга даярсызбы же жокпу билинет

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.