AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кайын атамдын мен үчүн бул кылган жоругун эч качан унутпайм

Кайын атамдын мен үчүн бул кылган жоругун эч качан унутпайм

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурман айымыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Курбуларыма турмушка чыгарымды айтсам сүйүнүшкөн жок. Кайын эне менен кайын ата дегендерди болушунча жамандашты. “Жакшылык кылышса дагы ишенбе, кайра он эселеп чыгарып алышат” деп даярдашты. Мен аларга бекер эле ишенипмин.

Кайын энем “жумуш кылбай эле кой” десе, башкача карайм. Кайын атам “өзүм эле тамак куюп ичем балам” десе башкача карайм. Күйөөм “уктай бер каалашыңча” десе башкача карайм. Ар нерседен шек санап детективдей эле болуп жүрдүм. Чын эле айтып жатышабы же кийин чыгарып алышабы деп ойлоном.

Бир жолу жумуштан кеч келсем, кайын энем тамак жасап, кирлеримди жууп коюптур. Иий, өлдүм дедим. Өзүмдү коерге жер таппай жүрсөм күйөөм келип калды. Эмне кылсам болорун сурадым.

— Жаным, мен сени тааныбай турам. Келгенден бери өзүңдү жай сезбейсиң. Тынч отура албайсың. Бирөө сага бир нерсе деди беле.

— Курбуларым минтип айткан.

— Түшүнүктүү. Жаным, менин атам менен апам сен элестеткендей эмес. Ак көңүл, жүрөгү таза кишилер. Тамак жасабай эле кой, уктай бер десе бейкапар айткандарын жасап жүрө бер. Алар кумурскага дагы жамандык каалабайт. Бирөөлөрдүн сөзүнө маани беришпейт.

— Чын элеби? Чын айтып жатасыңбы?

— Ооба, болду эми, жүр тамак ичели.

Жакында неберелүү болушарын укканда экөө тең жашыды. Кайын энем жер төлөөдөн туздалган бадыраңдарын алып чыгып берсе, кайын атам күн сайын бекитип шоколад алып келип берет. Экөө, аларга кошулуп күйөөм үчөө колумду сууга тийгизбей калышты.

Анализ тапшырганы үйдөн чыгып бараткам. Кайын атам “кол чатырды алып алчы, күн бүркөө балам” десе, “ата, мен бат эле” деп кетип калгам. Жолдо баратсам жамгыр төгүп кирди. Ошондо кайын атамды укпай койгонума өкүндүм. Суу болуп баратсам, атымды айтып бирөө чакырды. Артымды карасам, кайын атам чоң кол чатыр көтөрүп чуркап келатыптыр. “Суук тийет балам” деп жаныма келди.

— Ата, бул кол чатырды кайдан алдыңыз.

— Бозо саткан кошунаныкы. Сурабай алып баса бердим. Анан айтып кечирим сурап коем. Жүр балам, жеткирип коеюн.

Кайын атам экөөбүз бейтапканага барып, кайра чогуу келдик. Жанымда чоң зонтикти көтөрүп, божурап сүйлөп келаткан кайын атамды көрүп абдан ыраазы болдум.

Чындап эле жакшы адамдар бар экен. Мен азыр алардын келинимин. Мен бактылуумун.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Акча тууралуу көптү билем десеңиз бул тесттен өтүңүз

Акча тууралуу көптү билем десеңиз бул тесттен өтүңүз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.