AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Келинчегим мен үчүн бул ишке барганын билип

Келинчегим мен үчүн бул ишке барганын билип, өмүр бою бапестеп өтөм дедим

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет оурмандын катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, өздүк булактардан алынды! 

Мага ишенгенин, мени катуу сүйгөнүн, мен үчүн баарына кайыл болгонун ошондо билдим. Ырас ошол күнү кызуу байкесин үйүнө жеткиргени барыпмын. Жолдо баратып мага бүт чындыкты айтып берди. А мен колумдагы алтында барктабай эле жүргөм.

Чөнтөгүндө бир тыйын жок, жумуш табалбай, колуна эски дептер көтөрүп университетке барган, сабак мээсине кирбей, курсагы курулдап отурган бир жигит элем. Кабагым ачылбай жүрөт элем. Ошондо мен келинчегиме жолуктум.

Жигиттер кээде ойлонбой эле иш кыла берет экенбиз. Үйлөнөм деп чыкканыма таңкалам. Дароо эле «мага тиесиңби» дедим. Ата-энеси эмне дейт, туугандарычы ойлонбоптурмун дагы. Апамдарга айтсам каршы болушту. Мен болбой үйлөнөм дедим. Билбейм, жүрөгүм ушул адам менен бактылуу болорун сезди.

Туугандары каршы болушат го дегем. Келинчегим унчуккан жок. Анын үстүнө бардар үй-бүлөнүн кызы эле. Бир тыйыны жок жигитке кантип турмушка чыгып жатат деп таңкалгам. Көрсө ал чоң бороондон өткөн тура.

«Карындашым сен үчүн канча бай жигиттерди чанды, билесиңби? Жок билбейсиң. Атам менен апам, туугандар аны катуу урушушту. Ал сени сөзсүз бутуңа турарыңды, жакшы инсан экениңди айтып туруп алды. Биринчи жолу болочок күйөөсүнө ишенген кызды көрүшүм. Карындашым сен үчүн далай уруш жеди. Туугандар баш тартабыз деп дагы чыгышты. Ушунча ишенгидей адамсыңбы? Айтчы күйөө бала? Мен көрбөй эле турам! Карындашым кайсы көз айнек менен көрүп турат?»

Кызуу болгон байкеси ар нерсени сүйлөп баратты. Мен ага ачууланбадым. Мен өзүмө ачууландым. Келинчегим мен үчүн ушундай курмандыкка барыптыр, а мен ага эмне кылдым. Баш кошконубузга 5 ай болду. Менде баягы эле абал. Муштумумду түйдүм.

Байкесин жеткирип коюп үйгө келдим. Келинчегим тосуп алды. Ушунчалык аны сүйөрүмдү билдим. Катуу кучактап алдым. Акыркы акча алган шоколадды берип, уктап калдым. Эртең мен башкача адам болуп ойгонушум керек эле. Менин аялым мындай үйдө, мындай шартта жашабайт.

Э достор, аракет кылса баары болот экен. Тытынып иштедим. Бутума турдум. Далай кыйынчылыктар болду. Бирок, келинчегимди бапестеп, анын ишеничин актагым келди. Мен үчүн ишенген үмүтүн актагым келди.

Жанымда болду. Ишенген көздөрү менен карап турду. Мага ошол эле жетиштүу эле. 

Азыр туугандары, баягы байкеси баары мага башкача мамиле жасап калышты. Мен дагы аларга сый мамиле кылам. Алар деле каршылыгы менен түрткү болушту. Азыр турмуш шартыбыз мыкты. Баягы студент жигиттен таза жүрөк гана калган. Мен ошону сактагым келди. Сыртым кычыраганым менен жан дүйнөм жөнөкөй. Кудум келинчегим мени сүйгөндөй. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын энем “себетке бир эле блок фанта кошуптур” деген туугандарын кууп чыкты

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Декретте отурганда акылдан айнып кетпеш үчүн 4 кеңеш

Декретте отурганда акылдан айнып кетпеш үчүн 4 кеңеш

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.