AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Күйөөмдүн мен билбеген беш баласы үйгө келип мени шок кылышты

Күйөөмдүн мен билбеген беш баласы үйгө келип мени шок кылышты

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

— Саламатсызбы.

— Саламатчылык. Келгиле. Ким керек?

— К… К…вич ушул үйдө жашайбы?

— Ооба. Силер кимсиңер?

— Балдары болобуз эже.

— Эмне?

Беш жигит мени карап турду. Мен аларды карап турдум. Күйөөм чыкты. Бешөө «Ата!» деп келип чуркап кучакташты. Мен нес болуп тура бердим. Кандайча? Ошондо мен күйөөмдүн жалгызы эмесминби? Менден жашырган никеси, балдары барбы?

Күйөөм балдарды үйгө чакырды. Мен унчукпадым. Чай коюп, дасторкон жайдык. Күйөөм сүйүнгөнүнөн өзү чуркап, столдун үстүн толтуруп кирди. Балдары ала келген таттууларды жайнатып, алар менен сүйлөшүп баштады. Мени унутуп деле койду.

Бир маалда ээсине келгем окшойт. Мени күлүп карады. «Бул апаңар» деп тааныштырды. Бешөө чурулдап учураша калышты. Баш ийкедим. Жылмая албадым, анткени мен дале шок элем. 

Бир жылдары көп командировкага каттап калган. Жумуш жок болчу. Сыртка чыгып иштеп келчү. Жаман оюмда, ошол жактан бирөө менен таанышкан дедим. Бирок, жетөө улуу көрүнөт. Ошондо, өтө жаш кезинде бир үйлөнгөнбү?

Күйөөм экөөбүз отуздан ашканда баш кошконубуз. Экөөбүз тең билим деп жүрүп, жеке жашообузду унутуп койгондордонбуз. Бирибизди тапканыбызга сүйүнөбүз. Анткени, бири-бирибизди бир сөздөн түшүнөбүз. Жолукканда эле, көптөн күткөн мырзам ошол экенин түшүнгөм. Бирок, беш баласы бар экенин билбегем. Ошондо мени алдап келгенби?

— Балдарым десем чочуп кеттиңби?

— Ооба, эки балабызди эптей албай жатканда, үстүнө бешөө кошула калса шок болдум.

— Мен балдар үйундө кароолчу болуп иштегем. Булар ошол жактан келишти. Азыр шаарда турушат. Шаарга кеткенден бери кабарлары жок болуп кеткен. Андан кийин мен көчүп кеттим. Бешөөнө көп эле жолу жардам берип жүрдүм. Мени «ата» деп алышкан. Буйруса тойго барабыз. Улуусу үйлөнгөнү жатыптыр. Экөөбүздү ата-энеси катары чакырып келишиптир.

— Анан ошону дароо айтсаң болбойбу?

Бурк эттим. Ичимен сүйүндүм. Күйөөм өзүнө тартып, бетимден өөп койду. Ал күнү бешөө биздикине жатып калды. Тамак жасадык. Өткөндү эстеп отурдук. Эки карындашы менен таанышышты. Буйруса келип турарын айтышып, эртең менен жолго чыгып кетишти.

Күйөөмдүн жүрөгү чоң экенин билгем. Бирок, мынчалык чоң деп элестеткен эмесмин.  Бешөөнү такси байкеге дайындап, жол киресине чейин берип узатты. Мен аны менен сыймыктана, күлүп карап турдум. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Пол жуугандын ордуна башымды жууп баштагандан бери жашоом өзгөрдү

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234
admin

admin

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Уулумдан бекитип конфет берген келинимди катуу сагындым

Уулумдан бекитип конфет берген келинимди катуу сагындым

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.