AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Күйөөмдүн бул жоругу үчүн барына ушак болдук

Күйөөмдүн бул жоругу үчүн барына ушак болдук

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жакында көз жара турган окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Жолдошум экөөбүз башкалардын айтымында карыганда баш кошконбуз. Ал 28 мен 26 жашымда. Бизде ушундай стреотип бар эмеспи 22 жаштан өткөндөн кийин эле каарып калат. Ага чейин күйөөгө тийип, балалуу болуп калышың керек.  Эмнеге биз бул стреотиптен чыга албайбыз? Мен дагы деле жообун билбейм. 

Эки жылдай кыз-жигит болуп сүйлөштүк. Анан ата-эне, жакын туугандардын батасын алып баш коштук.

Тоюбузга көп адам чакырып, колубузда бар туруп заңгыратып той бербегенибиз үчүн дагы сөзгө калдык. 

Анысы го мейли. Бир айча айылда жүрүп жумушубузду улантууга шаарга кетип калганда артыбыздан ушак айтылды. “Өзү жалгыз уул болсо, шаардан таап келген аялын ээрчип кеткени эмнеси?”, “Ата-энесин жалгыз таштабай ушул жакта эле оокатын кылбайт беле?”. Айта берсем толтура. 

Биздин жеке жашообуз менен элдин эмне иши бар дейм да. Жумушубузду таштап, айылда түтүн булатып калсак дагы айтышмак. Жакшы жумушун таштап, айылга келип алышыптыр, андай жумушка жетпей жүргөндөр канча деп.  Мейличи, өз арабабызды тартып жүрө береличи. 

Барынан кызыгы, мен күйөөмдү “подкаблучник” кылып дубалатып алыптырмын. Укканда күлдүк. Мындай сөздөрдү кайдан таап чыгышат билбейм. 

Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт деп айтышыңар мүмкүн. Андай болсо бул сөздүн чыгышына жолдошумдун менин бутумду ушалап берген видеосу себеп болгон окшойт. 

Күйөөм дайыма бутумду жууп, массаж жасап берет. Аны сүрөткө тартып сториске коем. Жаман ниетим жок, рахмат айтып койгом. Анан ушундай ушак чыкты. Эмнеге менин бутумду жууп, массаж жасап берип жатканын билгиси келген адам жок. 

Мен 7 айлык кош бойлуумун. Баламды аябай чоң көтөрүп жатам. Кош болуулар билсе керек курсак чоң болсо эңкеймек түгүл түз баса албай каласың. Анысы аз келгенсип бутум шишип кетет. А жолдошум болсо шишикти бир калыпта сактап туруу үчүн кечкисин дайыма массаж жасап берет. 

Ушундай түшүнүктүү, камкор, мени сүйгөн жарга туш болгонума аябай ыраазымын. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Бир байке "мени сүйбөсөң

Бир байке "мени сүйбөсөң, сүйүүмдүн убалына каласың" дейт. Эмне кылсам болот?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.