AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Күйөөмдүн мойнун ким тиштегенин угуп алып чалкаман кеттим

Күйөөмдүн мойнун ким тиштегенин угуп алып чалкаман кеттим

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурман айымыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

— Жаным чын айтып жатам. Ишенип койчу, суранам. 

— Ишенбейм. Кеч келдиң, анысы аз келгенсип, мойнуңду бирөө тиштеп алыптыр.

— Кубанын досу менен жакалашып кеттим, ошол тиштеп алды.

— Койчу калпыңды!

Балдарымдын бөлмөсүнө жатып алдым. Күйөөм коңшу бөлмөдө отуруп кечирим сурап ватсаптан жазып жатты. Окуйм, жооп бербейм. Бирок, ичимде бир нерсе анын сөздөрүндө чындык бар экенин айтып жатты. Мен ага эмес, кинодон көргөн окуяларга ишендим. 

Эртеси эжем келди. Эмнеге маанайым жок жүргөнүмдү айттым. Дароо эле күйөөмдүн бирөөсү бар экенин айтып, абалды ого бетер курчутту. Ыйладым. Ал мени оолуктуруп коюп кетти. Күйөөм балдарды бала бакчадан алып келди. Кыпкызыл көздөрүм менен тосуп алдым.

— Жаным, сени жөн карап тура албай жатам. Ишенип койчу, суранам.

— Мени жайыма койчу.

Мойну шишип чыкты. Боорум ооруп бир нерсе сүйкөп берейин дейм, анан эле ачуум токтотуп калат. Күйөөмдүн уйкусу катуу. Акыры чыдай албай, уктап жатканда мазь сүйкөп койдум. 

Эртеси температура болуп чыкты. Бейтапканага жөнөдүк. Жол бою бултуюп бардым. Күйөөм колумду кое бербей койду. Колумду кармап баратканына сүйүнөм, бирок таарынымыш болуп коем. 

Дарыгер инфекция кирип кеткенин, тезинен бейтапканага жатып укол алышын айтты. Эми корко баштадым. Үйгө барып кийимдерин алып, тамак жасап кайра келдим. Палатада Куба досу менен бир жигит отурат. Мени көрүп тура калышты. Жанындагы жигит кечирим сурап кирди.

— Аяш кечирип кой, кызуу кандуулукка алдырып койдум. Кантип мойнун тиштеп алганымды билбейм. Бир билгеним утулуп баратканым. Дарысын баарын мен төлөйм. Кабатыр болбогула. Достор арасында деле уят болдум. Кечиргиле.

Алар чыгып кеткенден кийин күйөөм мени күлүп карап турду. Мен күнөөмдү моюнга алганды билем. 

— Кечирип койчу.

— Макул. Келчи кучактап алайын. Бултуңдап жүрүп кучактаттырбай дагы койдуң. Сагынып кеттим.

Чуркап жанына бардым. Катуу кучактап чачымдан жыттап койду. Ар дайым ушинтет. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Бул экзотикалык мөмө кандай аталат? Тесттен өтүңүз

Бул экзотикалык мөмө кандай аталат? Тесттен өтүңүз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.