AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Күйөөмдүн апам үчүн кылган бул жакшылыгын эч унутпайм

Күйөөмдүн апам үчүн кылган бул жакшылыгын эч унутпайм

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурман айымыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

— Кана, кириңиз, көзүңүздү ачыңыз.

— Ой…

— Сюрприз! 

— Ой, балам, чын элеби? Көргөн көзүмө ишенбей турам… Айланып кетейиндер…

— Жактыбы апа?

Апама кошулуп мен ыйладым. Күйөөм ары-бери чуркап баарын көрсөтүп жатты. 

— Мына, апа, бул жерге жаңы столдорду алыдырттым. Бул бөлмө ванна менен туалет. Кыштын күнүндө сыртка чыкпайсыз. Ысык суусу дагы чыгат. Эми кир жууп убара болбойсуз. Машина дагы алып койдум. Бул жакта ашкана. Бул жерге жаңы керебет менен матрас койдук. Сандыгыңыз бул жерде. Сонун болуп калыптырбы? Терезелерди жаап койсоңуз, кошуналарыңыздын ызы-чуусу, койлордун маараганы угулбайт. 

— Айланайын балам, мынча убара болдуң. Мага ушул деле болмок…

— Жок, апа, эми сиз сый көрүп төрдө отура турган жашка келдиңиз. Анын үстүнө сүйгөнүмдүн апасы болосуз. Сиз кубансаңыз, ал кубанат. Ал кубанса, мен кубанам. Анан баарыбыз кубанып, беш бармак жейбиз. Туурабы?

Экөөнү карап ыйлап тура бердим. 

Мен эски жер тамда өскөм. Апам эжем экөөбүздү жалгыз тарбиялады. Атам каза болгондон кийин турмушка чыкпай койду. Кышында суук, жайында ысык. Үйдүн ар жеринен жарака кеткен. Туугандар келип жардам бергендин ордуна сынап кетишет. Классташтарым дагы «үйүң качан кулайт» деп көп шылдыңдашчу. Апам байкуш кыбырап бир нерселерди кылат. Жамгыр жааганда баары бир потолоктон суу агат эле. Түндө тазикке тамган суунун айынан уктай албай чыкчубуз. 

Кошуналар дагы үйбүзгө кирчү эмес. Апамды теңине алышпайт. Байкуш, апам ай. Ак көңүлдүгүнөн ар кимди үйгө чакыра берет эле. 

Күйөөм экөөбүз сүйлөшүп жүргөндө үйгө чейин жеткирем десе болчу эмесмин. Бир жолу чыдабай айтып салдым. 

— Жүр, көргөзөм. Мен сага калп айта албайм. Мына, менин үйүм. Апам байкуштун тапканы эжем экөөбүздөн артчу эмес. Сага үйүмдү көргөзгөндөн уялып жүрдүм. Бирок, туура эмес кылыпмын. Бул менин балалыгым өткөн жер. Сен билишиң керек. Ооба, турмуш-шартыбыз сеникиндей эмес. Бирок, мен тынбай аракет кылам. Ушул үйдү бузуп апама үй салып берем. Дайыма үйүңдү көрсөт дей бересиң. Мына! Мына!

Ызаланып ыйлап жаттым. Жигитим унчукпай үйүмдү карап турду. Анан мени кучактады.

— Акылсызым десе, мен сени жакшылап билгим келди. Кайда жашайсың билгим келди, кантип жашайсың эмес. Сен баскан жерлерди бассам, сага дагы жакыныраак болом деп ойлодум. А сен туура эмес түшүнүп алдың. Тарт мурдуңду. Жүр, балмуздак алып берем. Баса, бул мен көргөн үйлөрдүн эң сонуну болду. 

Апамдын туулган күнүндө бир айга пансионатка жолдомо берген. Анан ал кеткенден кийин минтип үйдү ремонттоптур. Мага дагы айткан эмес. Жумушта кармалып калдым деп эле кеч келчү. Эми минтип сюрприз кылып отурат. Бул жакшылыгын эч качан унутпайм. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Бул 6 белги толгоо башталганын билдирет

Бул 6 белги толгоо башталганын билдирет

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.