AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Коронавирустун жеңил формасынан жабыркагандар үчүн дем алуу гимнастикасы

Коронавирустун жеңил формасынан жабыркагандар үчүн дем алуу гимнастикасы

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Өлкө боюнча коронавирус инфекциясынан жана пневмониядан жабыркагандардын саны кескин өсүп кетти. Мамлекет пандемия менен күрөшүүгө жетишпей жатат. Жүздөгөн адамдар ооруканда жатышса, дагы ошончосу кезек күтүшүүдө.

Белгилүү болгондой пневмонияга жана коронавируска туш болгондордун канында кычкылтектин деңгээли төмөн түшүп кетет, ал эми COVID-19 адамдын өпкөсүндөгү фиброзго алып келет.

Өпкөнүн фиброзу – бул өпкөдө фиброздук ткандын калыптануу процесси, ал өз кезегинде дем алуу функциясынын бузулушуна себепкер болот.

Аталган оорулардан жабыркап жатсаңыз, атайын дем алуу гимнастикасын жасоо керек. Гимнастика тууралуу жана аны кантип туура жасоо керектигин КММАнын Физиотерапия жана клиникалык реабилитология кафедрасынын ординатор-дарыгери Айбек Асанов айтып берет.

Өпкө оорулары үчүн дем алуу гимнастикасы канчалык маанилүү?

  • Абдан маанилүү, себеби гимнастика өпкөдөгү абанын айлануу процессин жакшыртат, организм муктаж болуп турган кычкылтек менен байытат. Дем алганда терең-терең дем алуу керек. Эгер ооруксунуу пайда болсо, анда дем алуунун тереңдигин бир аз азайтсаңыз болот.

 Дем алуу гимнастикасын жасап жатканда кандай эрежелерди сактоо керек?

  • Сөзсүз диафрагмага жардам берүү керек. Өзүңүздүн организмиңизди байкаңыз, эгер башыңыз айланса, анда көнүгүүлөрдү токтотуу керек. Бир канча убакыттан кийин кайра улантсаңыз болот. Бирок ооругандар гимнастиканы тез-тезден, күнүнө бир нече жолу жасап туруусу зарыл.

Терең дем алганда өпкөдөгү эпителийдин түкчөлөрү какырыкты активдүү ажырата баштайт. Дренаждык массаж – бул вибрациялык массаж, ал какырыктын өйдө жылышына түрткү берет. Мында башкы максат – канды жана өпкөнү кычкылтекке байытуу.

Гимнастиканы отуруп же жатып алып жасоо керек.

1-көнүгүү

Ыңгайлуу отуруңуз, диафрагманы ачуу үчүн колуңузду төшүңүзгө чейин көтөрүңүз, шашпай терең дем алгыла, ошол эле учурда колду өйдө көтөргүлө. Демди чыгарганда да шашпай, жай чыгарып, колду кайрадан акырын төшүңүзгө түшүрүңүз.

Ушул эле көнүгүүнү жатып алып да жасаса болот.

2-көнүгүү

Төшөктө жатсаңыз тизени өйдө көтөрүп, көкүрөккө кыссаңыз болот. Анда да тизеңизди бүгүп алмак-салмак көкүрөккө чейин көтөрөсүз. Өйдө көтөргөндө терен дем аласыз, ылдый түшүргөндө шашапай демди чыгарасыз.

3-көнүгүү

Бир танооңузду колуңуз менен жаап, экинчиси менен терең дем алыңыз, дем алган таноонү жаап, экичиси менен демди чыгарыңыз. Алмак салмак бир нече жолу кайталаңыз.  

Идеалдуу режим:

2-5 мүнөт гимнастика жасоо, 10 мүнөт тыныгуу, андан кийин кайра 5 мүнөт гимнастиканы кайталоо.

Эмне үчүн кадимкидей дем алуу жетишсиз?
— Адатта, адам үстүртөдөн гана дем алат, андан дем алуу оорлоп, гипоксия өрчүйт. Ошол эле учурда ашыкча терең дем алган да болбойт. Себеби, органимзде кычкылтек ашыкча болуп, баш айланат.

Пирамида формасында жатууну көп сунушташат, башкача айтканда жаздыкты курсакка жаздап жатуу. Мунун пайдасы барбы?

  • Бул ыкма пневмония учурунда какырыктын чыгышына жардам берет. Эгер сизге ушундай диагноз коюлса, албетте бул ыкманы пайдалануу керек. Адам көмкөрөсүнөн жатат, курсагына жаздык же валик салынат. Бир канча убакыт ушинтип жатуу керек, ошондо өпкөнүн дренажы жакшырат. Бул ыкманы коронавирус инфекциясынын жеңил формасынан жабыркагандар колдонсо болот.

Дем алуу гимнастикалары абдан көп, кайсынысы жакшыраак?

  • Кандай гимнастика болбосун бардыгы жарайт. Башкысы, туруктуу жасап туруу.

Үйдө ооругандар бар болсо, бөлмөнү канча жолу желдетип туруу зарыл?

  • Канча көп болсо, ошончо жакшы. Эгер бир аз жел жүрүп турса, абанын циркуляция сезилип турса, ошол эң идеалдуу корүнүш. Көпчүлүгү тетирисинче, бекинип, терезелерди жаап, жылуулап жатышат. Бөлмөнүн ичи үп болуп кетет. Мындай абал гипоксиядан жабыркаган адамдын абалын ого бетер оорлотуп салат. Өпкө ооруларына туш болгондо организмге кычкылтектин жеткиликтүү болушун камсыздоо негизги максат. Жел менен жүрүп турган таза аба, өпкөгө кычкылтекти жеткирүүнүн негизги ыкмасы.

Бул маалымат kaktus.media сайтынан алынды.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Коронавирус тууралуу кошумча маалымат:

Коронавирус тууралуу дагы бул жерден окусаңыз болот:

Учурдагы оору курч респиратордук вирустук инфекция эмес, бул коронавирус

Коронавирус: профилактика, симптомдору, дарылоо жолдору 

Коронавирус аныкталса, бирок өзүңүздү жакшы сезип жатсаңыз, демек бул…

Ичимдик ичүү коронавирустан сактайбы? COVID-19 врусу тууралуу миф

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Эмне үчүн кош бойлуу келин төөнүн этин жегенге болбойт? Кызыктуу тесттен өтүңүз

Эмне үчүн кош бойлуу келин төөнүн этин жегенге болбойт? Кызыктуу тесттен өтүңүз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.