AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кайын энем тун небересине ат коюудан баш тартты

Кайын энем тун небересине ат коюудан баш тартты

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурман айымыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Боюмда бар экенин билгенден кийин бактыбыз койнума батпай калды. Күн сайын уктар алдын күйөөм экөөбүз аттарды карап чыгабыз. Ал кызга издесе, мен эркек балага. Жаккандарын өзүнчө тизме кылып жазып коебуз. 

Жумушта отуруп же маршруткада баратып жакшы бир ат угуп калсак дароо бири-бизге чалабыз. Тизмеге кошобузбу жокпу кеңешип, бир чечимге келебиз. Баары кайын эжем келгенден кийин өзгөрдү.

«Ай, тун небересинин атын чоң апасы же чоң атасы коет. Экинчисин тайлары, эң акыркысын, анда дагы чоң энелери макул болушса, силер коесуңар. Андыктан убактыңарды текке кетирбегиле.»

Күйөөм экөөбүздүн маанайыбыз түшүп калды. Балабызга атты өзүбүз кое албайт турбайбызбы… Унчукпай тизмени шкафка салдык. Көчөдөн жакшы ат уксак, интернеттен көрсөк бири-бирибизге чалбай калдык. Досторубуз ким коесуңар десе, көңүлүбүз түшө ийнибизди куушурабыз. 

Чогуу чай ичип отурганбыз. Кайын энем ат тандадыкпы сурап калды. Экөөбүз тең баш чайкадык.

— Апей ботом, не дейт булар! Эмнеге тандаган жоксуңар?

— Апа, эжем айтты, силер коет турбайсыңарбы?

— Ким? Бизби? Атаң экөөбүзбү?

— Ооба…

— Ай балам, башымды оорутпагыла. Бала силердики, өзүңөргө жаккан атты койгула. Азыр заман башка. Угушум боюнча алда канча сонун аттар бар экен. Небереме заманбап ат койгула. Баланы тогуз ай көтөрүп, толгоосуна чыдаган келиним өзү койсо дагы жарашат. Атаң экөөбүздү аралаштырбагыла. Биз неберебиздин аты эмне болбосун, жакшы көрөбүз. Эжең айта берет.

Сүйүнгөнүмдөн ордуман тура калып кайын энемди кучактадым. 

— Апей ботом, баягыда эле ачык айтпайт белеңер. Биринчисин, экинчисин, кыскасы балдарыңардын атынын баарын өзүңөр коесуңар. Капа болбогула, алтындарым. 

Күйөөм экөөбүз үйгө чуркап кирип тизмени алып чыктык. Экөөбүз тең кайын энемдин атын жазып койдук. Эмнеге болбосун, балким тандап каларбыз. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Он жылдан бери үй жумушчулары татыктуу эмгек үчүн күрөшүп келишет

Он жылдан бери үй жумушчулары татыктуу эмгек үчүн күрөшүп келишет

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.