AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Күйөөмөн картайып

Күйөөмөн картайып, бетимди бырыш басканда сүйөсүңбү десем, жообу таң калтырды

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Чогуу жашаган 15 жыл ичинде көп эле жолу уруштук.  Балдар үчүн, акча үчүн, болор-болбос нерселер үчүн дегендей. Бирок, бизде бир эреже бар, эч качан таарынган бойдон уктабайбыз деп сүйлөшкөнбүз. Ушул эрежени карманганга аракет кылып келатабыз.

Жүдөтүп ар кандай суроолорду бере берем. Уйкум келбесе, аны чукулап уктатпайм. Менден качып балдардын бөлмөсүнө кирип жатып алат. Аларды ойготуп албайын деп артынан барбайм. Амалкөйүн айткыла (күлүп).

Жумушта отурсам кээде себепсиз чалып, “курсагың токпу, бир неме жедиңби” деп сурап калат. Аябай сүйүнөм. Эмне анча кам көрүп десем, жөн эле деп кутулат. Сезимдерин көп билдире бербейт. Оор басырыктуу адам. Көпчүлүк ага сүйлөгөндөн тартынат. Мен жанында жыргап күлүп жүрсөм, таң калышат. А мен күйөөм кандай экенин билем да.

Тойго барып калсак сөзсүз вальс бийлешибиз керек, бул дагы бир эрежебиз. Конкурстарга катышсам кол чаап дем берип турат. Бир жолу бий конкурсу эле. Берилип кетипмин кулап түштүм. Күйөөм заматта чуркап жетип келди. Мен аны караган деле эмес экен деп ойлогом. Тамада “мына байкемдин сүйүүсү, белекти ушул эжеге бергиле” деди. Баары кол чапты. Күйөөм мени көтөрүп алып чыгып кетти. Тизем бир ай ооруп жүрдү го чиркин. Уткан белегим кант салган идиш (күлүп). “Ошону мен деле алып бермекмин” деп күйөөм кабатыр болот. “Жок, сен түшүнбөйсүң, аны утуш керек” десем, айласыздан жылмаят.

Бүгүн дагы уйку жок. Телефонду бир сыйра чукулап чыктым. Анан күйөөмдү ойготтум.

— Уктай элексиңби?

— Мммм…

— Мени сүйөсүңбү?

— Йяя, ммм…

— Уктап жатасыңбы?

— …

— Азыр ойлонуп кеттим. Кийин карып, семирип, чачымды ак, бетимди бырыш басканда деле азыркыдай сүйөсүңбү? Азыркыдай кылып карайсыңбы? Же…

— Уктатпай койдуң го… Сен карысаң мен жаш бойдон калмак белем. Мен деле семирем, менин деле чачымды ак, бетимди бырыш басат. Бирок, жүрөгүм, андагы сага болгон сезимдерим ошол бойдон калат. Анткени, ал ичимде, эч ким көрбөгөн жерде.

Катуу кучактадым. Ал дагы кучактап чекемен өптү. Анан кытылап жүдөтүп кирдим. Жаздыгын көтөрүп балдардын бөлмөсүнө качып жөнөдү. Дагы жетпей калдым. Эмкиде сөзсүз жетип кармап калам.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Бул кадрлар кайсы кыргыз кинолорунан алынган? Кыйын болсоңуз таап көрүңүз

Бул кадрлар кайсы кыргыз кинолорунан алынган? Кыйын болсоңуз таап көрүңүз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.