AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Күйөөм эмнеге машинасынын алдына отургузбай койгонун кийин билдим

Күйөөм эмнеге машинасынын алдына отургузбай койгонун кийин билдим

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурман айымдын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Менден уялып жатабы? Бирөөсү көрүп калабы? Машинасын аяп жатабы? Же…

Жумушума жеткирип койчу дегем. Үйдөн чыгып машинасынын алдына отурайын десем, “артка эле отурчу” деп калды. Эмнеге деп сураган деле жокмун. Ансыз деле маанайым жок болчу. Дем алыш күнү жумушка чакырып көңүлүмдү түшүрүп салышты. Артка отургандан кийин ойлондум.

Күн ысык. Бир чети ага ачууланып, бир чети күйөөмө таарынып бараттым. Жолдон токтоп шоро ичти. Мага көтөрө келиптир. Ичпейм деп койдум. Бирок суусап жаткам. Баш тартканыма өкүндүм.

Баш кошконубузга аз эле болду. Сүйүп баш кошкон күндө деле урушат экенсиң. Бирде таарынып, бирде сүйүнүп коюп жашап жүрөбүз. Ачуума тие баштаганда кайын энеме чалам десем унчукпай калат. Анткени кайын энем “келиниме бир нерсе болсо жүрөгүмдү оорутасың балам” деп, мага «бир нерсе болсо эле мага чал, ага көргүлүктү көрсөтөм» деген. Ал болсо менин апама чалам дейт. Апаман уруш жей турганымды билсем дагы, чала бер деп билмексен болуп коем. Бул арада ичимен чалбаса экен дейм. Күйөөм коркпойт экен деп ишенип чалбай коет.

— Баары жакшыбы? Эмнеге бултуңдап келатасың? Шоколад алып берейинби?

— Жок.

— Эмне болду? Байкабай туура эмес бир нерсе кылып алдымбы?

— Эмнеге машинаңдын алдына отургузган жоксуң? Бирөө көрүп калат дедиңби?

— Алтыным, боорду эзген таарынчагым. Күн тийбесин, башына күн өтүп кетпесин дедим. Карачы күндүн тийип жатканын. Анан башым ооруду деп жатып каласың. Мен араң чыдап келатам. Мээнет кылып боенгон косметикаң өчүп калбасын дедим, бултугум десе.

Күлүп жибердим. Фантазиям эле укмуш. Эмнеге аны ойлободум. 

Бул окуя мага бир нерсени үйрөттү. Убагында ачык сурап, ачык сүйлөшкөндү. Болбосо, ар нерсени ойлоп акыры урушка алып барат экенсиң. Бирөө сенин оюңду окуй албайт. Андыктан, ачык эле айтып коюш керек экен. Бул биздин алтынчы эрежебиз болду. Таарынычтарыбызды ачык айтып, убагында чечүү эрежеси. Берки бешөөнү айта албайм. Анткени, ар бир үй-бүлөнүн өз эрежеси болуш керек. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Келиним “кайын атама деп” балдарым алып бербеген нерсени алып берди

Келиним “кайын атама деп” балдарым алып бербеген нерсени алып берди

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.