AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Күйөөмдү басынбасын деп бул кадамга барганыма өкүнөм

Күйөөмдү басынбасын деп бул кадамга барганыма өкүнөм

12 февраля, 2023
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

— Мен барбай эле коеюнчу. 

— Биз сүйлөшпөдүк беле.

— Ата-энең дагы акчасын санап мени басынтышат да.

— Андай дебечи, алар бир гана сага жакшылык каалашат. 

— Ооба, аябай каалашат.

Төркүнүмө тойго барарда ар дайым экөөбүз бир сыйра урушабыз. Ооба, мен «байдын кызымын», ушул сөз жакпайт, бирок айла жок угам. Ата-энемдин байлыгы менен мени басынткандар көп. «А эмнеге силер тытынып иштеп, ошондой бай болбойсуңар?» деп сурасам унчугушпайт. Жашоого жоопкерчилик алып, бутка тургандан көрө, байлыкты кир деп, бирөөнү жамандаган оңой да, туурабы?

Ата-энем өз эмгеги менен бутуна турган адамдар. Алар дагы суукта иштеп, ден соолугунан ажырап, ар бир тыйынды маңдай тери менен тапкандар. Ооба, менин туугандарым бай, мен байдын кызымын, аттиң сүйгөнүм муну түшүнө албай койду. 

Күйөөм катардагы эле жумушчу. Мен ага турмушка чыгып жатып муну жакшы түшүнгөм. Ушул күнгө чейин ага татыктуу болуп жашап келдим. Аны колдоп, ар бир иш баштаса, анысы болбой калса жанында болдум. «Мен жаныңдамын» деп айтып жаттым. Чет өлкөдөгү жумушуман, кымбат кийимдерден, алтындардан, ар бир мага карата келген мүмкүнчүлүктөрдөн баш тарттым. 

Эсимде, бир жолу дүкөндөн сонун көйнөк көрдүм. Баасы күйөөм үчүн өтө кымбат болчу. Өзүм сатып алып, үйгө алып келип бекитип койдум. Ушул күнгө чейин ошол көйнөктү кие элекмин. Күйөөм мага алып бере албаганы үчүн басынбасын дедим.

Туугандарым күйөөмдү жамандаса дагы ал тарапта болдум. Ал бизнес баштап жатат, мына бай болобуз, бутубузга турабыз деп коргодум. Ар дайым аны алдыга сүрөп жаттым.

Жообуна эмне алдым дебейсиңерби? Башка бирөөсү бар экен.

«Сенин акчаңдын жанында басынгандан уялдым!» Эмнеге бул ишке барганын сурасам ушинтти. Мен ошондо жарылдым.

«Сен үчүн жасаган курмандыктарымды көрбөдүң. Сен үчүн кымбат кийим, жакшы жумуштан баш тартканымды көрбөдүң. Батирим турса дагы, сени менен батирлеп жүргөнүмдү көрбөдүң. Кой, бутума турам дегендин ордуна, сезимдеримди тепселедиң. Менин ата-энемдин акчасын гана айтып туруп алдың. Ушундан кийин сени күйөөм дегим келбейт. Ачык эле айтайын, кеп менин ата-энемдин акчасында эмес, сенин коркоктугуңда. Сен биздин сүйүүгө чыккынчылык кылдың. Мен сага эркек болгонду үйрөткүм келбейт. Анткени сен эч качан андай болгон эмессиң.»

Шкафтан баягы көйнөгүмдү алып чыгып кийдим дагы, келечекке карай чыгып кеттим. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Айлыгым аялымдын картасына түшөт десем досум каткырды

Айлыгым аялымдын картасына түшөт десем досум каткырды

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.