AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Конок тосуп жатсак

Конок тосуп жатсак, жеңем ашканада бийлеп жатыптыр

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурман айымдын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Менин окуям кыска эле. Ошентсе дагы силер менен бөлүшкүм келди. Чыгарып берсеңер сүйүнөм, чыгарбасаңар кайгырбайм. 

Быйыл 10-класс болом. Үйдүн эрке кызымын. Атам менен апам көзүмдү карап турат. Байкем каалаганымды алып берет. Ошентсе дагы чекти билем. Мен китепке же жол киреге эле акча сурайм. Курбу кыздарым деле жок. Акылдууларды көбү жактыра беришпейт экенин билем.

Мектептен чыгып алып үйгө келем же курска барам. Апам менин өзүнчө дүйнөм бар экенин айтат. Анысы чын. Ал жакка өзүм жактырбаган адамдарды киргизбейм. Бирок, жеңемди киргиздим. Анткени, ал менин биринчи курбум.

«Чоң кыз, чоң кыз, боорсок менен шорпо алып келип берчи.» Көшөгөдө отурган. Терезесинин түбүнөн өтүп баратсам жеңем ушинткен. Унчукпай сураганын алып келип бердим.

— Тамак ичпей чыккам, аябай ачка болдум. Рахмат. Сенин атың ким?

— Айбийке.

— Бул үйдөгүлөр тууганыңбы? 

— Кайын сиңдиңиз болом.

— Аа койчу. Сиңдим жок эле, сонун болбодубу. Дагы шорпо куюп келип берчи, даамдуу экен.

Тартынбаган, шыпылдаган жеңе болуп чыкты. Шашып эле басып жүрөт. Бир убакта көп иш бүтүрөт. Албетте, келин менен кайын эне дароо тил табыша албайт. Апам экөө бирде тартышса, эртеси күлүп чай ичип отурган болушат. 

Бир жолу үйгө коноктор келген. Атамдын аяштары. Жетишпей эки жакка чуркап жүргөнбүз. Бир маалда ашканага кирсем жеңем бийлеп жатыптыр. Ушундай берилип алыптыр. Мени көрүп өзүнө тартты. Мага эмне, ага кошулуп бийлей бердим. Байкем кирип келип калды.

— Ай, силерге эмне болду. Жетишпей жатсак. Болгула, чай күтүп калышты.

— Жаным, мен бүгүн бактылуумун, бактылуумун.

— Эмне болду?

— Апам мени коноктордун көзүнчө мактады. Бул сонун экен. Ушундай сүйүндүм. 

Көрсө апам жеңемди биринчи жолу мактаган экен. Жеңем түнү менен салат жасап чыккан. Мээнетинин акыбетин алып кубанган тура. 

Кечинде апама жеңемдин сүйунгөнүн айтып, көбүрөөк мактап туруусун сурандым. Апам ойлонуп калды. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Кайын эжемдер баламды талашып жатышат. Эмне кылсам болот?

Кайын эжемдер баламды талашып жатышат. Эмне кылсам болот?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.