AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кызыма бул сөздү айтканым үчүн катуу өкүндүм

Кызыма бул сөздү айтканым үчүн катуу өкүндүм

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Башкы беттеги сүрөттүн окуяга тиешеси жок. 

«Сөз бүттү!» деп катуу бакырдым. Эшикти тарс жаап чыгып кетти. Туура эмес кылганымды билдим. Ары-бери баса бердим. Кызымдын чачынан жыттап, кечирим сурагым келди. Бирок, мен деген атамын да деген кур намыс бутумду жылдырбай койду.

Кыздуу болгон күнүм дале эсимде. Төрөтканадан көкөлөп учуп чыгып досторума бет алдым. Баары «эми эркек балалуу бол, кыз баары бир кетет» деп мени тарс эткире жерге түшүрүп салышты. 

Кызымдын ийиликтерине жашырынып сүйүнүп жүрдүм. Досторумдун көзүнчө менден өткөн катуу ата жок. Кызым грамота көтөрүп келсе «ммм» деп эле коем. Шагы сынган боюнча артка кетет. Кечинде туруп алып акырын сервантка барам. Грамотасын кучактап өөп, кайра ордума барып жатып алам. «Эл эмне дейт», «досторум эмне дейт» деген нерселер мени ата болуу кубанычынан айрылтып жатты.

Кызым келечекте программист болорун айтты. «Сен деген болочоктогу келинсиң, кайдагы оку, анын үстүнө эркектердин окуусу экен, тур идиш жуу» деп салдым. Кызым менден алыстай баштады. Сабактан кийин «аталап» чуркап келбейт. Маанайы суз. Китеп окуп, компьютерден бир нерселерди жасап отурган баягы жайдары мүнөз кызым жок. Болгону 12 жашта. Мени кучактабай калды.

Жумуштан келсем кичинекей колдору менен идиш жууп отуруптур. Чачтары саксайган, көзү муңдуу. 

— Эжең чалды. Сабактан начарлап баратканыңды айтты. Эмнеге тапшырмаларды аткарбай калдың?

— Идиш жууп жетишпей калдым. 

— Сабакты даярдап коюп жуу да…

— Мен деген келинмин да ата!

Шап туруп басып кетти. Кызымдын кыялдарына балта чапканымды билдим. Айткан сөзүмө өкүнүп ыйладым. Бойтойгон колдору китепти эмес, кир идишти кармап отурду. Мен эмне деген атамын!

Кызымды таң эрте ойготтум. «Жүрөгой кызым, шаарга барып келели» дедим. Мени таңкалып карап турду. «Тур, турагой, келечектеги программисттке мыкты ноутбук керек. Жүр, жүрөгой, мен алып берем.» Мойнумду катуу кучактады. Шашып кийине баштады.

Жолдон баягы досторума жолуктум. Кызымдын колун кармап, башымды көтөргөн боюнча өтүп кеттим. Ушундай эс алып калдым. Шаардан экөөбүз балмуздак жедик, сейилдеп аркы-беркини сүйлөштүк. Анан акырында мындай дедим. 

— Жаман атаң программист боло албайсың десе ишенбе. Башкалар айтса дагы ишенбе. Кыялыңа багыт ал кызым. Сен келечектеги келин эмессиң. Сен Айдайсың. Уктуңбу?

— Ата, менин грамоталарымды кучактап өпкөнүңдү көргөм. 

Менин кызым сөзсүз кыялына жетет. Менин кызым келин болбойт. Менин кызым бактылуу адам болот. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын сиңдим эмнеге менин көзүмдү карай албай жатканын билип таңкалдым

Кайын энем кайын атамдан бекинип бир кишиге жолугуп жүргөнүн билип калдым

Күйөөм бул үч кызга массаж жасап берип колун оорутуп алыптыр

Пол жуугандын ордуна башымды жууп баштагандан бери жашоом өзгөрдү

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234
admin

admin

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

17 ноября, 2025
3.2k

Коммуникация - адамдын жашоосунун бардык тармактарынын негизи болуп саналат. Заманбап дүйнөдө "коммуникация" түшүнүгү ар кандай чечмеленет, бирок акыр-аягы барып бул адамдардын ортосундагы маалымат алмашуу процесси экенине алып келет. Психолог Елена...

Кийинки макала
MEGA’нын туулган күнүнө карата акция! Премиалдык номерлерге 70% чейин арзандатуу

MEGA’нын туулган күнүнө карата акция! Премиалдык номерлерге 70% чейин арзандатуу

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.