// //

Аборт жасатаардан мурун билип алыңыз

2018.11.23, 16:33
4940

Бойго бүткөн бала бул кадимки эле тирүү жан, адам. Болгону биз аны көрбөйбүз, жөн гана сезебиз. Жаңыдан пайда болгон түйүлдүк дароо укмуштуудай тездик менен өсө баштайт жана 1,5 айлык кезинде кадимкидей калыптанып калат. Бойдон алдыруу учурунда бала чоң кишидей эле кыйналат.

Аборт жасатуунун этикалык жагын четке алып салган күндө да башка терс жактары толтура.

Гүлжан Матниязова “Колыбель” кайрымдуулук фондунун директору:

Бир жолу мага 18 жаштагы кыз кайрылды. Телефондон боюна бүтүп калганын айтып, жигитине айтса телефонун өчүрүп кийин номерин өзгөртүп алыптыр. Апасына айта элек экен. Сен алгач дарыгерге көрүн, шартың болбосо мен жардам берейин дедим. Ал макул болуп, экөөбүз чогу доктурга барып УЗИге түштү. Доктур, боюнда бар экенин тастыктап, түйүлдүктүн жүрөгүнүн согуп жатканын угузду. Кыздын көзүнө жаш тегеренип, жаман болуп кетти. Чыккандан кийин, “Кандай чечимге келдиң, баланын өмүрү үчүн күрөшөлүбү”, деп сурасам “ооба эже”, деп гана жооп берди. “Апаң менен сөзсүз сүйлөш, бардыгын түшүндүрүп бер, кечирим сура. Болбосо, мен апаң менен сүйлөшөйүн”, деп айтып экөөбүз коштоштук. Бир жумага жетпей апасы телефон чалып, мага рахматын айтты. Көрсө жалгыз кызы экен. Жаштык кылып, боюнан алдыртып салса, кийин төрөбөй калса эч убакта өзүмдү кечирмек эмес элем деди.

Кош бойлуу экенин жаңы билген кыздарга айтарым: паникага алдырбагыла, ушуну менен жашоо бүттү деп ойлобогула. Болгону сиз жаңылдыңар, эми ошон үчүн жоопкерчиликти мойнуңарга алышыңар керек. Сиздин жашооңуз мурункудай болбойт.

Жигитиңерге айткыла. Эгер ал “билгениңди кылып ал десе”, демек андай адамдын сиздин жана сиздин балаңыздын жашооңордо болбой эле койгону жакшы.

Апаңарга да айткыла. Эне үчүн мындай маалыматты кабыл алуу абдан оор. Албетте башында бардыгы ачууланат. Бирок, кызынын келечектегине, ден соолугуна кабаатыр болгон эне эч убакта аборт жасатууга жол бербейт.

Аборт тууралуу эмнелерди билүү керек:

  • Биринчи жолу бойго бүткөн кыздарга аборт жасоого медициналык жактан да тыйуу салынган. Себеби, организм алгачкы жолу болгон нерсени эстеп калат дагы, ошол эле сценарийди кийинки жолу да кайталап жасай берет. Муну медицинада “адатка айланган бойдон түшүп калуу” (“привычный выкидыш”) деп аташат.
  • Алгачкы жолу бойго бүтүп аборт жасатканда жатынды күчкө салып ачышат (искусственное открытие шейки матки). Натыйжасында кийинки жолу бойго бүткөн күндө да ай күнүнө жетпей бойдон түшүп кала берүү коркунучу жогору.
  • Операция учурунда кандайдыр бир инфекцияга кабылып эндометриоз оорусу менен ооруп калуу мүмкүн. Бул да өз кезегинде тукумсуздукка алып келет
  • Кош бойлуулукту аборт аркылуу токтоуп коюуу аялдын организминдеги гормоналдык бузулууга алып келип, кайра калыбына келүүсү узак убакытка созулушу мүмкүн.
  • Статистикага ылайык тукумсуз деп диагноз коюлган аялдардын 75% биринчи жолу боюна бүткөндө аборт жасатышкан.

Бизде бир жылдан бери ишеним телефондор күнү-түнү иштеп жатат. Боюңарда бар экенин билип, кимге кайрылып, кимден жардам сурарыңарды билбей турсаңар телефон чалгыла. Телефон аркылуу консультация берип, дарыгер таап, ага кайрылууга жардам беребиз.

Ишеним телефондор:

0557 366 157

0777 366 157

0706 366 157

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт