AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Келинчегим экөөбүз адашып кымбат ресторанга кирген күн жашообузду өзгөрттү

Келинчегим экөөбүз адашып кымбат ресторанга кирген күн жашообузду өзгөрттү

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурман айымыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Жашоо чындыгында кандай экенин көрдүк. Тамак жеп отурган кардарлар, атүгүл официанттар экөөбүздү жактырбай карашты. Бир-эки столдогулар тамак жеп бүтпөстөн мурдуларын чүйрүп туруп кетишти. Жаныбыздагы столдогулар официантты чакырып «силер эмне ресторан болбой, багытыңарды өзгөттүңөрбү» деп сурашты. Албетте, бизди айтып жатат да.

Ал күнү айылдан жаңы эле келгенбиз. Тайкелерибиздин жаназасында кызматта болчук. Жолдон ачка болуп, шаарга кирерибиз менен эле тамактанып алалы деп кафеге киргенбиз. Кафе эмес, ресторан экенин кайдан билдик. Кеч кирип калган да эле, жакындан жарытарлык эч нерсе таппай койгонбуз.

— Бизде европалыктардын тамагы, манты, шорпо жок.

— Чай менен салат алып келчи анда.

— Макул.

Официант жактырбай басып кетти. Келинчегим кетели дейт. Мен көшөрүп аягына чейин отурууну чечтим. 

Тамактарды алып келди. Тарелкалар өзгөчө кооз. Үйдө дагы мындай идиште ичпейбиз. Дасторкон аппак. Колуңду тийгизгенден коркосуң. Эмнеге мындай сулуулукка өзбүздү татыксыз деп эсептедик? Эмнеге?

Экөөбүз түн ортосу ээрчишип бараттык. Үнсүз. Келинчегим айды карап терең үшкүрүп коет. Ага мен кошулам. Бир маалда, «кел өзгөрөбүз» дедим. Ал түшүнбөдү. «Эмкиде ошол ресторанга таптакыр башкача адам болуп барабыз» дедим. 

Жылдар өттү. Экөөбүз тытынып иштеп чоң там салдык. Кооз идиштерди алдык. Балдарды мыкты мектептерге бердик. Үстү-башыбызды ондодук. Анан бир күнү ээрчишип баягы ресторанга бардык. Тилекке каршы, жабылып калыптыр.

Билесиңерби, мен ал күнгө ыраазымын. Ошол ресторанга кирип, адамдардан ошондой мамиле күткөнүмө ыраазымын. Бул мага чоң бир түрткү болду. Эгер ал күн болбосо, биз дагы сулуулукка татыктуу экенибизди, шылтоо издебей иштесек алар жеткен нерсеге деле жете аларыбызды билбей кала берсек керек.

Балким, ордубузда башкалар болсо ого бетер тагдырына таарынып чыгып кетмек. Биз антпедик, келинчегим экөөбүз жөн гана ыраазы болдук. Ал күндү сабак катары кабыл алдык. Силер дагы өнүккүлө деген белги катары кабыл алдык. 

Бир гана нерсе айткым келди, адамгерчиликти сактап калалычы. Убагында кыйналгандар бизге окшоп бир күнү өзгөрүп кетет. Ал эми убагында чардагандар бир күнү ошол ресторанга окшоп жабылып калат. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Университет менен келишим түзүп жатканда буларга көңүл буруңуз. Студентке кеңеш

Университет менен келишим түзүп жатканда буларга көңүл буруңуз. Студентке кеңеш

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.