AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Күйөө баламдын катын окуп

Күйөө баламдын катын окуп, кызымды үйүнө жөнөттүм

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

“Апа, болду чыдай албайм!”

Түндө ким болуп кетти экен, деп эшикти ачсам, кызым кучактап ыйлап кирди. Байкушум арыктап, жүдөп кетиптир. Көптөн бери жууна элек да окшойт, тамак жыттанат.

Бекзат экөө сүйүшүп жүрүп баш кошушкан. Мотурайган эки баланын ата-энеси. Экөөнү тең удаа төрөп алды. Анысына деле мейли, болгону жаш немелер кыйналып калат деп кабатыр болуп жүрдүм.

— Эмне болду? Баары тынчпы деги? Балдар гана?

— Атасы менен.

Кайра буркурап ыйлап кирди.

— Ай, эмне болду деги? Бир нерсе десеңчи.

— Балдарга жетишпей жатсам, жумуштан келип мага бакырды, телевизордун үнүн чоңойтуп алып, эч нерсе болбогондой отурду…. мен…. мммен… Тажап кеттим апа! Эгер үйдөн чыгып кетпесем, өзүмдү башкара албай калмакмын.

— Кеткениңди Бекзат билеби?

— Ооба. Бир нерсе деп жаткан уккан жокмун.

— Жүр, жатып эс алагой. Эртең сүйлөшөлү.

Эки күндөн кийин дагы түндө эшик тыкылдады. Чыксам күйөө балам турат. Жүдөгөн, көздөрү кызырган, сыягы, уйкудан калган окшойт. Учурашып, акыбалымды сурап, Жакуга берип коюңузчу деп катты сунду. Кир десем болбой, балдар жалгыз калды деп шашып кетти.

Эки күндөн бери кызым үйдө. Балдарын сагынып табити да жок. Күйөөсү чалса албайт.

Кызыма катты бердим. Ачып окуду. Бир саамга унчукпай отурду. Мага сунду. Окуп бүтүп, кайтасыңбы дедим, “ооба”,-деп жылмайды.

“Жаку, эки күн мурун мен чоң ката кетирдим. Жумуштан катуу чарчап чыккам. Үйгө барып бутумду сунуп жаткандан башка эч нерсени каалаган эмесмин.

Сени көрүп дароо эле маанайың жок экенин байкадым. Эмне болгонун сурап койгондун ордуна, телевизор көрүп отуруп алдым. Балдар ызы-чуу салып, биринен-бири өтүп ыйлап жатты.

“Жардам берип койсоң боло, сенин да балдарың”,-деп жаныма келип бурк эттиң. Унчукпай телевизордун үнүн чоңойтуп салдым. Бир саамга карап туруп, бурулуп кеттиң.

“Эшектей иштеп келдим, силер жыргап үйдө отурдуңар”,-деп аркаңан бакырдым.

Балабызга кошулуп ыйлап жаттың. А мен өзүмдү актап бакыра бердим. Эмнелерди гана айтпадым. Мендей күйөөнүн барынан жогу жакшы. Жарытаарлык эч нерсе кылбайсың деген сөзүмдөн кийин, баланы колума таштап, сыртка чыгып кеттиң.

Балдар араң дегенде түнкү саат 3тө укташты. Сени кайтып келет деп эшикти ачып койдум. Бирок келген жоксуң.

Эртеси ооруп калдым деп жумуштан жооп сурадым. Эртеден-кечке жаным тынган жок. Балдардын сүтүн ысытып ботко жасап берем, бок-сийдигин тазалайм, токко урунуп калбасын деп аркасынын жүрөм. Жөн отуруп тамак ичкенге жетишкен жокмун. Дааратканага эки баланы жаныма алып же эшигин ачып коюп барып жаттым. Түнкүсүн ар бир 10 мүнөт сайын туруп, Бекишти сооротуп, Алимдин ичин жаптым. Үй жумуштарынын жанында менин 8 сааттык жумушум жөн эле бейиш экен. А мен акмак, сени табаладым.

Жаку, бул эки күн ичинде мен баарын түшүндүм. Чарчаганыңды, мен жана балдар үчүн өзүңдү курмандык кылганыңды, кызыкчыктарыңдан баш тартканыңды. Жаку, кечир мени. Мен жок дегенде сыртка чыгып, адамдар менен сүйлөшөм. А сен төрт дубалдын ичинде эки бала менен камалып отурасың. Кыйын болуп, сага дагы акыл үйрөтүп коем. Сага азап тарттырып, эркек деген атка татыктуу эмес экенмин. 

Апа болуу ата болуудан да татаал экенин эми билдим.

Жаку, сени дагы эле баягыдай сүйөм. Болгону кээде бул нерсени айтууну унутуп калам. Акылсыз күйөөңдү кечир! Сөз берем, мындан ары сага кол кабыш кылам, жумуштан келгенде акыбалыңды сурап турам. Мен келгенче тамак жасабай деле кой. Мен жаш бала эмесмин. Өзүм сен жакшы көргөн картошканы кууруп берем. Бала экөөбүздүкү, демек алардын түйшүгүн экөөбүз тартышыбыз керек.

Тезирээк кайтып келчи, дагы бир күндү сенсиз өткөрө албайм.”  

Дагы кызыктуу окуяларды бул жерден окуңуз:

10 жашар баланын атасына жазган каты баарын ыйлатты

Мен сени сүйөм бирок сени менден да катураак сүйгөн дагы бир аял бар

Күйөөмдү көчөдөн колтуктап бассам кошуналарым шылдыңдайт деген аялдын баяны

Аялын жек көргөн күйөөнүн окуясы

 

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.5k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Кыргыздын ырым-жырым каадаларын билбей калып уят болбойсузбу? Тесттен өтүңүз

Кыргыздын ырым-жырым каадаларын билбей калып уят болбойсузбу? Тесттен өтүңүз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.