AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Колониализм деген эмне?

Колониализм деген эмне?

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Орус президенти Путин Украинага кол салып, согуш ачкандан бери беш айдын жүзү болду. Бул убакыт аралыгында он миңдеген орус жарандары өлкөсүн таштап качууда. Алар бир жагынан согушка аскер катары чакырылуудан коркуп качса, экинчи жагынан санкциялардын айынан жашоосу кыйындап, ыңгайлуу жай издешүүдө. Бирок алар үчүн “ыңгайлуу жайлардын” тизмеси өтө тар.

Азыр көп орустар Кыргызстан, Грузия, Армения, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан өңдүү постсоветтик өлкөлөргө агылууда. Тагдырдын тамашасы деген ушул, бул өлкөлөрдүн жарандары Россияга мигрант болуп барып, ал жакта бир топ шовинизм, колониализмдин запкысын тартып келишкен жана келишет. Бирок, айрым орус жарандары өздөрү баш калкага муктаж болуп, Советтер Союзунун мурдагы колония өлкөлөрүнө келип дагы деле колониалдык аң-сезимден кутула албагандыгы байкалат. Колониализм деген эмне, анын белгилери кандай жана анын тамырын кыркуу эмне үчүн маанилүү? Бул суроолорго биз даярдаган материалдан жооп издеңиз.

Колониализм деген эмне?

Тарыхта бир топ өлкөлөр башка өлкөлөрдүн колониясы болуп келген. Мисалы, Кыргызстан орус падышачылыгынын, андан кийин Советтер Союзунун колониясы болчу. Мындай башкаруу жана баш ийүү системасы жарандардын аң-сезимин өзгөртөт: башкаруучу өлкө жарандары же этностор өзүн өзгөлөрдөн жогору, акылдуу сезип, ал эми баш ийген өлкөлөрдүн элдеринде “кулдук аң-сезим калыптанат”.

PS. Кулдук аң-сезим түшүнүгүн кийинки материалдарда толугураак чечмелейбиз.

Колониалдык маанай эмнеден байкалат?

Мисалы, “чурка”, “понаехали” дегендин баары бул колониализм, шовинизмдин айдан ачык белгилери. Же болбосо орундуу-орунсуз эле акылдуу сынуу. Мисалы, “Киргизия” эмес “Кыргызстан” же болбсо “на Украине” эмес “в Украине” деп айткыла деген өтүнүчкө “силер орус тилдин грамматикасын билбейсиңер” деген өңүттө жооп кайтаруу.

Сепаратизм деген эмне?

Тил маселеси

Баса, тил өзүнчө чоң маселе. Мисалы, сиз инглиш тилинде эптеп сүйлөп жатсаңыз деле эч ким сизди тууралап, акцент же грамматикага асылбайт. Бекеринен “эң кеңири жайылган инглиш тили — бул туура эмес инглиш тили” деп тамашалап айтылбаса керек. Ал эми орус тилине келгенде, тилдин тазалыгынын “коргоочулары” бир эле орус тилдүүлөр эмес, өзүбүздүн эле орусчаны жакшы билген кыргыздардын арасында жайнап жыгат. Бул — дал ошол колониалдык аң-сезимдин белгиси. Мисалы, орус жарандары Франция же Пакистанга барып калса, француздар менен пакистандыктар аларга орусча сүйлөт деп күтпөйт жана талап кылбайт. Бирок, Кыргызстан же постсовьттик өлкөлөрдүн бирөөсүнө келгенде, орустардын бул логикасы иштебей калат. Кыргыздар же грузиндердин орусча билбегенин же сүйлөгүсү келбегенин, эмнегедир, нормалдуу кабыл алышпайт. Мисалы, согуштун башында орус блогерлеринин бири Тблисиге келип, “грузиндер орусча сүйлөбөйт экен, караңгылык” деп пост жазган. А бирок орустардын, келе жаткан өлкөсүнүн тилинде эң жок дегенде учурашканды үйрөнүп албаганы караңгылык эмей эмне?!

“Куткаруучу синдрому”

Адатта, колониалдык аң-сезимдеги адамдар айткандай эле өзүн өзгөлөрдөн акылдуу, кыйын, жогоруу сезишет. Мисалы, Россияны таштап качкан орус жарандары келген өлкөсүндөгү көп көрүнүштөрдү өз өлкөсүнө салыштырып, жергиликтүү элди “туура жашоого” үйрөткөнүн байкоого болот. Бул “куткаруучу” синдрому колониалдык аң-сезимдин дагы бир айкын белгиси. Анткени башка, мурда баш ийген өлкөлөрдүн жарандарынын билим жана тажрыйбасы жетишсиздей сезилет. Мунун түпкүлүгү тарыхты бурамалагандыкта жатат. Мисалы, көп орус жарандары, кыргыздар орустардын аркасы менен гана тоондон түшүп, тамга тааныган деген жалган “тарыхка” ишенишет. Же болбосо, Украина деген мамлекет болгон эмес, украин тили орус тилинин эле диалектиси деген саясий манипулдоо бар. Ошондон улам орустардын көбү, ал турсун акыл-эстүү делген орус журналисттери, активисттер ушул күнгө чейин “на Украине” деп догурунуп келишет. Мунун саясий себебин карасак, “на Украине” деген “на окраине” деген манипуладивдик сөз айкашы. Башкача айтканда, Украина өзүнчө тааныбай, аны Россиянын чет-жакасы кылып коюу.

Колониалдык маанайды түп-тамырынан кыркуу маанилүү

Албетте, колониалдык аң-сезимди тарыхка, саясий режимге шылтап коюу оңой, бирок аны жеңип чыгуу маанилүү. Бул эки жактан тең иштеши керек. Биринчиси, колониалдык аң-сезимдеги адам өзүнүн жүрүм-турум, тилине көңүл буруп, басмырлоо, тың сынуу адаттарынан арылып жерге түшүүсү зарыл. Экинчи жагынан мурады колониялардын жарандары кимдир-бирөөнү өзүнөн артык, акылдуу көргөн “кулдук аң-сезимден” кутулуусу маанилүү.

Бул жерден башка макалаларды окуңуз:

национализм ≠ национализм

“Сегиз жыл кайда жүрдүңөр эле?!”

Баары биз ойлогондой эмес

Белгилер: Укугуңду бил
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Апамдын күйөөмө жазган каты баарыбызды ыйлатты

Апамдын күйөөмө жазган каты баарыбызды ыйлатты

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.