AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Күйөөм бир айлыгын эмне алып жок кылганын билип ыйладым

Күйөөм бир айлыгын эмне алып жок кылганын билип ыйладым

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Бул ай ачка болот окшойбуз. Мен жетекчи менен тил табыша албай жумуштан чыгып кеттим, күйөөм бүт айлыгын…(ыйлап)

Нан алсак туз жок, туз алсак май жок, май алсак кайра нан жок. Кыскасы азыр жетишпеген турмушта жашап келатабыз. Билем, бул күндөр дагы өтөт. Бул күндөрдү өткөрүш үчүн күйөөм экөөбүз тытынып иштеп жатабыз. Башкаларга окшоп жоопкерчиликти бирөөгө жүктөп, үйдө отуруп, бекер тамак күткөндөрдөн эмеспиз. Ооба, азыркы жашообуз жакпайт, биз жакшы жашагыбыз келет. Мунун эч уяты жок деп ойлойм. 

Экөобүз жаңы жыл алдында балаты көргөнү аянтка бардык. Суук. Жука кийинип алганбыз. Бутубузга суу өтүп, мурдубуздан суу агып калды. Бир ашканага чай ичкени кирдик. Кезекте турганбыз. Анан бир кичинекей кыз, менин бутумду карап, апасына «эженин бут кийими айрылып калыптыр» деп шыбырап күлдү.

Карасам өтүгүмдүн таманы түшүп калыптыр. Көңүлүм дароо түштү. Күйөөмө үйгө кетеличи дедим. Жол бою сүйлөбөй барып, тагдырыма таарынып уктуп калдым. 

Эртең менне турсам күйөөм өтүгүмдү клейлеп отуруптур. «Суу болуп калыптыр, жабышпай жатат» деп кейиди. Чай койдум. Анан күзгү ботинкамды алып чыгып кийип кеттим. 

Бүгүн күйөөм айлык алат. Колбаса жейбиз. Аябай жегим келип жүргөн. Анан мандарин. Анан батир акчасын беребиз. Анан базарга барып продукт алабыз. Ураа!

— Бул эмне?

— Сага?

— Эмне бул?

— Бутуңа. Баягы сага жаккан «италянский» өтүк.

Ачтым. Жаркырап мени карап турат. Жаным десе, бүт айлыгын мага коротуптур. Бутумду ойлоптур. Ден соолугумду ойлоптур. Ыйлап жаттым. 

— Кой ыйлаба, акча табылат жаным, ден соолук табылбайт. Кийип көрсөң. Сага сонун жарашат. Кечир, азыр сени жакшылап кийинте албай жатам. Мына көрөсүң, колума акча тйисин, сени жасантам. 

Бакыт деген ушул эмеспи?

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

 

 

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Жашооңузду түп тамыры менен өзгөртө турчу 9 адат

Жашооңузду түп тамыры менен өзгөртө турчу 9 адат

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.