AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Күйөөмдүн спермасы кан аралаш чыгат. Окурмандарын суроолоруна уролог жооп берет

Күйөөмдүн спермасы кан аралаш чыгат. Окурмандарын суроолоруна уролог жооп берет

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

“Кортекс” клиникасынын адиси, уролог Азат Бейшенов түз эфирибизде конокто болуп, окурмандардын суроолоруна жооп берди.

— Күйөөм простатит болуп ооруп калды. Жыныс мүчөсүнө майда бүдүрчүлөр дагы чыгып кетти. Бул кооптубу?

— Простатиттен жыныс органына бүдүрчөлөр чыкпайт. Бул деген теринин оорусу. Ошон үчүн дерматологго кайрылып, эмне оору экенин билүү керек. Ал эми простатит боюнча урологго барып кеңеш алсын. Кооптубу же жокпу ошондо билинет.

— Пролактин гормону эркекте көп болсо, аялдын боюна бүтүүдө кыйынчылыктар болушу мүмкүнбү?

— Ооба, бойго бүтүү кыйын болушу мүмкүн. Ар бир адамда гормондордун нормасы болот, пролактиндин дагы. Мисалы, эркекте тестостерон көбүрөөк, пролактин азыраак болот, ал эми аялдарда тескерисинче. Гормондордун жетишсиз болушу дагы, ашыкча болушу дагы көйгөй жаратат.

— Балам беш жарым ай. Төрөлгөндө калтасы чоң болуп төрөлдү. Дарыгерлер “водянка”  экенин жана бир жашка чейин кетип калаарын айтышты. Бул коркунучтуу эмеспи?

— “Водянка” – бул жөнөкөй тил менен айтканда ыйлакча, жумуртканын бир чел кабыгына суу толуп калышы. Эгер бир жаштан үч жашка чейин кетпесе, операция жасоо керек. “Водянкада” пункция жасалат, ийне менен калтаны тешип, суусу сордуруп алынат. Бул ыкманын артыкчылыгы, балага жеңил болот, оорутпайт. Терс кесепети кайра пайда болушу мүмкүн. “Водянканы” канчалык эрте алса, ошончолук жакшы. Себеби анын көлөмү чоңоюп кетсе, жумуртканын өсүшүнө тоскоол болот.

— Мен көп жылдан бери айдоочу болуп иштейм. Эмне дарыларды ичип турсам болот?

— Жалпысынан алганда, айдоочуларда үч-төрт көйгөй болот. Көп отургандан улам бел оорусу, геморрой, простатит, гастрит же ашказан жарасы. Себеби кыймыл-аракет аз болуп, киндиктен ылдый органдарга кан жүгүрбөй, алар начар иштей баштайт. Колдон келишинче физикалык көнүгүү жасап туруу зарыл жана отурган кресло жумшак болушу керек. Жыл сайын дарыгерге барып текшерилип туруңуз. Ошондо кандай дарыларды ичүү керек экени билинет. Эч качан өз алдынча дарыканага барып, дары сатып албагыла.

— Саламатсызбы! Он алты жаштагы инимди отургуза элекпиз. Азыр отургузсак болобу?

— Болот. Бул жерде эч кандай коркунучтуу же уят нерсе жок. Бир гана жери жаш балдарга салыштырмалуу айыгуу процесси бир аз узагыраак болот.

— Спирт ичимдиктерин көп ичкенден улам простатит болушу мүмкүнбү?

— Простатит болушу мүмкүн, бирок ал башка оорулар менен чогуу өнүгөт. Спирт ичимдиктери эң биринчи кан тамырларга терс таасир берет. Кан тамырларды кеңейтип, ошол эле заматта ичкертип жиберет. Анан органдарга жакшы кан жетпей, сезгенүү пайда болуп, ар кандай ооруларга алып келет.

— Жыныс мүчөнү чоңойтуу операциялары ишенимдүүбү? Канча сантиметрге чейин узартылат?

— Жыныс мүчөнү чоңойтуучу операциялар ишенимдүү. Бирок жасатардан мурун консультацияга келип көрүнүш керек. Уролог операция жасоо керекпи же  жокпу айтат.

— Сперма 35% болсо бойго бүтөбү? Нормада канча болуш керек?

— Канчалык көп болсо ошонолук жакшы. 35 пайыз менен бойго бүтө берет.

— Күйөөм простатит болуп ооруйт. Анализ тапшырган. Спермасы кан аралаш чыгат. Эмне кылсак болот?

— Сперманын кан аралаш чыгуусу көбүнчө простатиттен болушу мүмкүн. Анткени кан тамырлар сезгенүүдөн борпоң болуп калат, айрым жеринен кан агып сперма кан аралаш чыгат. Ошондуктан сезгенүүнү дарылоо керек. Дарыгерге кайрылгыла. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бел суусу эрте түшкөн эркектерге пайдалуу маалымат

Жыныстык катнашты кантип узартса болот? Бел суусу эрте түшкөн эркектерге кеңеш

Аял үчүн жыныстык катнашсыз жашоо зыянбы? Сексолог айтып берет

Эркек көпкө чейин жыныстык катнашка барбаса эмне болот? Адистер айтып берет

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Бул тесттен өтсөңүз

Бул тесттен өтсөңүз, өзүңүздү жакшы көрөсүзбү же жокпу билинет

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.