AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Хижама жасатуу менен коронавирустан айыкса болобу? Кесипкөй адистердин пикири

Хижама жасатуу менен коронавирустан айыкса болобу? Кесипкөй адистердин пикири

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Хижама жасатуу менен коронавирустан айыкса болору тууралуу маалыматтар интернет айдыңдарында популярдуу боло баштады.Чындап эле хижама вирус менен ооруган кишилерге пайдалуубу? Адистердин пикирин төмөндөн окуй аласыз.

КР Улуттук илимдер академиясынын мүчө – корреспонденти, медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргызстандагы кан тамыр хирургиясынын негиздөөчүсү Мамбетакун Намазбеков коронавируста кан чыгаруу ыкмасы жөнүндө айтып берди.

“Биздин ата-бабаларыбыз кандын басымы өйдө көтөрүлүп кеткенде гана хижаманы колдонушчу. Башка ооруларга эч качан пайдаланышкан эмес. Бүгүнкү күндө көрсөтмөсү барбы же жокпу карабай эле, бүт ооруга жасатып жатышат. Эгер адамдын кан басымы 200дөн ашып кетсе жана дарылар жакшы жардам бербей жаткан учурда гана хижама жасаса болот. Анда дагы ишеничтүү жана медициналык билими бар адистерге кайрылуу зарыл.  

Мисалы, бөйрөктүн кан тамыры бүтөлүп калып, кандын басымы көтөрүлүп жатат дейли. Мындай учурда хижама эч кандай жардам бербейт. Себеби бул жерде горманалдык бузулуу болуп жатат, кан чыгарасыңбы же жокпу, пайдасы жок. 

Коронавируста хижама жасатуу негизи туура эмес!

Хижаманы кайсы убакта колдонуу керектиги тууралуу атайын көрсөтмө бар. Мен өзүм бул ыкманы колдонгон бир дагы медициналык кызматкерди көргөн эмесмин. Көбүнчө бул менен табыптар, молдолор жана көзү ачыктар алектенишет.”

Ошондой эле, Кыргызстан Аалымдар кеңешинин төрагасы Абибилла Кадырбердиев хижаманын пайдасы жана зыяны жөнүндө айтып берди. Ал өзүнүн Facebook баракчасында хижамага байланыштуу хадистер жөнүндө кеңири маалымат берип, хижама коронавируста эмес, дарылоо методу катары пайдалуу экендигин белгиледи. Ошондой эле ал бул процедураны жасатууда ишенимдүү адистерге барууга үндөдү.

«Андан тышкары, хижама жасоодо колдонулган заманбап шаймандардын коопсуздугу тууралуу далилдер жок. Келгиле, көйгөй жаратпайбыз жана өзүбүздүн ден соолугубузду ар кимге ишене бербейбиз»,- деди ал.

Анын айтымында, хижама жасаган заманбап аппараттардын жана тажрыйбасыз адистердин айынан оорулуу шал болуп калышы мүмкүн.

Дарыгерлер медициналык билим бар адистен кеңеш албастан туруп, адам процедураны өз билемдик кылып жасатса өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунуч туудурушу мүмкүн экендигин эскертет.

«Эгерде бир ыкма кандайдыр бир ооруга жардам берсе, анда ал башка ооруга каршы натыйжалуу болот дегенди билдирбейт. Хижаманы өз алдынча уруксатсыз жасоо ден-соолукка чоң зыян алып келиши мүмкүн. Коронавируска чалдыкканда канды суюлтуучу препараттар ичилет, мындай учурда хижама жасатуу кансыроого алып келиши мүмкүн. Андан тышкары, хижама кандай шартта жасалганын, ийнелер канча жолу колдонулгандыгын ж.б. билбейбиз», — дейт дагы бир терапевт.

Эгерде стерилдүүлүк сакталбаса, анда башка коркунучтуу оорулар жугушу мүмкүн.

Бул маалымат kaktus.media сайтынан алынды.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Коронавирус тууралуу дагы бул жерден окусаңыз болот:

Учурдагы оору курч респиратордук вирустук инфекция эмес, бул коронавирус

Коронавирус: профилактика, симптомдору, дарылоо жолдору 

Коронавирус аныкталса, бирок өзүңүздү жакшы сезип жатсаңыз, демек бул…

Ичимдик ичүү коронавирустан сактайбы? COVID-19 врусу тууралуу миф

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Англис тилин үйрөнүү үчүн мыкты тиркемелер жана сайттар

Англис тилин үйрөнүү үчүн мыкты тиркемелер жана сайттар

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.