AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Күйөөмдүн көзүн карабай калгандан бери жашоом өзгөрдү

Күйөөмдүн көзүн карабай калгандан бери жашоом өзгөрдү

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

— Эртеден кечке чейин үйдө отурасың, жасаган тамагың ушул элеби?

— Жакпаса өзүң бышырып же.

Билбейм, кайдан-жайдан оозуман ушул сөз чыгып кетти. Өзүм деле аңдабай калдым. Акыры жетчү жерине жетиптир. Ушундай ачуум келди. Колум калтырап чыкты. Демейде сүйлөнчү күйөөм, унчуга алган жок.

12 жылдан бери жакпай койдум. Өзүнө гана эмес, туугандарына да жакпадым. Бөпөлөп көздөрүн караган сайын, болушунча мени тепселишет эле. Берилип тамак жасайм, жакпайт. Ийилип кызмат кылам, жакпайт. Таң эрте туруп жумушуна жөнөтөм, жакпайт. Эстесем, ушул үйгө келгенден бери бир жылуу сөз укпапмын. 

Мен муздак аялга айландым. Сүйүү албаган аял муздайт экен. Балдарыма дагы сүйүү бере албадым. Күндөрүм эмне болуп өткөнүн билбейм. Билинбей кыркка жакындап бараттым. 

Буулугуп ыйлап жаттым. Ичимдеги бүт күйүттү чыгарып ыйладым. Күйөөм жаныма жакындай алган жок. 

Мен өзүмдү биринчи орунга койдум. Өзүмө жаккан тамакты жасоодон башталдым. Унчукпай жеп алып жумушума жөнөп кеттим. Жумуштан чарчап чыгып үйгө шашат элем. Азыр эки «остановка» жөө басам. Мээмди сергитүүнүн бир жолу. Үйгө келип тамак жасабайм. Биринчи өз иштеримди бүтүрөм.

Кыймыл-аракетим өзгөрдү. Мага адамдар башкача мамиле жасай башташты. Өзүмө жаман сөздөрдү тийгизбей калдым. Кечээ балдарымды кучактап канчалык сүйөрүмдү айттым. Күйөөм унчуга элек.

Келсем картошка кууруп жатыптыр. Кыязы, жумушунан эрте келген окшойт. Башкача… Дасторконго чакырды. Ар нерсени сүйлөп отурду. Тамактанып бүткөндөн кийин балдарга столдй жыйнап койгула деди, менин чарчаганымды кошумчалай кетти.

Мен өзгөрдүм. Күйөөм өзгөрдү. Жашоо өзгөрдү. Баары менден башталат экен.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Биринчи этек кирим келгенде апам ким менен жаттың деп урган

Депутат байке окууга өткөрөм деп алдап кыздыгымдан ажыратты

Кайын энем күйөөмдүн турсийин өзүм жууйм деп талашат

Аялымды каалабай калдым деген эркектер сөзсүз окушу керек

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234
admin

admin

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Жолдон күйөөмө баламды көрмөксөн болуп өткөнүмө өкүнөм

Жолдон күйөөмө баламды көрмөксөн болуп өткөнүмө өкүнөм

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.