AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кырылган кыргыздын кыйындары. Репрессия курмандыктары

Кырылган кыргыздын кыйындары. Репрессия курмандыктары

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

“Басмачылар”, “бай-манаптар”, “эл душмандары” — советтик режимдин курмандыктары

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев советтик репрессиянын курмандыгы болгон 100 миңден ашуун мекендештеринин талкаланган тагдыры жана кыйылган өмүрү үчүн күнөөнү Советтер Союзуна койду. Бул тууралуу Мирзиёев 31-августта репрессия курмандыктарын эскерүү күнүндө билдирди. Бул Өзбекстандын совет доорундагы өлкөнүн тарыхын кайра карап чыгууга жасаган биринчи аракети эмес. Өткөн жылы өзбек бийлиги 1920-1930-жылдары кырылган басмачылардын лидерлерин улуттук көз карандысыздык үчүн күрөшкөндөр деп тааныган. Бирок Өзбекстан азырынча совет бийлиги орноп баштаган мезгилде жана СССРдин тушунда болуп өткөн окуяларга тайманбай саясий баа берген Борбор Азиядагы жалгыз өлкө десе болот.

Советтик режими жок кылган өзбек баатырларына баа берилди 

«100 миң мекендешибиз репрессияга учурап, 13 миң мекендешибиз аёосуз атылды. Эмнеге? Анткени алар биздин эң чоң баатырларыбыз, улуттун каймагы болгон. Алар эки-үч тилди билишчү. Режим алар биздин мекенге эркиндик алып келип, гүлдөтө алаарын түшүнгөн. Алардын арасында исламдагы кыймылдын катышуучулары болгон. Алар исламды жаңылоону, билим берүүнү жайылтууну, парламентаризмди, аялдардын шайлоо укугун жана Түркстандын аймактык автономиясын жакташкан. Алардын көбү совет бийлигине каршы чыгып, 1930-жылдары репрессиянын курмандыгы болушкан», — деди Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев. 

Мобилизация жана анын кыргыздарга таасири

Советтер Союзунун дээрлик бардык колониялары ушундай тарыхты башынан өткөрүшкөн. Бардык өлкөлөрдө өз өлкөсүнүн эркиндиги үчүн күрөшкөн улуттун эң алдыңкы өкүлдөрү жок кылынган. Совет бийлиги «өзүнүн» тарыхын жазып, анда улуттун эгеменди, эркиндиги үчүн күрөшкөн лидерлер «басмачылар», «бай-манаптар», «эл душмандары» деп аталып калган. Жана биздин эркиндигибиз үчүн күрөшкөн ата-бабаларыбызды жек көрүүгө үйрөткөн. Орусия ушул күнгө чейин ошол мезгилдеги архивдердин сырын ачкысы келбейт.

Эмне үчүн Совет режимине коюлган дооматты Кремль өзүнө алат?

Баарынан кызыгы, Өзбекстандын президенти өзбек улутунун каймактарын жок кылуу жоопкерчилигин Кремлге эмес, совет бийлигине жүктөсө да, азыркы редим муну дароо өзүнө алып, жооп берди. Мамлекеттик Думанын КМШ иштери, евразиялык интеграция жана мекендештер менен байланыштар боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Константин Затулин: “Бүгүнкү Өзбекстандын өнүгүшүнүн жана жашоосунун пайдубалы совет доорунда түптөлгөнүн жана «мындан кутулуу мүмкүн эмес» деп билдирди”, — деп жазат lenta.ru.

Бул Кремлдин, атүгүл орус жарандарынын да белгилүү жана кеңири тараган риторикасы. Алар, СССРдин бардык мурдагы мүчөлөрү, анын ичинде Борбор Азия өлкөлөрү, Советтер Союзунун аркасы менен гана өнүгүп, алтургай өз мамлекетине ээ болушкан деп эсептешет. Бирок чун чынына келгенде дал Совет өкөмтүнүн тушунда бул мамлекеттердин, анын ичинде Кыргызстандын улуттук лидерлери эң көп кырылган.

Кырылган кыргыздын кыйындары

Кыргызстан эгемендик алган жылдардан кийин 1938-жылы «улутчул, эл душманы» деген жалаа менен атылган 137 адамдын сөөгү көмүлгөн жер табылган. Алардын арасында Жусуп Абдрахманов, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов, Баялы Исакеев баштаган улуттун каймактары болгон. Көпчүлүк тарыхчылардын пикиринде, Кыргызстандан 40 миңге чукул киши 1937-38-жылдардагы сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон. 

Бирок мындан тышкары канча кыргыздын кыйыны совет бийлиги орноп баштаган мезгилде «басмачы», «бай-манап» аталып, кырылганы белгисиз. Ушул күнгө чейин Кыргызстан мамлекеттик деңгээлде «басмачы», «бай-манап» түшүнүктөрүнө саясий баа берип, тарыхын кайра карап чыга элек.

Улам табылган жаңы далилдер «басмачылар» — улуттук боштондук үчүн күрөшкөн лидерлер болгонун, ал эми «бай-манап» деген жалаа менен кулакка тартылгандар өз оокатына тың, ишкердик кылган, азыркы түшүнүк менен айтканда “орто класстын” өкүлдөрү болгонун көрсөтүүдө. Совет режимине лидер жана ишкерлер эмес, кыңк дебей баш ийген кулдар керек болгон. Мындан улам режим таптык күрөш жарыялап, жүз миңдеген кыйын адамдарды кырган.

НКВДнын № 00447 жашыруун оперативдүү буйругу

1937-жылы 31-июлда СССР тарыхындагы эң үрөй учурган документке кол коюлган. Ал документ НКВДнын № 00447 жашыруун оперативдүү буйругу эле. Теориялык жактан алганда массалык террорго Сталиндин тезиси негиз болуп берген десе болот. Ал 1928-жылы 9-июлда БКнын (Борбордук комитет) пленумунда «социализмге алып бара турган таптык күрөш солгундаган жок, кайра күчөп жатат» деп айткан.

Биринчи жолу массалык түрдө кишилерди атуу 1937-жылы 2-августта Ленинграддын алдындагы Леваш полигонунда жана 8-августта Подмосковьедеги Бутов полигонунда орун алган. Ушул эки гана жерде 45 жана 20 миң киши атып өлтүрүлгөн.

Башында бүт өлкө боюнча 76 миң кишини атууга өкүм кылып, 200 миңдей кишини ГУЛАГ жазасына тартуу пландалган экен. Бирок обкомдордун секретарлары жана НКВДнын жер-жерлердеги баштыктары «лимитти көбөйтүү» тууралуу өтүнүч келтиришет. Белгилүү болгон маалыматтарга караганда Сталин эч кимдин өтүнүчүн четке каккан эмес.

Жалпы жонунан 1937-жылдын августунан 1938-жылдын ноябрына чейин НКВД 1 млн 548 миң 366 кишини камакка алган. Алардын 1 млн 344 миң 923ү сот жообуна тартылып, 681 миң 692 киши атылган. Орточо алганда күнүнө бир жарым миң киши атылып турган. Атууга өкүм кылынгандардан сырткары 115 миң киши «тергөө учурунда каза тапкан», башкача айтканда кыйноолордон көз жумган. 

Тарыхты таануу 

Жүздөгөн миңдеген орусиялыктар өздөрү да советтик репрессиянын курмандыгы болушса да, советтик лагердин мурдагы мүчөлөрүнүн өз тарыхын кайра карап чыгуу аракети Кремль тарабынан азыркы режимге жеке коркунуч катары кабыл алынат. Буга Украинадагы согуш далил. Украина өз тарыхын толугу менен кайра карап баштаган биринчи өлкөлөрдөн.

Владимир Путин бийликке келгенден кийин СССРдин “баалуулуктарын” коргоо жана Советтер Союзун романтикалоо барган сайын күчөп баратат. Путин Советтер Союзун калыбына келтирүүнү ниетин бир нече жолу ачык билдирген. Путин, СССРдин кулашын 20-кылымдагы эң чоң саясий катастрофа деп эсептейт. Муну Путиндин СССРдин биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачевду акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышуудан баш тартуусу дагы бир жолу тастыктады.

Бул жерден башка макалаларды окуңуз:

национализм ≠ национализм

“Сегиз жыл кайда жүрдүңөр эле?!”

Баары биз ойлогондой эмес

Белгилер: Укугуңду бил
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Атам апамдын сүйгөнүн издегенин айтып берип ыйлатты

Атам апамдын сүйгөнүн издегенин айтып берип ыйлатты

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.