AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кызым шампунумду төгүп койсо

Кызым шампунумду төгүп койсо, күйөөм ыйлап жиберейин деди

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурман айымыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Күйөөм башын мыкчыган бойдон отурду. Кызым атасын таң калып карап турат. Экиге чыга элек, эмне болгонун деле аңдабаса керек. Менин боорум эзилип калды.

Ал күнү баары жакшы болчу. Кызыбызды уктаттык. Анан картошка менен колбаса куурудук. Күйөөм дүкөнгө түшүп кола менен балмуздак алып келди. Бүгүн жаңы сериал көрүп баштамакпыз. Ооба, экөөбүздүн ушундай кичинекей салтыбыз бар. Кезектешип сериал тандап көрөбүз. 

Күйөөм сонун адам. Чын, мактаган дагы жокмун, мактанган дагы жокмун. Кызына өзгөчө жакын. Коляскасына сүйрөп алып сейилдегенди жактырат. Мен кичине басып эле чарчап калам. Анан аларды күтүп скамейкада отура берем. Кызы үчүн кымбатына карабай айфон сатып алды. Эски телефонуна кызынын сүрөттөрү батпай кетпедиби (күлүп). 

Биринчи күлгөнуң, ыйлаганын, атүгүлү, шымын булгап койсо деле жаза берет. Тиши чыкканын көрүп ушундай сүйүнгөн. Жумуштан кур кол келбейт. Кызына деп оюнчук көтөрө келет. Бөлмөсүнө батпай кетти. Баягыда урушуп койдум эле, эми пюре алып келчү адат таап алды. Аларды дагы кызым жеп бүткөнгө жетишпейт. Айла жок, ыргыткым келбей, өзүм жейм. 

Кызыбыз бир үн чыгаргандай болгон. барып карасак уктап эле жатыптыр. Кайра келип сериалыбызды улантып көрдүк. Бир маалда эле ваннадан үн чыкты. Экөөбүз бири-бирибизди карап, чуркап жөнөдүк. Барсак кызыбыз кир жууган порошок менен менин шампунумду төгүп, аралаштырып ойноп отуруптур. 

Күйөөм кызынын жанына чуркап барып, «жоок, бултушкам, эмне кылдың» деп отура калды. Шампунду алып, кызына көрсөтүп, «ай, кызым, ай, бул апаңдын шампуну канча сом экенин, аны ким төлөгөнүн, жадакалса мен аны кармагандан коркорумду билесең гана» деди. Ошол жерден боорум эзилип калды. Чындап эле аябай кымбат шампунь болчу. Күйөөм алып берген. Эми дагы алып беришим керек дегенде жарылдым. 

Кызым чуркап бөлмөсүнө кирип кетти. Мен күйөөдү кучактадым. Бирок, күлкүмдү тыя албадым. «Айла жок жаңы алыш керек» дедим. Күйөөмдүн ошол замат бакырайган көздөрүн көрүп дагы күлдүм. Боорду эзген алтыным десе. 

Эртеси шампунь алып келип, кызы жетпеген бийик жерге коюп коюптур. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Чет өлкөдөн жумуш издээрден мурун бул 5 нерсени билип алыңыз

Чет өлкөдөн жумуш издээрден мурун бул 5 нерсени билип алыңыз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.