Билесиңби.KG
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
  • Бардык макалалар
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Билесиңби.KG
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
  • Бардык макалалар
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Билесиңби.KG
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кантип алып баруучу болсо болот?

Кантип алып баруучу болсо болот?

22 июля, 2026
Окуу убактысы: 1 мин окуу
586
БӨЛҮШТҮ
3.3k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Жагымдуу коңур үндүү жаш алып баруучу Айзада Жамгырчиева алып баруучу болууну каалаган өспүрүмдөрдүн суроосуна жооп берди.

Алып баруучу болуу үчүн кайсы адистикти тандасам болот?

  • Элдин баары эле алып баруучу боло бербейт. Жараткан төрөлгөндөн тартып кандайдыр бир өзгөчөлүк берет. Ошол өзгөчөлүк менен каалоого ылайыктап кесип тандасаңыз жаңылбайсыз. Эгерде сизде алып баруучулукка жөндөм болсо, журналистика кесибин тандаңыз.

Алып баруучу болгум келет. Сөзсүз сулуу болушум керекпи?

  • Билесизби, алып баруучу үчүн жан дүйнөнүн, билимдин келбети маанилүү. Анткени экрандан сенин көрөрманың “айиий кандай сулуу кыз” деп бир нече гана убакыт көңүл бурушу мүмкүн. Жан дүйнөнүн, баш казандын сулуулугун толтуруу өтө кыйын. Ошол себептен келбет өтө маанилүү эмес. Азыркы учурда макияж менен сулуулукту жасап койсо болот.

Университетте окубай туруп алып баруучу болсом болобу ?

  • Биринчиден, жан дүйнөңүздө каалоо болсун. Баардык тоскоолдуктарга чыдап, ысыгына күйүп, муздагына тоңо турган абалда болсоңуз кесибиңиздин мөмөсүн аласыз. Алып баруучу болуу үчүн окуу жай сизге билим тартуулайт, ашык билим баш жарбайт. Бирок, практика көрсөткөндөй журналистиканы бүтпөгөн айымдар дагы алып баруучу болуп иштеп жүрөт. Андыктан бул нерсени ар бир адам өзү чечет.

Үнүмдү кантип туура таптасам болот?

  • Үндү таптоо боюнча сизге так бир багытты көрсөтө албайм. Ал үчүн атайын көнүгүүлөр, этаптар, тепкичтер бар. Эң негизгиси вокалдык сабакка барыңыз.

Алып баруучу болуп көп акча тапса болобу?

  • Алып баруучу болуп “миллионер” болом десеңиз жаңылышасыз. Көп акчаны тойлордон, иш-чаралардан тапса болот. Бирок ал чыныгы журналистикага жатпай калат.

Алып баруучу сүйлөгөндү эле билсе болдубу?

  • Алып баруучу сүйлөгөндөн тышкары, адамдар менен тил табышууну, мамиле түзө билүүнү билиши керек. Сен жакшы сүйлөп, бирок элдер менен мамиле түзө албасаң өсө албайсың. Кыргызда “Жалгыз дарак токой болбойт” деген жакшы сөз бар. Алып баруучу ар тармактуу болушу зарыл.

Сөз байлыгым аз. Алып баруучу боло аламбы?

  • Албетте! Сөз байлыгыңызды экинчи мугалимибиз болгон китептен окуп, байытып алсаңыз болот. Китеп окуунун негизинде жаңы сөз, жаңы идеяга ээ болосуз. Сизге китепти көп окууну сунуштайм.

Өзүм сулуу эмесмин, толукмун дагы. Телевиденияда иштегим келет. Ал жакка фигураңды көрүп кабыл алышабы?

  • Ооба, телевидения алгач сиздин жүзүңүздү карайт. Андан кийин үнүңө, өзүңдү алып жүргөнүңө баа берет. Ушул себептен улам алып баруучулар ар дайым өзүн бир калыпта алып жүрүүгө аракет кылат. Негизи эл алдында жүргөн адамдар өзүн мыкты алып жүрүшү керек. Анткени коомчулук аларды көрүп түзөлөт. 

Урматтуу bilesinbi.kg порталынын өспүрүмү сен кайсы кесиптин ээси болгуң келет? Биз сага туура кесип тандоого жардам беребиз! 0704004608 whatsApp номерине өз оюуңду калтыр.

SummarizeБөлүшүштү234
admin

admin

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

22 июля, 2026
3.6k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

22 июля, 2026
3.4k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

22 июля, 2026
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Кыз ала качуу - кылмыш! Эмне үчүн бул тууралуу балдарга айтуу керек?

Кыз ала качуу — кылмыш! Эмне үчүн бул тууралуу балдарга айтуу керек?

22 июля, 2026
3.3k

Кыргызстанда ала качуу кылмыш экенине карабай, бул адат дагы да болсо жоюла элек. Кыз ала качуу фактылары толугу менен токтомоюн, кыздардын да, эркек балдардын да ата-энелери аларга бул...

Кийинки макала
Саякатта акчаны кантип үнөмдөсө болот? Саякатчыдан лайфхак

Саякатта акчаны кантип үнөмдөсө болот? Саякатчыдан лайфхак

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

22 июля, 2026
3.4k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

22 июля, 2026
3.4k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
  • Бардык макалалар

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.