AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Коркуу пайдасыз

Коркуу пайдасыз, алып туруп жасап салгыла! Кореядагы Айдар Сатаровдон кеңеш

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Салам достор! Түштүк Кореяда билим алып жаткан мекендешибиз Айдар Сатаров түз эфирибизде конокто болуп, өз тажрыйбасы менен бөлүштү. Эфирди толугу менен инстаграм баракчабыздан көрө аласыз. 

— Чет өлкөгө окууга бардар үй-бүлөнүн балдары гана барат деген чоң жаңылыштык. Мен жөнөкөй эле үй-бүлөнүн баласымын. Ата-энем карапайым адамдар. Баарына өз аракетим, билимге болгон умтулуум менен жетип келатам. Силердин дагы колуңардан келет. Өзүңөргө ишенгиле.

— Кореяга барууну пландап жүрсөңүз корей тилин билүүңүз керек болот. Анткени, бул жакта башка тилде сүйлөө кыйыныраак болуп калат. Дээрлик баары корей тилинде сүйлөшөт. 

— Корей тилин үйрөнүп жатканда бир сөздү аласыз, жаттайсыз, аны жаттап алып ар кандай формада колдоносуз. Мисалы, бир канча сүйлөп түзөсүз дегендей. Тил үйрөнүп жатканда жөн гана сөз жаттаган эффективдүү болбойт. Жаттаган сөздү колдонуш керек. 

— Жалкоолук баарыбызда эле болот. Болгону ага көнүп калбаш керек.

— Көп жыл ата-энең менен жашап жүрүп, анан алыс жакка кетүү өтө кыйын. Башында мен дагы кантип жашайм деп аябай коркком. Бирок,  өзүңүзгө ишенип, анан алып туруп жасап салуу керек. Бул Кореяга кетүүгө гана эмес, бүт тармакка тиешелүү. Азыр менде баары жакшы. Силерде дагы жакшы болот деп ишенем.

— Учурда мен өзүмдү ийгиликтүү деп ойлобойм. Жолумду жаңыдан баштап жатам. Ийгиликтүүмүн деп бир топ жашка барып, кылган иштериңден жыйынтык чыгарып туруп, анан айтса болот. Азыр болгону аракет кыла бериш керек.

— Кыргыз тилин биринчи коюңуз. Бирок, сөзсүз башка чет тилдерин үйрөнүңүз. Ошондо сизге башка дагы багыттар ачылат.

Бул жерден башка макалаларды окуй аласыз:

Ойлонуп отура бербей, алып туруп жасап салгыла! Кайрат Омурбек уулудан кеңеш

Суроо бергенден коркпош керек! Google’да иштеген Нурбек Акпаралиевден кеңеш

Математиканы билбей туруп программист боло аласың! Данияр Асановдон кеңеш

Белгилер: Карьера
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Өспүрүм курактагы кош бойлуулук: тобокелдиктер жана алдын алуу жолдору

Өспүрүм курактагы кош бойлуулук: тобокелдиктер жана алдын алуу жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Адистердин айтымында, акыркы он жылда "сексуалдык дебюттун" жашы төмөндөгөн. "TEENS аймагы" нускамасынын түзүүчүлөрү өспүрүмдөрдө сексуалдык жактан активдүү болууга жөндөмдүүлүк жана каалоо, психологиялык жана социалдык жактан жетилүүгө караганда эртерээк...

Кийинки макала
Келинимдин жанына отургандан жийиркенчүмүн

Келинимдин жанына отургандан жийиркенчүмүн, азыр ошентип отурууга зармын

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.