AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кайын энем "ушул жашка чыгып биринчи жолу көлгө келдим" деп ыйлады

Кайын энем «ушул жашка чыгып биринчи жолу көлгө келдим» деп ыйлады

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурман айымыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Сүрдүү кайын энемдин биринчи жолу ыйлаганын көрүшүм. Күйөөмдүн айтымында кайын атам каза болгондо дагы, «балдарым коркуп калбасын» деп бир тамчы көз жаш чыгарбаптыр. Өмүр бою билим берүү тармагында иштептир. Кээде окуучулары үйгө акыбалын сурап келип калат. «Сиздин тарбия бизди тартипке үйрөттү» дешип рахматын айтып кетишет. 

Күн ысыкта үйдө эзилип жаткандан тажап кеттим. Анын үстүнө келин болуп келгениме аз эле болгон. Конок тоскондон дагы чарчадым. Эмне кылсам экен деп телефон чукуп жатсам, курбум көлдө жүрүптүр. Эжесинин үйүнө токтогонун айтып, келип кетишимди суранды. 

Дароо кайын энеме чуркап бардым. 

— Апа! Апаа!

— Ой айланайын, баары жакшыбы?

— Кеттик көлгө! Бекер үй чыгып жатат. Жол кире эле төлөйбүз.

— Апей, ал жак алыста. Биздин айыл жердин түбүндө.

— Апа, бат эле жетип калабыз. 

Болбой жатып макул кылдым.  Күйөөмө үй-жайды дайындап таң эрте чыгып кеттик. Сегиз сааттан ашык жол жүрдүк.  Кайын энемуктап калган. Бир маалда көлдүн кыры көрүндү. Ойготсом, терезеден көзүн албады.

Курбумдун үйүнө барып, сумкаларыбызды таштап, көлгө жөнөдүк. Кайын энем чуркап барып ийиле суусун алып, жүзүн жууп, ыйлап жиберди.

— Апа, баары жакшыбы?

— Жакшы, кызым, жакшы. Биринчи жолу жанынан көрүшүм. Ушул жашка чыгып биринчи жолу көрүшүм. Балдар, жумуш деп жүрүп кантип карыганымды сезбедим. Турмуш мени сүрдүү, катаал кылып койду. Антпесем жалгыз бой эне катары кыйналмакмын, бирөөгө жемимди жедирмекмин. А чынында мен назик элем. Элдин менден коркуп турушканын көрүү мен үчүн оор. Эх…

— Апа, буйруса жыл сайын келип турабыз. Мен алып келип турам. Сөз берем. Сиз кайгырбаңыз. Жүрүңүз бир түшүп чыгалы.

Сүрдүү кайын энем жаш баладай жыргады. Күн сайын барып түшөбүз, балмудак жейбиз, кайыкка отурабыз дегендей. Эч нерседен баш тарткан жок. 

Күйөөм «мынча капкара болуп келдиңер» деп тосуп алды. Кийимдеримди ордуна салып жатам кайын энем келип, билерик берип, «рахмат кызым, мени башкача бактылуу кылдың» деп чыгып кетти. Өзгөчө кооз билерик экен. Күйөөм колуман билерикти көрүп, чоң таенесиники экенин айттым. 

Ошентип, жөнжерден кайын энемдин ыраазычылыгын алдым. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
"Бул жабдууну алгандан бери суугат иштери илгериледи". Дыйкан менен маек

"Бул жабдууну алгандан бери суугат иштери илгериледи". Дыйкан менен маек

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.