AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кайын энем небере карагысы келбей турганын айтып ыйлады

Кайын энем небере карагысы келбей турганын айтып ыйлады

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Түн. Дааратканага баргым келип ойгондум. Туруп баратсам күйөөм “коркпойсуңбу” деди. Жок десем, бир “ужас” кинону эстетип, күлүп артын карап жатып алды. Ушул эле жетишпей жатты эле.

Сыртка чыктым. Ай башкача жарык. Сарай жак капкараңгы. Терең дем алсам деле тиги кинодогу “ужас” оюма келе берди. Көздү катуу жумуп, эч нерсени карабай жөнөдүм. Сарайга жеткенде ыйлаган үн угулду. Катып калдым. Коркутум, бирок баары бир кызык болду. Башымды созуп карасам кайын энем отурат.

Кайын энем ак көңүл киши. Эч кимди капа кылбайт. Акырын сүйлөп басып жүргөн адам. Көпчүлүк анын бул сапатынан пайдаланышат. Аларды байкап калсам ачууланам. Кээде уруша дагы кетем. Беш баланын апасы. Бешөө тең үйлөнүп-жайланган. Мен кичүү келинимин. Келгениме жарым жыл боло элек.

— Апа, сизби?

— Аа, Жижи (мени ушинтип эркелетет, өзүмдүн атым Жылдыз), сенби?

— Эмне бул жерде отурасыз.

— Жөн эле, кой үйгө кирейин.

— Апа, мага айта бериңиз, эч кимге айтпайм.

Бир саамга унчукпай турду. Кайра ордуна барып отурду.

— Неберелеримди жакшы көрөм. Чынын айтканда балдарыма караганда көбүрөөк жакшы көрөм. Бирок, аларды бакканга алым жок. Ушунча жыл балдарымдын түйшүгү менен жүрдүм. Алар чоңойгондон кийин бир аз да болсо эс алам деп ойлогом. Андай болбоду. Кызым төрөп, “апа, мына караңыз”, уулумдарым балалуу болуп “апа, мына караңыз” деп балдарын алып келип таштап коюшат. Эң өкүнүчтүүсү мен каалаймбы же жокпу сурашпайт. Оюмду билишпейт. Мени алардын балдарын карап берүүгө милдеттүү катары көрүшөт. Карасам дагы ыраазы болушпайт, жактырышпайт. Өз балдарын өздөрү карагандан качышат. Баланын баладай түйшүгү болот. Ар бир ата-эне муну өз жон териси менен сезе билиши керек. Аттиң… А мен неберелеримди ээрчитип алып балмуздак алып берип, базарга алып барып кийим алып берип, үйгө келсе эркелетип гана убакыт өткөргүм келет. Аз калган өмүрүмдө жайбаракат эс алып жашагым келет. Мени эч ким түшүнбөйт. Карай албайм десем таарынышат. Анан алардын көңүлүн кыйбаш үчүн…

Ыйлап жиберди. Кечээ кайын эжем апама чалып үч баласын таштап кетерин айтып жаткан. Ачуум келди.

Кайын энемдин жанына отуруп кучактасам токтобой ыйлап кирди. Кичинекей кемпирди мынча капалантышты. “Апа, мындан ары өзүңүз каалагандай жашайсыз, “отвечаю”” десем, жылмайды. Экөөбүз үйгө барып ордубузга жаттык. Баса, дааратканага баргым келгенин унутуп деле коюпмун.

Кайын энем эч кимге айтпай эле кой деген. Бирок, бул туурабы же жокпу билбейм, группа ачып туруп болгонун болгондой жазып салдым. Аягында “апама, тийбегиле, силерге керек эмес болсо, мага керек” дедим. Баары окушту. Бир дагы унчуккан жок. Көп өтпөй төрт баласы үйгө келип калыптыр. “Апа, бул жолдомо биздин атыбыздан, эс алганга убактыңыз келди” дешсе болобу. Сүйүнгөнүмдөн кайын энемди кучактап жибердим. Кайын энем башкача жылмайды. Чогуу отуруп чай ичтик. Балдарын узатып жатып неберелерине деп катып койгон конфеттерин берди. Жанымда кайын эжем турган. Мени карап акырын “рахмат сага” деп  койду.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Эркек төрөбөгөнү үчүн кетирген эжемдин кайын энеси жалдырап келди

Эркек төрөбөгөнү үчүн кетирген эжемдин кайын энеси жалдырап келди

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.