AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Келинимдин бөлмөсүнөн сүрөтүмдү таап алып

Келинимдин бөлмөсүнөн сүрөтүмдү таап алып, көргөн көзүмө ишенбедим

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Тушоо тойго жөнөп баратканбыз. Сумкамды унутуп чыгып кетипмин. Үйгө кирип баратсам, “апа курткамды кошо ала чыгасызбы” деп калды. Албетте, макул болдум. Уулум экөөнүн бөлмөсүнө кирдим. Курткасын алып баратып чалынып кеттим. Столунун үстүндөгү китептерин түшүрүп алдым. Ордуна коюп жатып бир дептери көзүмө түштү. Эми андай кылбаш керек, бирок, адам болгондон кийин кызыгат экенсиң. Ичин ачып карасам, менин сүрөтүм, түбүндө бир жазуу бар экен. Көргөн көзүмө ишенбедим…

Машинада баратабыз. Уулум менен келиним тамашалап ар нерсени сүйлөп жатышат. Алар менен ишим деле жок. Терезени ойлуу тиктеп бараттым. Бир маалда келиним “апа, баары жакшыбы” деди. Айтсамбы же жокпу… Макул, кийин айтайын.

Тушоо той жакшы өттү. Чуркоо боюнча уулум үчүнчү, келиним экинчи орунду ээлешти. Курсагыбызды тойгузуп, жиликтерибизди алып үйгө жөнөдүк. А менин көз алдымда дале сүрөтүм менен анын түбүндөгү жазуу турат. Ошол сүрөттү өзүмө албасам тынч уктай алчудай эмесмин.

Узун тармал чачы шамалга учуп жатат. Ага кошулуп көйнөгүнүн этеги желбирейт. Колунда кызгалдак. Алысты карап турган көздөрүнөн кайгыны да, бакытты да көрсө болот. Жүзүндөгү бырыштар өзүнө жарашат. Колундагы билерик дагы ашыкча эмес. Бир нерсени күтүп жатат. Ал эмне экени белгисиз. “Сулуулуктун пири”. Түбүндөгү жазуу.  А сүрөттөгү мен.

Келиним сүрөтчү экенин билген эмесмин. Сүрөттү жөн эмес, ага жан киргизип тартат экен. Көр турмуш деп жүрүп бир кезде сулуу айым болгонумду унутуп койгом. Минтип, келинимдин калеми эсиме салды. Мени эч ким минтип сүрөткө тарткан эмес.

“Сүрөтчү болом десем ата-энем каршы болуп коюшкан. Ошол бойдон таштап койгом. Бирок, акыркы убактарда бош отура калсам эле минтип сүрөт тартам. Сизди биринчи көргөндө эле ушундай кылып тарткым келген. Таарынган жоксузбу?” Сүрөтүмдү сурасам ушинтти. “Сен мени бактылуу кылдың” дедим дагы чекесинен өптүм. 

Эртеси базарга түшүп сүрөтүмө рамка сатып алдым. Анан түстүү боекторду, калемдерди, атайын сүрөтчүлөр үчүн альбомдорду алганды унуткан жокмун. Үйгө келип, келинимдин бөлмөсүнө кирип баарын столунун үстүнө койдум дагы, “баштан баштоо эч качан кеч эмес” деп бараккка жазып, чыгып кеттим.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
10дон 100гө чейин санап

10дон 100гө чейин санап, 9 канча жолу кезигерин табыңыз. Кызыктуу тест

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.