AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Канча жаштан баштап жыныстык катнашка барса болот? Сексолог айтып берет

Канча жаштан баштап жыныстык катнашка барса болот? Сексолог айтып берет

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Саламатсызбы. Канча жаштан баштап жыныстык катнашка барса болот?

Bilesinnbi.kg сайтынын редакциясына ушундай суроо келип түштү. Ага жооп алуу үчүн сексолог Наталья Ивахникке кайрылдык.

Адам өзү эле сексуалдуу жан

Ал ар дайым рахат алууга умутулуп келген. Көпчүлүк кичинекей кезинде эле жыныстык органдарын кармалап, бул нерсе жагымдуу экенин түшүнүшөт. Өспүрүм куракта сексуалдык кызыгуу, сексуалдык фантазиялар пайда боло баштайт. Бул нормалдуу көрүнүш жана сексуалдык өнүгүүнүн этаптары болуп саналат.

Физикалык жактан даяр, психологиялык жактан даяр эмес

Физиологиялык жетилүү 12 жаштан башталат. Бул учурда гормондор оргуштап, денесине түк өсөт, эркек балдарда түнкү поллюциялар пайда болот, кыздардын төшү өсүп, этек кири келе башайт. Физикалык жактан өспүрүм бала жыныстык катнашка даяр көрүнгөнү менен психологиялык жактан жетиле элек.

“Переходный возраст” деп эмнени айтат? Ал кандай болот?

Психологиялык жактан жыныстык катнашка адам 18 жашка чыкканда даяр болот.

Кыргыз Республикасынын мыйзамында 18 жашка чыга элек өспүрүм менен жыныстык катнашка барса, жашы жетиле элек бала менен секске баруу беренеси боюнча жоопко тартылат.

Эгер 18ге толо элек өспүрүм курактагы уулуңуз же кызыңыз болсо сөзсүз жыныстык жыл аркылуу жугуучу оорулар тууралуу жана мөөнөтүнөн эрте кош бойлуулук жөнүндө айтып бериңиз.

Өспүрүм балдар үчун дагы бир маанилүү эскертүү!

Убакыттын өтүшү менен сексуалдык кыялданууларды реалдуу өнөктөш менен ишке ашырууну каалайт. Бири-бирин жактырып, сүйлөшүп жүргөн кыз-жигит бар дейли. Алардын бири 16 бири 17 жашта. Бир канча убакыттан бери экөөнүн тең каалоосу жана макулдугу менен жыныстык катнашка барып жүрүшөт, кош бойлуулуктан жана жыныстык ооруларды жугузуудан коргоочу каражаттарды колдонушат.

Төшүңдү эркек балдарга карматсаң тез чоңоебу? Эксперт жооп берет

Бирок экөөнүн бири 18ге толгондо накта көйгөй башталышы мүмкүн. Себеби 18ге толгон адамга жашы жете элек 17 жаштагы өнөктөшү менен жыныстык катнашка барды, деген күнөө коюлушу мүмкүн.

Канча жашта болбоңуз секс эки тараптын макулдугу менен болууга тийиш

Психологиялык жактан жетилгенден кийин секске баруу кийинки жыныстык катнаш тууралуу түшүнүккө толугу менен таасирин тийгизет.

Себеби сексуалдык травма алган киши узак убакытка чейин психологиялык жактан жабыркайт.  

Айрымдар жөн гана эмоцияоналдык жакындыкты каалоо, кучакташуу, өбүшүүнү сексти каалап жатам деп адаштырышат. Же болбосо, эркек балдар теңтуштарынын арасында “крутой” көрүнгүсү келет. Ал эми кыздар жигитине жок, деп айтуудан тартынып, же анын көңүлүн калтырып, таарынтып албайын деген ой менен кошулууга макул болушат.

Жыныстык жашоо башталганда «угрилер» кетет деген чынбы? Гинеколог жооп берет

Өспүрүм балдардын психикасы жетишээрлик деңгээлде жетиле элек. Секске өзүң чынында даяр болуп, анын кооптуу жактарын эске алып, өзүңдүн-журум-турумуңа толугу менен жооп берүүгө даяр болгондо гана баруу керек.

Эң негизгиси, ден соолукка сак болуу жана башка бирөөнүн каалоосу менен эмес, чындап өзүңдүн каалооң жана эркиң менен баруу!

Сексолог Наталья Ивахник менен инстаграмдагы @pro0kosmos баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.