AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кайын атам мен төрөгүчө артыман калбай жүрдү

Кайын атам мен төрөгүчө артыман калбай жүрдү

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурман айымыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

«Ата тим эле коюңуз» десем болбой артыман жүрөт. Өзү жетимиштен ашып калган. Араң басып, оордугуна карабай баштыгымды көтөрүп алат. «Кызым, мага кабатыр болбо» дейт. Кантип кабатыр болбойм.

Биринчи УЗИге барганда дагы кайын атам жанымда болду. Кезекте турган келиндер экөөбүздү таң калып карашты. Ойлоруна эмне гана келген жок болуш керек. Боорум эзилди. Анализдеримдин жыйынтыгын дагы кайын атам алып келип, алып барып жатты. Кыскасы, небереси жарык дүйнөгө келсе, мыкты чоң атасы күтүп турган болот.

Кайын энем менен күйөөм чет жакка кеткен. Жолдор жабылып калганда, экөө тең келе албай калышты. Күйөөм мага, ичиндеги баласына кабатыр болуп бир күндө он жолу чалат. Кайын энем андан телефон талашып, акыбалымды сураганга шашат. Жүрөгүм оорукчан, дарыгерлер төрөт кооптуу болорун айтышткан. Аны үйдөгүлөр билет.

Кайын атам «мен келинимдин жанында болом, силер эптеп жол таап келгиле» деди. Ошентип айткандан баштап жаныман чыкпайт. Жумуш жасатпайт. Талашып жатып араң тамак жасайм. Жөн отурбай картошка аарчып берет. Жаш кезегин эстеп, кайын энемдин жүрөгүн кантип багындырганын айтып берет. Кайын атам кайын энем өзү эле ага тийип алганын айткан. Кайын энем менен сүйлөшүп жатып ушинтти деп күлсөм, боору эзилип калды. Албетте, тамаш экенин түшүнгөм.

Күйөөмдү сагындым. Кээде ага куса болуп ыйлайм. Көзүм кызарып чыкканын көргөн кайын атам жаман болот. Ары-бери басат. Өзүн коерго жер таппайт. Билем, аны дагы убара кылып жатам, бирок өзүмдү кармай албайм калам. 

«Ата!» Ичим ооруганынан бакырып ойгондум. Кайын атам чуркап келди. Тизеси ооруйт. Аксап ары-бери басып кийимдеримди чогулта баштады. Экөөбүз кошуна байцкени ойготуп төрөтканага жөнөдүк. Дарыгерлер мага толтура дары жазышты. Кайын атам чуркап дарыканаларда жүрдү. Таңга маал небереси ыңалап жарык дүйнөгө келди. Мен өзүмдү жоготуп реанимацияга кеттим. 

Турсам жанымда апам отурат. Дароо эле кайын атамды сурадым. Ал небересинин жанында экен. Жүрөгүм тынчыды. Кайын атама абдан ыраазы болдум. 

Азыр чоң атасы менен небереси аябай жакын. Экөө эртең менне эшикке чыгып кетет, кечинде келишет. Чоң атам конокко алып барат, базарга алып барат, айтор, пенсиясын чачып эле басып жүрөт. Күйөөм «бул баланы өзүм карайм» деп ичимди сылап, өөп коет. Анткени, уулубуз чоң атасын көбүрөөк жакшы көрөрүн айтат. Атасы кызганат. Чоң апасы күлөт. Баса, экинчисин күтүп жатабыз. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Ютубдан видео көрүп үйдөн өзүм төрөй аламбы? Гинеколог айтып берет

Ютубдан видео көрүп үйдөн өзүм төрөй аламбы? Гинеколог айтып берет

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.