AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Күйөөм апамдын байпактарын жууп жатса

Күйөөм апамдын байпактарын жууп жатса, кайын энем келип ызы-чуу салды

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

«Күйөөм эшикке отуруп алып кир жууп жаткан»

Күйөөмдүн мынчалык жакшы экенин билген эмесмин. Эми, барыбыз эле ушундай болсок керек. Айтайын дегеним, күнүмдүк турмуш менен алышып жүрүп, жаныбызда жүргөндөргө этибар бербейбиз. Балким, ошол күнү жол кырсыгына кабылганым жакшы эле болду.

Алысыраак тайкемдин жаназасынан келатканбыз. Узак жолдо апам жалгызсырабасын деп, балдарды күйөөмө таштап кошулуп алгам. Бир маалда эле айдоочу рулду башкара албай калды. Машина жолдон чыгып даракты сүзүп токтоду. “Кудай ай!”. Ичиндеги жүргүнчүлөр бакырып жибердик.

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

Апамдын эки буту, менин акырегим менен колум сыныптыр. Мен го баса алам, апам такыр эле төшөккө жатып калды. Бейтапканадан чыгарып, үйүбүзгө алып келдик. Себеби, апамды караганга киши жок, атам каза болуп калган, менден кийинки сиңдим болгону ондо.

Күйөөм жумушунан суранып алган. Эртеден кечке биз менен алек. Балдарыбыз майда, аларга дагы көңүл буруу керек. Тамак жасайт, кирлерди жууйт, жараттарыбызды “обработка” кылат, укол саят, апамдын алдын тазалайт. Ишенесиңерби, бир дагы жолу наалып сүйлөнгөн жок.  

Бир күнү кокустан кайын энем келип калды. Күйөөм эшикке отуруп алып кир жууп жаткан. Колунда апамдын байпагы. Аны көргөн кайын энем жарылды.

— Ай бала! Бул эмне? Кебетең кантет?

— Келиңиз апа.

— Ар кимдин байпагын жууп отурасың анан! Кана аялың? Дагы эле айыга элекпи? Жыргап жатат да, сага апасынын байпагын жуудуруп коюп.

— Апа, эмне деп жатасыз. Абалын өзүңүз жакшы билесиз. Кайын энем дагы менин апам.

— Кыйраттың!

— Апа, кудай сактасын дечи, эгер сиз менен бир нерсе болсо, менин келинчегим мага окшоп жаныңызда жүрмөк. Балдарымдын энесине жардам бербей кантип жөн отура алам? Апа, коюңуз, андай жаман адам болбойлу. Өзүңүз адамгерчиликтүү болгула деп көп айтчу элеңиз го. 

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Үйгө кирбей кетип калды. Биз тамчылатма дары алып жатканбыз. Чыгып учураша албадым. Жанымда жаткан апам баарын укту. Бирок, унчуккан жок. Мен дагы эч нерсе дебедим. “Келгиле, тамак ичели”, — деп күйөөм билмексен болуп кирип келди.

Азыр бизде баары жакшы. Жок, мурдагыдан дагы сонун. Апам сакайып “сага ыраазымын балам”,- деп, күйөөмө батасын берип, үйүнө кетти. Баягы күнү кой союп кайын энеме кошуп баарыбызды чакырып сыйлады.

Жол. Күйөөм рулду башкарып баратат. Артта балдар уктап жатат.

Күйөм: Баары жакшыбы? Жанатан бери мени уялтып, күлмүңдөп карап келатасың.

Мен: Баары сонун. Рахмат сага. Мен бактылуумун. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Чоң атамдын контракт төлөөгө шарты жок, «окутам» деген жигитке кыздыгымды бердим

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим «ата-энеңе акча салба» деп айлыгымды алганга шашылат

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Балдызым болбосо

Балдызым болбосо, "все по 50 сомдон" идиш алып, батирлеп жүрө бермекпиз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.