AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Күйөөм жатыным жок экенин билгенден кийин мындай деп таңгалдырды

Күйөөм жатыным жок экенин билгенден кийин мындай деп таңгалдырды

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. Эскертүү: каармандардын аты өзгөртүлдү.

Чемоданымды салыштырдым. Баламдын жылуу кийимдерин даярдадым. Таксиге буйрутма бердим. Мешти өчүрдүмбү же жокпу бир карадым. Эшикке чыгып Балтекти сылап келдим. Терең дем алып, телевизор көрүп отурган күйөөмдүн жанына бардым.

— Султан.

— Иий.

— Неме, сага бир нерсе айтайын дедим эле.

— Эмне болду?

— Мен мындан ары төрөй албайм.

— Койчу тамашаңды.

— Жатынымды алып коюшкан.

Өзүмдү кармай албай ыйлап жибердим. Ошол күн кудум азыр болуп жаткандай көз алдымда.

Султан экөөбүз тең балдарды жакшы көрөбүз. Кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөндө эң аз дегенде жети балабыз болот деп кыялданчубуз. Тилекке каршы, алдыда эмне күтүп турганын билбейт экенбиз.

Тун уулубуз Баэлди  ушундай азап менен жарык дүйнөгө алып келдим. Дарыгерлер экөөбүздү тең жашап кете албайт дешкен. Эки ай бейтапканада жашоо үчүн күрөштүк.

Ооруканадан чыгып баратканда гинекологум өзүнө чакырды.

— Айганыш, кийинкиси мындан да жаман болушу мүмкүн. Сенин ден соолугуң көп балалуу болууга …

— Сөзүңүздү бөлгөнүм үчүн кечирим сурайм, бирок мен бул тууралуу сүйлөшкүм келбейт.

— Кааласаң жолдошуңа айтайын.

— Жок. Жакшы калыңыз.

Чындыкты уккум келген жок. Бөлмөсүнөн, деги эле ушул жерден тезирээк кетким келди.

Жылдар өтө берди. Байэлдин инилүү болгусу келген тилегин эч эле орундата албай койдук. Көрүнбөгөн жерибиз калбады. Анализдеримди көргөн дарыгерлер “сага төрөгөнгө болбойт” деп туруп алышты. Бир күнү боюмда бар экенин билдим.

Курсагымдагы балама беш ай болуп калган. Түнкүсүн ичим катуу ооруду. Чочуп ойгондум. Шейшеп кан болуп калыптыр. Тез жардам чакырдык. Баары жакшы болсо экен деп Султан экөөбүз машинада ыйлап бараттык. Курсагымды кучактаган боюнча эсимди жоготтум. Бир жумадан кийин көзүмдү ачсам, баламды жоготуптурмун.

Баягы сөзүн уккум келбеген гинекологум палатага кирип келди.

— Жакшы болуп калдыңбы? Бир өлүмдөн аман калдың. Катуу кан кетип, балаң менен жатыныңды сактай албай калдык. Сага көңүл айтам. Абалыңды түшүнүп турам. Өзүңдү колго ал.

— Султан билеби?

— Жок, биринчи өзүңө айтууну туура көрдүм.

— Рахмат сизге.

Көзүмдү ачканымды уккан Султан чуркап келди. Бетимден өөп аябай сүйүндү. Ичимен азыр эмес, кийин айтам дедим. Ошентип ыңгайлуу учурду төрт жылдан кийин таптым.

Султан тура калып кучагына кысты. Көз жашымды аарчып, телевизорду өчүрдү. Экөөбүз бир саамга унчукпай кучакташып отурдук.

— Айка, мен баарын билем.

— Эмне?

— Ооба, мен баарын билем. Ошол күнү дарыгер, “экөөнүн бирөөсүн гана, бала же энени сактап кала алабыз” дешти. Мен көпкө ойлонбой дароо жообумду бердим. Эгер мага бала керек болсо, азыр маңдайымда турмак эмес болчусуң. Сенин күлкүң, көзүң, менин абам, ансыз  дем алалбайм. Кантип сен жок бул дүйнөдө басып жүрөм!? Мен сага өмүрүмдүн аягына чейин сени менен болуу үчүн үйлөнгөм. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Апамды 10 баласы менен таштап кеткен атам бутубузга турганда кайтып келди

Күйөөмдүн төрт жашар кызы мени “мастан кемпир” дечү

“Туубас катын” дешип келиндер мен колдонгон буюмдарды кармашчу эмес

Кайын энем мени конокко жибербей койсо, күйөөм өзү кетип калат

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Өзгөчөлүгүңөрдү тапкыла! “Кыргызстан сулуусу-2022” Диамиден кеңеш

Өзгөчөлүгүңөрдү тапкыла! “Кыргызстан сулуусу-2022” Диамиден кеңеш

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.