AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кайын энем менен кайын сиңдим үйүмдү таанылгыс кылып коюшуптур

Кайын энем менен кайын сиңдим үйүмдү таанылгыс кылып коюшуптур

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш келиндин катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, өздүк булактардан алынды! 

Бул мен жаңы келин болуп келгендеги окуя. Ошондон кийин гана кандай кайын энеге туш болгонумду түшүнгөм.  

Жаз. Ноорузга белгилеп тун уулубуздун тушоосун кесүүнү чечтик. Өзүбүз шаарда турабыз. Айылдан мал алдырттык. Базарга түшүп, конфет, печенье, чуркагандарга деп «приздерди» сатып келдик. Күйөөм экөөбүздүн тең туугандарыбыз айылда. Кол кабыш кылганга киши жок. Той болоор күнү түнү менен боорсок жасадым. Таң эрте туруп алып ичеги-карын арттым. Эки-үч саат уктаганыма байланыштуу, зомбидей эле басып жүрдүм.

Той башталды. Төрт маршрутка болуп айылдан тууган-уруктар келди. Кошуналарды, күйөөмдүн кесиптештерин, атүгүл, коңшу көчөдөгү дүкөнчү Дамира эжени да унуткан жокпуз. Үй толо конок. Бут коерго жер жок. Дасторкон сыртка чейин салынды. Идиштер толтура. Кичинекей балдар жеген конфеттин тышынан жер көрүнбөйт. О кудай-ай, булардын баарын жалгыз качан жыйнап бүтөөр экенмин!

Баш байгеге коюлган козуну кошунабыз Саке байке илип кетти. Аялдарды чуркатсак, эки келин “мен биринчи келдим” деп талаша кетсе болобу. Байбичелер ортолоруна түшүп араң токтотту. Экөөнө тең термос бердик. Айтор, унутулгус сонун той болду.

Кеч кирип баштаганда кешиктерин салып берип конокторду узаттык. Кайын энем менен кайын сиңдим машинага батпай калып, эртеси кетишмекчи болушту. Идиш жуучу каражаттарым жетпей калат деп, баламды коляскага салып алып дүкөнгө жөнөдүм. Анын үстүнө бир аз сейилдеп келбесем уйкудан калган көздөрүмө эрким жетпей калчудай.

Дүкөн үйдөн алыс. Барып келгенге бир сааттай кетет. Менин азыркы темпим менен бир жарым саат. “Үйдү жыйнап алсам эле болду, дароо уктайм” деп кыялданып келаткам. Балам көздү кычыштырып эбак таттуу уйкуга кеткен.

Адашып калган жокмунбу? Бул чын эле биздин үйбү? Таптаза, конок келгени билинбейт. Жадакалса эшикке суу чачылып, шыпырылып калыптыр. Тамдын бурчунда үч баштык таштанды турат. Аң-таң болуп эле үйгө кирип бардым. Кайын энем менен кайын сиңдим жуулган идиштерди сүртүп отурушуптур.

— Келдиңби, бар жатып укта, бутуңда араң эле турасың.

— Апа, бекер убара болупсуз.

— Ошонун убарасы барбы балам, кичинекейиң менен кантип жетишмек элең.

Уйкум ачылып кетти. Чай коюп өткөн-кеткенди сүйлөшүп бир топко отурдук. Анан баарыбыз барып жаттык.

Кайын энеме абдан ыраазы болдум. Анын мындай алтын киши экенин билген эмесмин. Андан бери алты жыл өттү. Эч өзгөргөн жок. Ар дайым аяп турат. Иш жасап жатсаң, “кел мен эле кылайын” деп жаныңа келет. Кээде айтпай эле өзү жасап коет. Апама болгон сыйым күн сайып артып барат. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Атам «тур, үйүңө жөнө» десе, апам “келиниме сүйлөбө» дейт

Кайын энем “эмне ыйлайсың, төрөбөй жүргөн сен эле бекен” деп көзүмдү ачты

Ооруп төшөккө жатып калгандан кийин кайын энемдин ким экенин билдим

Күйөөмө жатыным жок экенин айтсам, берген жообу таң калтырды

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Өспүрүм курактагы кош бойлуулук: тобокелдиктер жана алдын алуу жолдору

Өспүрүм курактагы кош бойлуулук: тобокелдиктер жана алдын алуу жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Адистердин айтымында, акыркы он жылда "сексуалдык дебюттун" жашы төмөндөгөн. "TEENS аймагы" нускамасынын түзүүчүлөрү өспүрүмдөрдө сексуалдык жактан активдүү болууга жөндөмдүүлүк жана каалоо, психологиялык жана социалдык жактан жетилүүгө караганда эртерээк...

Кийинки макала
Бөйрөккө операция жасаш үчүн дененин үч гана жери тешилет

Бөйрөккө операция жасаш үчүн дененин үч гана жери тешилет

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.