AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кайын энем менен кайын энесинин мамилесин көрүп таңкалдым

Кайын энем менен кайын энесинин мамилесин көрүп таңкалдым

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Башкы беттеги сүрөттүн окуяга тиешеси жок. 

Бүгүн мен үчүн аябай маанилүү күн. Болочок кайын энем менен таанышам. Анан жигитим ата-энем таанышат. Анан той күнүн белгилейбиз. Ааа, аябай толкунданып жатам. 

Бул күнгө деп атайын көйнөк тиккем. Ооба, мен өзүм тигип кийинем. Бир мактанып алайынчы. Базардагы, дүкөндөгү кийимдерди жактырбайм. Мага ылайыктуу фасон жок. Курбуларым, туугандарым дагы тигип беришимди суранышат. Бирок, мен башка бирөөгө тиге албайм. 

Көйнөгүмдү үтүктөдүм. Чачымды жасадым. Жигитим келди. Чуркап чыктым. «Сулуум менин» деп өптү. Көйнөгүмдү көрсөтүп айландым. Мактады. Жарашып калганын айтты. Жөнөдүк.

Кайын энем менен жигитимдин чоң апасы, анан эжеси келиптир. Чынында кимиси ким экенин башында билбедим. Кайын энем менен кайын энеси курбудай эле тамашалашып, ичишип, каткырып отурушту. Экөө тең бири-бирин тамашалап жөн сүйлөшпөйт экен. Келин менен кайын эне деген тосмо нерсе жок. Чогуу бийлешип, ырдашты. Кандай сонун көрүндү. Суктанып отурдум. Алардын курбусу болгум келди.

Кетип баратсам, мени жигитиме дайындап, этияттап жеткирип кой деп, бетимден өөп, дасторкондо калып калган тамактарды салып берип жөнөтүштү. Үйгө жетип алгандан кийин баары жакшыбы чалып сурашты. Мен бактылуумун.

Той. Кайын энем менен кайын энеси күйөөм экөөбүзгө арнап ыр ырдап чыгышты. Тамашалуу ыр экен. Коноктордун баары күлүштү. «Келинимди капа кылсаң, артында эки балбан» турат дешкен жеринде боорум эзилди. Анан экөө мага деп атайын буйрутма менен тигилген көйнөк беришти. Биринчи жолу, өзүм тикпеген көйнөк жакты. Мен бактылуумун. 

«Ай, жүр кеттик!» Үйдө отурсам экөө келип алып кетишет. Үчөөбүз залга барабыз, дүкөн кыдырабыз, кафеге барабыз дегендей. Сонун апаларга туш болдум. Жашоону ушунчалык жакшы көрүшөт экен. «Эл айта берет, биз жыргай беребиз» деген слогандары жакты. Бир келген өмүрдө ушинтип жашаш керек экен. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын сиңдим эмнеге менин көзүмдү карай албай жатканын билип таңкалдым

Кайын энем кайын атамдан бекинип бир кишиге жолугуп жүргөнүн билип калдым

Күйөөм бул үч кызга массаж жасап берип колун оорутуп алыптыр

Пол жуугандын ордуна башымды жууп баштагандан бери жашоом өзгөрдү

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234
admin

admin

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Өспүрүм курактагы кош бойлуулук: тобокелдиктер жана алдын алуу жолдору

Өспүрүм курактагы кош бойлуулук: тобокелдиктер жана алдын алуу жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Адистердин айтымында, акыркы он жылда "сексуалдык дебюттун" жашы төмөндөгөн. "TEENS аймагы" нускамасынын түзүүчүлөрү өспүрүмдөрдө сексуалдык жактан активдүү болууга жөндөмдүүлүк жана каалоо, психологиялык жана социалдык жактан жетилүүгө караганда эртерээк...

Кийинки макала
"Апам "мен турганда ыйлаба" деген." ЖРТдан өтпөй калган окуучулардын баяны

"Апам "мен турганда ыйлаба" деген." ЖРТдан өтпөй калган окуучулардын баяны

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.