AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Гинекологдон сурагандан уялган 7 суроого жооп

Гинекологдон сурагандан уялган 7 суроого жооп

9 мая, 2019
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Сексуалдык ден соолук жөнүндө билгиси келген, бирок гинекологдон сурагандан уялган айымдар үчүн пайдалуу маалымат.

1.  Эмне себептен жыныс мүчөдөн жел чыгат?

Гүлзина Мадраимова, акушер-гинеколог

Төрөттөн же кандайдыр бир жаракаттан улам, жыныс кыны кеңейип кетсе, жыныс мүчөдөн жел чыгат. Бул оору эмес, болгону жыныстык катнаш учурунда ыңгайсыздык жаратышы мүмкүн. Ал үчүн гинекологго барып анализ тапшырып, канчалык кеңейип кеткендигин аныктап, сезгенүү бар болсо дарылап, гимнастика кылуу керек.

2. Эрозия болсо бойго бүтпөйбү?

Раушан Джумагулова, акушер-гинеколог

Эрозия тукумсуздуктун себеби болушу мүмкүн эмес.  Жатын моюнунун жарасы (эрозия шейки матки) —  көпчүлүк учурда кандайдыр бир травма алгандан кийин пайда болгон жаракат. Эрозия –  бул бир типтеги клеткалардын башка түрүнө алмашышы. Анын пайда болуу себептери:

  • Тукум кууйт;
  • Механикалык же химиялык жаракат алуудан улам;
  • Гормоналдык фондун өзгөрүшүнөн улам;
  • Инфекция киргенден улам пайдо болот.

Эрозияны өз алдынча аныктоо өтө оор. Суюктук бөлүнүп чыгат, жыныстык катнаштан кийин кан аралаш суюктук бөлүнөт. Ичтин ылдый жагы билинер-билинбес тартып оорутат. Бирок, адатта, эрозия эч белгисиз болуп, гинекологго көрүнгөн учурда гана аныкталат. Ошондуктан жок дегенде жылына 1 жолу профилактикалык кароодон өтүп туруу зарыл.

3. Жыныс кыны эмне себептен кургап кетет?

Гүлзина Мадраимова, акушер-гинеколог

Негизи жыныс кыны климакстын алдында кургап баштайт. Себептери абдан көп:

  • Энелик безин алдырган болсо
  • Эндометриоз
  • Жыныстык жол аркылуу жукчу инфекциялар
  • Вагинит
  • Герпес
  • Начар иммунитет
  • Стресс, депрессия
  • Туура эмес тамактануу
  • Гормоналдык бузулуу
  • Ар дайым чарчаңкы абалда жүрүү ж.б.

4. Менструалдык цикл эмнеден улам бузулушу мүмкүн?

Бактыгүл Абдраманова, гинеколог

Менструалдык циклдын бузулуусу «гиперэстрогенемиянын» эсебинен болушу мүмкүн. Ошондой эле «жумурткалардын поликистозу» деген нерсе да бар. Бейтапты көрүп текшермейин бир нерсе деп айтууга болбойт.

5. Спираль салдырса да бойго бүтүп калабы?

Раушан Джумагулова, акушер-гинеколог

Жатындын ичине салынуучу спираль бойго бүтүп калуудан 100% сактайт деп кепилдик берүүгө болбойт. Башкача айтканда, туура эмес орнотулса же ордунан жылып калса бойго бүтүп калышы мүмкүн. Этек кир кечигип жатса (спираль болгон күндө да) тест алып текшерип көрүү керек. Андан тышкары УЗИге түшүп, кандын ХГЧ анализин тапшыруу сунушталат.

Эгер бойго бүтүп калганы тастыкталса, айым төрөйм деп чечсе, спираль алынбайт. Себеби кан кетүү (кровотечение), анын натыйжасында бойдон түшүп калуу коркунучу жогору. Спиралы менен бойго бүтүп калганда, кош бойлуулук кадимкидей эле өтө берет, болгону бойдон түшүү коркунучу 2-3 эсе жогорулайт.

6. Кыздык белгиден канча өлчөмдө кан чыгышы керек?

Бактыгүл Абдраманова, гинеколог

Кыздык белгиде мынча өлчөмдө кан бөлүнүп чыгыш керек деп эч бир жерде жазылган эмес, белгилүү бир нормасы жок. Ар бир айымда ар кандай өлчөмдө бөлүнүп чыгат. Айта кетейин, айрым кыздардын кыздык белгиси айрылганда кан чыкпай да калат.

7. Эки буттун ортосунан кумарга батса бойго бүтпөйбү?

Гүлзина Мадраимова, акушер-гинеколог

Бул кошулуу ыкмасын «петинг» деп коёт. Петтинг — эрогендик зона аркылуу кумарлануу, өбүшүү, кучакташуу, сыйпалоо аркылуу жүрөт. Бул учур маструбация менен жыныстык кошулуунун ортосунда болуучу нерсе. Петинг учурунда кыз кош бойлуу болуп калышы мүмкүн. Эгер петинг маалында сактануу каражаттарын колдонбосо, инфекция жугуу коркунучу бар. 

Урологдон сурагандан уялган 7 суроого жооп

 

SummarizeБөлүшүштү234
admin

admin

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Экинчи аялы экинимди билбей тийип алгам

Экинчи аялы экинимди билбей тийип алгам

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.