AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Гинеколог жооп берет: Төрөбөй жүргөнүмө күйөөм күнөөлүүбү?

Гинеколог жооп берет: Төрөбөй жүргөнүмө күйөөм күнөөлүүбү?

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg долбоорунун 0704 004 608 WhatsApp номуруна келип түшкөн гинекологиялык суроолорго жогорку даражадагы акушер-гинеколог Гүлзина Мадраимова жооп берет.

9 айлык кызымды эмизем. Эки күндөн бери көкүрөгүм ооруп, температурам 38 градуска көтөрүлдү. Ооруган жерим кичине катуу болуп, кызарып калды. Эмне кылсам болот?

— Окурман, сизде “мастит” оорусу пайда болуптур. Мастит бул – эмчектин сезгениши. Ал ириң пайда кылуучу микробдун сүт безине кирип кетишинен пайда болот. Мастит менен бала эмизген аялдар айрыкча жаңы төрөгөндөр ооруйт. Эмчекти туура эмес саап, өздүк гигиена эрежелерин сактабагандан да болушу мүмкүн. Дарыгерге эртерээк кайрылыңыз. Өздүк гигиена эрежелерин сактаңыз.  

Пролактин 1524 болуп чыкты, эмне кылсам болот?

— Пролактиндин көрсөтмөсү бийик экен. Катуу стресс же горманалдык бузулуу буга себеп боло алат. Норма катары кош бойлуу кезде же бала эмизүүдө болушу мүмкүн. Дарыгерге кайрылганды унутпаңыз. 

Бир жарым айлык кош бойлуумун. Сасык тумоолоп калдым жана токсикозум аябай катуу. Эмне кылсам болот?

— Кызым, бир жарым айлык убакта түйүлдүк жаралып, куралып баштайт. Эртерээк састымоону алдын алуу керек. Дайыма мурун көңдөйүңө «оксолин» майын сүйкөп жүр. Азыр болсо малина менен ысык чай ичип терде. Тамагыңды туздуу суу менен бат-бат чайкап тур.

Бала эмне үчүн ичтен өлүп калат? Себептери

Мен 24 жолдошум 29 жашта. Турмуш курганыбызга 2 жыл болду. Кантип балалуу болобуз? Күнөө күйөөмдө, бирок дарыланып жатат. Сыгылып ыйлай берчү болдум.

— Жолдошуңдун ден-соолугундагы көйгөйлөрдү чече баштапсыңар. Бул абдан жакшы. Дарылануудан кийин сперманын анализи алынып, текшерилгенден кийин так диагноз коюлат. Сага сабырдуулук каалайм.  Дарыланууну токтотпогула! 

Тест салсам 2 сызыктын бирөөсү чала кызыл болуп чыкты. Ичим  айыз келгенде ооругандай ооруп жатат. Коркунучу барбы? Бойдо болгондо ушинтип ооруйбу?

— Окурман, тест кош бойлуу экендигиңди көрсөттү. Ичиң ооруп жатса тезинен гинекологго кайрыл, козголуу болушу мүмкүн. Ден-соолукка кайдыгер мамиле кылган болбойт! 

Көз жарганыма бир жарым ай болду. Дарыгер “эки жерден разрыв болдуң” деген. Дагы эле айрылган жерим айыга элек. Тазалыкка барганда ачышып оорутуп жатат. Кандай ыкма менен эртерээк айыксам болот?

— Гинекологго кайрадан кайрылып тигилген жер кандай абалда экенин бил. Сезгенүү болсо, дайыма ириң ага берсе, тигилген жердин айыгуу процесси көпкө созулат. «Ачышып ыңгайсыздык жаратып жатат» дебей ооруканага бар.

Кош бойлуу аялга кайсы учурда жыныстык катнашка барууга болбойт?

Курбу кызым жардам сураганынан эмне кылышымды  билбей сизден сурап көрүүнү чечтим.  Ал 21 жашта. Кече жигити менен жатып коюптур. “Бирок кыздыгыма тийген жок”, — дейт. Жыныстык жакындык бүткөндөн бир аз өтпөй кан келиптир. Кыздыгы түшүп калдыбы?

— Курбуң үчүн суроо узатканыңа рахмат! Эгерде айызы келе турган убак болбосо, жыныстык жакындыктан кийин кан келсе, кыздык белги айрылып калды.  Так билүү үчүн убакытты өткөрбөй гинекологго барсын. 3-4 күн өтүп кетсе эмне себептен, качан айрылганын айтуу кыйынга турат. Мындайда күтүлбөгөн кош бойлуулук болуп калат, ыкчам контрацепцияны колдонсун.

Алты жарым айлык кош бойлуумун. УЗИге түшсөм суусу кир экен. Эмне кылсам болот? Дарыгерим «эч нерсе болбойт» деди.

— Кош  бойлуулуктагы суунун көптүгү, кирдиги сезгенүүдөн болот. Састымоолоп ооруган жоксуңбу? Гинекологдун көзөмөлүндө ВУИге (жатын ичиндеги инфекцияга) текшерилип, генетиктин консультациясын алышың керек. Эч нерсе болбойт деп олтура берүү кооптуу. 

Бир балам бар. Дагы төрөй албай жатам. Бир трубамды киста болуп алдыргам. Эми экинчи трубамда киста бар экен. Кистаны кантип кетирсе болот?

— Кистанын түрлөрү абдан көп. Инфекциядан, гормондон же тубаса болушу мүмкүн. Сезгенүүдөн толук дарыланып, биригип калган жерлерди дарылаш керек. Күйөөңүздү дагы адистерге көрсөтүүнү унутпаңыз. Дарылоо УЗИнин жыйынтыгына жараша жүргүзүлөт.

Аборт жасатаардан мурун билип алыңыз

Боюмда бар. Үч күндөн бери белим ооруп жатат. Дарыгерим козголуу бар экен деп свеча жазып берди. Ал жардам берген жок. Дагы кимге көрүнсөм болот? Суу чечек (ветерянка) дагы болуп жатам. Кеңеш бериңизчи.

— Кош бойлуулуктун 33-жумасында белиңдин ооруганы вирустук инфекциядан. Сага тез арада инфекционисттин консультациясы керек.

Көзөмөлдөөчү гинекологуң суу чечек болуп жатканыңды билеби? Чоң киши суу чечекти оор көтөрөт. Күчөп башка ооруларды пайда кыла электе тезинен дарыгерге бар. 

Биринчи байлык ден-соолук!

Урматтуу окурман, сизде да көйгөй жараткан суроо пайда болсо bilesinbi.kg сайтына же 0704004608 ватсап номуруна жөнөтүңүз. 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Менин атым Жеки Чан

Менин атым Жеки Чан

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.