AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Группалашыбыз аудиторияда осуруп койгон. Студенттик күндөрдөгү күлкүлүү окуялар

Группалашыбыз аудиторияда осуруп койгон. Студенттик күндөрдөгү күлкүлүү окуялар

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын студенттик күндөрүндөгү күлкүлүү окуялары менен бөлүшүүнү чечти. Эгер сизде дагы эсиңизде калган позитивдүү окуя бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

«Мосттон» токтоп коюңуз

Кыштын күнү болчу. Таң эрте сабакка жөнөдүм. 107 деген марштуркага отурам деп, 127ге отуруп алыпмын. Карасам башка жакка бурулуп кетип баратат. “Мосттун” үстүнө жеткенде токтоңуз дептирмин. Айдоочу байке, “бул жерде эмне кыласың, эч нерсе жок”,- деди. “Ишим бар”,- деп түшүп кеттим. Маршрутканын ичиндегилер күлүп жиберишти. eliza.samat.k

Жаман башчы

Бир жолу агай «силер аябай жалкоосуңар, окубайсыңар, бири-бириңерди колдобойсуңар»,- деп жатпайбы. Анан «кыргызда, башчысы кандай болсо, эли да ошондой болот деген сөз бар»,- десем, кызарып калганча эзилип күлгөн. bermetka__k

Англисче ыр

Англис тили кафедрасы «Thanks giving Day» өткөрүшө турган болуп, мага англисче ырдап бересиң деп тапшырма беришкен. 3-4 күн жаттап, кайталап даярданып отуруп ошо күн келди. “Please for give me” деген ыр болчу. Сахнага чыгып ырдап атып, биринчи куплеттен кийин текстин эстей албай калып өлө айландыргам аралыштырып. Же ыр бүтпөйт, жарымында ийилип чыгып кеттим. mamashov_bk

Уйкучу дос

Лекциянын аягында мугалим баштан өткөн окуяларын айтып берип жаткан. 3-4 парта ары отурган группалаш дос уктап калыптыр. Тыныгууну күтүп калдык. Мугалим окуясын айтып бүтүп столдогуларын салыштырып баштаганда, тынч аудиториядан «дыыырррт» деди го, баары жарылды. Алдыдагылар аркасын карашып келгенде байкуш чочуп ойгонуп кетти. Мугалим дагы “боло берет”,- деп кошо күлгөн. muz4you

«Переспала»

Шаарга биринчи жолу барып жаңы окууга тапшыргам. Бир ай тынбай сабакты калтырбадым. Анан сентябрдын акыркы жумасында уктап калып барбай калдым. Кийин биринчи күнү “эмне деп айтам”,- деп коркуп жатам.  Бирөөдөн уккам “проспала”,- деш керек экенин. Анан мен аны “переспала”,-деп айтып алгам. Аудиториядагы 30 студент бүт мени карайт го, “нб” кылган эже таң калып караган. bektemirova__a_

Төрт тентек

Студентик кезде сонун күндөр өткөн. Жатаканада жашачубуз, 4 кыз бир бөлмөдө. Биринчи курс элек, аябай эле тентек экенбиз азыр эстесем. Окууга алыстан келгенибизге байланыштуу, тамак аштан кыйналчубуз. Бөлмөдөгү кыздар менен эмне кылаарыбызды билбей, ашканага барып чоң курстардын тамактарына туз, сахар анан пиязды кеспей салып кетип калат элек. Анан айнекти ачып тазиктеп суу чачканбыз, көчөдөгүлөргө, ал сууну дагы студенттик кеңештин мүчөлөрүнө чачыппыз. Бөлмөбүзгө келип төртөөбүздү аябай урушкан. Ал аз келгенсип ак баракка “бул комнатада коендор жашайт” сыяктуу жана башка жаныбарларды жазып, ар бир бөлмөгө чаптап чыгат элек. Ойлосом сонун эле күндөр өткөн. Он 18 жыл болуптур. Сагындым студентик күндөрдү, сүйүүнү. Эх…. samakadyrova

Май баштар

Завучубуз Султан деген агай эле ,жакшы окуган кыздарды сүрөткө түшүрүп тактага илишмек «үлгүлүү окуучу «деп. Кыздар ал күнү таранып, боенуп келсек агай жок, эртеси фотограф жок, үчүнчү күнү саксайып келсек азыр түшмөй болуп калдык. Кыздар “биз бүгүн башыбызды жууган жокпуз”,- деп агай менен урушканда, “май баштар, кундө эле жууп келбейсиңерби” дегенин азыркыга чейин эстеп күлө берем. nurperishka_98

Катуу ооруган кыз

Менин студенттик күндөрүмдүн биринде биринчи парга кеч баргам. Ал убакта мугалимибиз келбей, сабакка башка эле практикант агайды жибериптир. Ал сабак өтөр алдын ким келди, ким келбеди белгилеп жатыптыр. Анан группалаштарым мага «нб» койдурбаш үчүн, «агай, ал катуу ооруп калыптыр» дешиптир. Мен 30 мүнөт кечиккеним аз келгенсип, жаш агайды көзгө илбей кирип баратсам группанын баары күлүштү. «Саламатсызбы»,- деп, төргө отуруп алдым. «Бул кыз ким? Сен адашып калбадыңбы?» деди. Аты-жөнүмдү айтсам, «сени аябай катуу ооруп жатат дешпеди беле» дейт. Анан сөз таппай калсам, доскага чыгарып алып кечке эсеп чыгарткан. Ошол параны мен жыйынтыктадым го чиркин. jashoo_bul_synoo_

Тоналка

Мен студент кезде, окуганча ТВда эртең мененки кутман таңды алып барчумун, Ошто. Эфирден чыгып биринчи паранын жарымына кирип барчумун. Маршрутта элдин баары караса ойлопмун “ТВга чыккан бала”,-деп карап жатышат депчи. Парага кирип барсам эле эжеке, “ии, саарлап жасанып боюнуп, тоналканы азырак койсоң боло, билинип калыптыр”,- деп эсти оодарган. Көрсө гримди өчүргөндү унутуп калган экенмин. eldosum_kg

Шпаргалка

Эх, ошол күндөр. Жайкы сессия. Экзаменге кирдик, алдын ала шпаргалка жазганбыз. Өллө гармошка кылып. Бир кызыбыз отурду билет алып, аудитория ысык. Айнектер ачык эле, бир маалда “пыррр” этип эле бир нерсе болду. Баарыбыз карасак баягы кызыбыз шпаргалкасын карап жатып учуп кетсе болобу. Агай болуп алып күлдүк. arsn2016

10 сом

Бир күнү курсагым ачып, болгон акчама тамактанып алдым. Пара бүткөндөн кийин, 40 студенттин биринен он сом сурап үйгө кетип калам деп ойлогом. Пара бүттү. Мен акча сураганды унутуп коюп кетип баратыпмын. Группалаштарымды издеп баштадым. Эч ким жок. Ары-бери бассам дагы тааныш чыкпайт. Анан бир группалашымды көрүп калып чуркадым. Эртең берем деп он сом сурасам, жыйырма сому бар экен. Он сомун мага бермей болуп, акчаны майдалатканы дүкөнгө бардык. Жол боюнда стол коюп чупа-чупс, тамеки сыяктуу айда-чүйдө саткан эжеге барсак, “майда жок “ десе, тиги группалашым, “анда монет кылып бериңизчи” деп коет. urai1595

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден “Шымыңа сийип алгыча ичипсиң, абайлабайсыңбы!”, — деп күйөөсүн урушкан келиндин, жана башка окурмандарыбыздын күлкүлүү окуяларды окусаңыз болот.

Лошади, бараны, коровы и маленькие коровы. Мигранттардын кызыктуу эскерүүлөрү.  

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Ата-энеси мигрант болгон өспүрүмдөр үчүн психологдун кеңештери

Ата-энеси мигрант болгон өспүрүмдөр үчүн психологдун кеңештери

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.