AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кызымдын өгөй апасына айткан сөзү көз жашымды агызды

Кызымдын өгөй апасына айткан сөзү көз жашымды агызды

28 октября, 2022
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Жети жылдан кийин жүрөгүмдү башка бирөөгө ачтым. Биринчи аялымды, ал каза болгон күндү унуткан жокмун. Жүрөгүмдүн түпкүрүнө, эч ким көрбөгөн, эч ким булгабаган жерине сактап койдум. Ал менин алгачкы сүйүүм. Мага күйөө, ата болуу сезимин тартуулаган, таттуу даамын таттырган аял. Аттиң, экөөбүзгө чогуу карып, неберелербизди эркелетүү буйрубаптыр. 

Кызым апасына окшош. Бирок, апасы эсинде жок. Сүрөттөрдөн гана тааныйт. Чоң энесине, таенесине эркелеп жүрө берет. Мен кызым бактылуу деп ойлогом. Адашыпмын. «Алар чын эле күлүштү да, менин апам жок да.» Көчөдөн кыздар ылай сууга түртүп жиберишиптир. Эмнеге аларга жооп кайтарбаганын сурасам, ушинтип жооп берди. Ушундай ыза болдум. Мени жалгыз бой ата же эне гана түшүнөт.

Жумушта башымды жерге салып отургам. Жаңы практикант кызды мага дайындап коюшуптур. «Саламатсызбы!» деп бирөө кирип келди. Башымды көтөрбөстөн учурашып коюп отура бердим. «Сиз менен жетекчим болот экенсиз» деди. Уфф… Башымды көтөрсөм сулуу айым күлүп карап туруптур. 

Үйлөнөрдөн мурун кызыман уруксат сурадым. Кызым унчуккан жок.

— Кызым, анда үйлөнбөй эле коеюн э?

— Үйлөнө бер. 

Сыртка чуркап чыгып кетти. 

Күн сайын үйгө шашып келем. Кызыма кабатырмын. Жашырбайм, келинчегим экөө тил табыша албай жатабы деп ойлойм. Келер замат кызыман баары жакшыбы сурайм. Ооба десе, өзүмө келе түшөм.

Бул ирет дагы эрте келдим. Кызым менен аялым клубника тазалап отурушуптур. Кыязы, варенье жасашат го. Экөө чоң кишилердей сүйлөшүп алган.

— Ошондо, сиз менин апамсызбы? А сүрөттөгүчү? Ал башкача го?

— Ал дагы сенин апаң. Ал сонун аял, анткени сендей «принцессаны» төрөдү. 

— Ал мени таштап кеткен.

— Жок, ал сени таштаган эмес. Кантип сени таштамак эле. Болгону, кээде жакшы адамдар эрте кетиш керек болуп калат. 

— Ошондо менин эки апам барбы?

— Ооба, башкалардын бир, а сенин эки апаң бар. Анткени, сен аябай жакшы кызсың. 

Кызым тура калып келинчегимди катуу кучактады. Аларга кошулуп мен ыйладым. Байкатпай үйгө кирдим. Ушундай өзүмдү жеңил сездим. Тагдыр мага экинчи ирет бактылуу болуу мүмкүнчүлүгүн берди. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234
admin

admin

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Ашкабак арбактардан коргойт. Хэллоуин тууралуу үрөй учурган 5 факт

Ашкабак арбактардан коргойт. Хэллоуин тууралуу үрөй учурган 5 факт

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.