AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Күйөөм мага алып келген тамакты жанымдагы келин жеп жүрчү экен

Күйөөм мага алып келген тамакты жанымдагы келин жеп жүрчү экен

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын икатын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Жанымда жаткан келинге күйөөсү үч жолу тамак алып келип таштап кетти. Мен бейтапкананыкын жеп отурам. Буга эмне болгон? Келе жатам дебеди беле? Баласы менен мени ойлоп койбойбу? Кыйналып көз жарсам, бир ысык тамак алып келбеди.

Күйөөм чалды. Таарынып албай койдум. Анан уктап калдым. Медайым келип жанагы келинге дагы тамак менен жер-жемиштерди берип жатыптыр. Кадимкидей кызгана баштадым. Эмнеге меники келбейт? Телефонумду карасам беш-алты жолу чалыптыр. Чалдым.

— Кайдасың?

— Сага киргизбей жатышат. Кызым жакшыбы? Тамактандыңбы?

— Ооба, «больницанын» тамагы сонун экен.

— Апей, эмнеге аны жейсиң?

— Ачка болсом жейм да, сеники кана?

— Алып барбадымбы? Азыр дагы жасап жатам. Курсагың ачты го э?

Сыртка чыгып медайымды издей баштадым. Күйөөм келип кетттиби сурадым. «Сеники келе элек, тиги жаныңда жаткан келиндики улам келип, бир нерселерди берип жатат. Аябай камкор экен.» Эми чындап кызгана баштадым. Менин деле күйөөм камкор, болгону азыр аны тааныбай жатам.

Палатама кирип баратсам, төрөткананын кире беришинен «жаным, мен дагы келдим» деп күйөөм бакырып кол булгалады. Тиги медайым эже «апээй, бул сеники беле, мен эртең менен алып келгендеринен баштап баарын тиги келинге ташып жатпайынбы» десе болобу. 

Палатама кирсем тиги келин күйөөм алып келгендерди эбак эле жеп бүтүп уктап калыптыр. Ага эч нерсе айткан жокмун. Көңүлүн ооруткум келбеди. Мен үчүн күйөөм таң атпай тамак ташыганы, мага кам көргөнү маанилүү. Бирок, жанагы тоок шорпосунун жыты сонун эле да. Эх, макул эми, аш болсун.

Эртеси күйөөм кызым экөөбүздү алып чыгып кетти. Мындай вирус жүрүп жатканда көпчүлүктү деле чакырбадык.  Ата-энелерибиз үйдө күтүп турду. 

«Жаным, жанагы тоок шорпону өзүм жасагам. Анан этти дагы өзүм бышырдым. Жактыбы?» Ушунча аракет кылганы билинип турду. Ооба, деп жүзүнөн сүйдүм. Мээнетин башка бирөө жегенин айтып, көңүлүн ооруткум келбеди. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Алимент арызын кантип жазуу керек? Юрист үлгүсүн айтып берет

Алимент арызын кантип жазуу керек? Юрист үлгүсүн айтып берет

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.